Нияз Абдыразаков музыка жаатында билим албаса да табият берген таланттын арты менен обон жаратып, казакстандык топторго, ырчыларга обон жазып берген жайы бар. Бир тууган агасы Ильяз Абдыразаковдун окуучусу болуп, аны көрүп чоңойгон Ниязды жеке ырчы катары да тааный баштадык.
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 1-ноябрь
Туулган жери – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Репертуарындагы ырлары – «Кайрылбаймын», «Сени сагынганда», «Кыздар, ай», «Таене» жана башкалар
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
– Нияз, «шоу чөйрөнүн казанында кайнап келатканыма 10 жылга чукул болуп калды» деп айтып жүрөсүң. Ушул жылдар аралыгында чыгармачылыкта кандай ийгиликтерге жеттиң?
– Азбы-көппү күйөрман топтой алдым. Айыл жергесине болсо да жеке концерттерди берип жүрөм. Бир гана чыгармачылыгым эмес, жан дүйнөм өзгөрдү. Мурда шоктонуп көп басып, оюн-зооктун үстүндө жүргөндү жактырчумун. Жаман-жакшы сыноолорду башыман өткөргөндөн кийин токтолуп, жакшы адамдардын катарына кошулуп калдым (күлүп). Мурда ырчылыктын пайдасын көрчү эмесмин. Быйыл өзүмө болгон ишеним пайда болуп, талыкпай эмгектенип, үзүрүн көрө баштадым.
– Сени ырчы гана эмес, обончу, аранжировкачы катары да билебиз. Музыка ыргактары кайсы убакта жаралат?
– Мээң чарчабай, жалгыз отурганда жакшы чыгармаларды 2 сааттын ичинде жаратып коё алам. Өзөгүн түзүп койсом эле, обонго «көйнөк кийгизген» 1 жумага созулат.
– Ырчылык карьераң кандай уланып жатат?
– Жаңы клиптерди тартып, Нурлан Насип, казакстандык «Аll Давай» тобу менен дуэт жаздырып жатам. Жакында ырчы Темир Дамирбеков менен аткарып чыккан «Таене» деген чыгармабыз элге жагып, кенен жайылып жаткан кези.
– Ырчылардын көбү киного тартылып жатышат. Бул тармакта өзүңдү сынап көргүң келбейби?
– Тасмада башкы каармандын образын жаратканды кыялданам. Голливуд кинолорундагы "мачо" каармандардай болуп бардык кыздарды сүйдүргөн романтик жигиттин ролун ойногум келет. Тилекке каршы, бизде андай сценарийлер жок. Анын үстүнө тасмага тартылуу сунушу деле түшө элек.
– Азыр Инстаграмдын доору. Ал жактан сулуу кыздар менен таанышып, жолукканда башка кыз болуп чыккан учурга кабылдың беле?
– Инстаграмда башка эле сулуу кыздын сүрөтүн жүктөп, бардык ырчы балдарга жаза берген бирөө бар. Сүрөттөгү кыздын өзү менен болсо Казакстандан таанышкам. Ал фотомодель болчу. Мага жазганда «сен Адэмайсың го» десем, «жок, адаштырып жатасың» дейт. Мен сүрөттөгү кыз менен тааныш экенимди айткандан кийин ал мага жазбай калган.
– Азыркы заманбап тенденцияга кандай карайсың? Мисалы, кыздардын чач коштуруп, көкүрөгүн, оозун чоңойтконуна көз карашың кандай?
– Кыздар келбетин өзгөртүп ден соолугун бузуп жатышат. Андайлар бардык эркектерге жакпайт. Жасалма болуп алып жагабыз деп ойлошкону менен, өздөрүн алдап жатышат. Качанкыга чейин боёнуп жүрүшмөк эле, үйгө барганда бетин жууйт да. Мен табигый сулуулукту баалайм. Мага жоолук салынган, кыргыз жыттанган кыздар жагат.
– Келбети, жүзү маанилүүбү?
– Кыйын болуп «кебетеси маанилүү эмес, эң башкысы жан дүйнөсү сулуу болсун» дегим келбейт. Келбети маанилүү эле. Узун бойлуу, көздөрү капкара, чачы узун, далактабаган, жоош кыздар менин табитимде.
– Жоош кыздар зериктирип жибербейби?
– Жок. Мен өзүм жоош болгондуктан, көп сүйлөбөгөн кыздар жагат. Тарбиясы жакшы, көп баспаган, жөнөкөй кызга жолуккум келет. Андай кыздар биз издеген жерде эмес, ата-энесинин жанында, үйүндө отурушат окшойт.
– Сулуулук менен сексуалдуулуктун айырмасын айтып өтсөң...
– Сулуулук сырткы көрүнүш болсо, сексуалдуулук адамды өзүнө тартып турган нерсе. Сексуалдуу кыздарды көп эле жолуктурам. Алар жүзү анча эмес болсо да аябай сексуалдуу болушат. Көз карашы, үнү, сүйлөгөнү, күлгөнү башкача болгондуктан, жанында уялып сүйлөй албай каласың.
– Сени «шопоголик» деп айтсак болобу?
– Жарашыктуу кийингенди жакшы көрөм. Мурда кийимге көп акча сарптачумун. Ошондо «шопоголик» болсом керек. Азыр токтолуп калбадымбы. Кайсы стилде көп кийинип жүрөрүмдү айта албайм. Классиканы концерт, той-топурда эле кийбесем, кысылып, жүдөп кетем.
– 5 жылдан кийин Нияз кандай болуп өзгөрөт?
– Апамдын керегине жараган уул, сүйүктүү жолдош, кыздардын атасы болуп калат. Өзүмдү кыргыз жеринин маданият чөйрөсүнө өзгөрүү киргизген чыгармачыл инсан, ийгиликтүү ишкер катары элестетем. Мурда кийимдерди Орусияга ташып иш кылчумун. Тилекке каршы, ишкерликтин көзүн таба албай, таштап койгом. Буюрса, үйрөнүп алып планымды орундатам.
– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!
Динара Абдыкадырова
Нурсултан Кубатов
star@super.kg
(Айрым сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)