ШУМАХЕРДИН ОРДУН БАСКАН ЛЬЮИС ХЭМИЛТОН

«Формула-1» жарышы 2013-жылы айтылуу немис жарышчысы Михаэль Шумахер кырсыкка кабылгандан тарта экинчи планга калып калгандай. Азыркыга чейин күйөрмандар жарыштарда ким жеңүүчү болгонуна эмес, легендарлуу жарышчынын ал-акыбалына көңүл буруп келишет. Ал эми автожарыштагы сыйлуу орунду бош калтырбай келе жаткан британдык Льюис Хэмилтон учурдун чемпиону саналат.

Толук аты-жөнү
– Льюис Дэвидсон Хэмилтон
Туулган жылы, күнү –1985-жыл, 7-январь
Туулган жери – Стивениж, Улуу Британия
Командасы – Mercedes
Жетишкендиктери – «Формула-1» жарышына 2007-жылдан тарта катышат. Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону (2008, 2014, 2015-жылдар)
Бойдок

ЫЙЫК ОРУН БОШ КАЛБАЙТ

«Формула-1дин» 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер жарышта эмес, үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн кезинде оор жаракат алып калганы белгилүү. Ылдам унааларды башкарып жүргөн «Шуми» лыжаны башкара албай, катуу жаракат алып комага түшкөн. Учурда «Кызыл барондун» ден соолугу жакшырганы менен, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
«Шумахерди урматтаган күйөрмандардын катарына кирем. Анын жарыштарын кызыгып көрчүмүн, ал автоспортко келишиме себепкер» дейт учурдагы «Формула-1дин» мыкты жарышчысы Льюис Хэмилтон. «Мерседес» командасында өнөр көргөзгөн спортчу 2014-2015-жылдары катары менен алдына эч кимди салдырган жок. Шумахердин ордун ээлеген Хэмилтон быйылкы жылы да чемпиондукта лидерлердин катарына кирип, биринчи орун үчүн күрөшүп жаткан чагы. Серепчилер ыйык орунду ээлеген 31 жаштагы спортчу жарыш тилкесинде кыялын көрсөтпөсө атактуу немис жарышчынын көрсөткүчтөрүнөн ашып түшөт деп айтышат.

ЖАРЫШЧЫ БОЛБОСО, ФУТБОЛЧУ БОЛМОК

Льюис Стивениж мектебинде окуп жүргөн кезинде мектептин футбол командасында ойночу. Ал кезде учурдагы «Манчестер Юнайтед» командасынын оюнчусу Эшли Янг менен чогуу топ тепкенин эскерет. «Эгерде жарыштарга кызыгып кетпесем, менден футболчу чыкмак. Мүмкүн, көрүнүктүү клубдардын биринде ойноп калмакмын» дейт. Келечектеги чемпион 12 жашында бир дөңгөлөктүү велосипедди тебүүгө кызыгып, ошондон баштап жарыштарга баш оту менен кирет.
Атасы Гренададан (Кариб деңизиндеги өлкө) келген эмигрант Энтони Хэмилтон уулунун ысымын белгилүү жеңил атлетчи, 4 жолку Олимпиада чемпиону Карл Льюистин урматына арнап койгон. Льюистин ата-энеси 2 жашында ажырашып, 12 жашына чейин апасынын колунда чоңойгон. Энтони жарышууга кызыга баштаган баласынын өнөрүн өөрчүтүүгө болгон салымын кошо баштайт. Картингге жарыштарга түшө баштаган Льюисти каржылоо үчүн атасына бир эмес, үч жерде эмгектенүүгө туура келчү. Атасынын бул аракеттери текке кетпегенин Хэмилтон 23 жашында «Формула-1де» чемпион аталганда көзүнө жаш алып билдирген.

ЖАРЫШТА ӨЗҮ КААЛАГАНДЫ КЫЛАТ

Сырткы келбети кебелбес чемпиондун мүнөзүн көрсөтүп турганы менен, жарышчынын кыялы оор. 2007-жылы Венгрия Гран-присинде «Макларен» командасынын жарышчысы Хэмилтон өз командалашы Фернандо Алонсого жол бошотуп бербей койгондуктан чыр чыккан. Эки жарышчынын ортосундагы чатактын жыйынтыгы Алонсонун башка командага кетүүсү менен аяктаган.
Өзүнүкүн бербеген спортчу жарыш убагында жардамчылары айткан кеңештерди көпчүлүк убакытта аткарбай, өзү каалаган нерсени жасап жиберет. Буга «Мен Шумахердей немис эмесмин, «Мерседестин» немис болгону жетиштүү» деп командасына тийишип тим болот.

ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР ЭМИ БИРГЕ ЭМЕС

2007-жылдын соңунан тарта Хэмилтон спорт жылдызынан тышкары медиа жылдызга да айланган. Ошол учурда «Pussycat Dolls» тобунун ырчысы Николь Шерзингер менен мамиле түзүп, 2 жылдыздын мамилеси ар дайым элдин көңүл чордонунда болуп келген. Таттуу түгөйлөр бир нече жолу ажырашып, кайра тил табышып келишкен. Бирок 2015-жылдын февраль айында Льюис «мамилебиздин аягына чыгышы мен үчүн абдан оор болду» деп жарыялаган.
Учурда Хэмилтон белгилүү ырчы Рианнадан тарта бир катар атактуу айымдар менен мамиледе экендигин жазып келишкени менен, ал көзгө илинген бойдоктордун катарына кирет.

ЭВЕРЕСТТИ БАГЫНТКЫСЫ КЕЛГЕН СПОРТЧУ

  • Жарышчынын алгачкы жарышка түшкөн карт унаасы аукциондо 52 миң АКШ долларына сатылган.
  • Хэмилтон ырым-жырымдарга абдан ишенет. Жарыш алдында гитара ойноодон баштап үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү менен кучакташууну адатка айланткан.
  • Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин кабыл алуусунда болуп, этикетти толугу менен сактабай койгону менен эсте калган.
  • Хэмилтон Малайзиянын Кинабалу тоосуна (бийиктиги 4095 метр) чыккан. Келечекте Эверестти багынтууну көздөп келет.
  • Льюис Хэмилтондун өңү кара тору болгондуктан «Формула-1» жарышы эзели болбогон расисттик каршылыктарга туш болгон.
  • Иниси Николас Хэмилтон да жарыштарга катышып жүрөт.

Хэмилтон чемпиондук жолун картинг трассасында баштаган.


Күйөрмандар "Льюис менен Николь бири-бирине жаралган түгөй" деп келишкен.


Льюис Хэмилтон Улуу Британиянын эң атактуу спортчуларынын бири.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
fadilya2201
2016-11-21 16:06:19
Николь мага аябай жагат
-1
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан