Деңиз азыктары курамындагы белоктун өлчөмүнүн жогору, калориясынын аздыгы менен баалуу. Жана илгертен тамак-ашка колдонулуп келет. Диета кармагандар үчүн табылгыс азык. Бизге деңиз азыктары сырттан көбүнчө тоңдурулган түрдө келгендиктен абдан таза жууп колдонгон туура.
КРЕВЕТКА МЕНЕН ЦЕЗАРЬ САЛАТЫ
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоңдурулган креветкаларды эритип, муздак сууга жууңуз. Аарчып кургатып, идишке салып үстүнө туз, калемпир, лимондун ширесинен 6-7 тамчы жана 1 аш кашык зайтун майын куюп, 20 мүнөткө маринаддап коюңуз. Анан креветкаларды кайрадан кургатып аарчыйсыз.
2. Сыр сүргүчтөн өткөрүлөт.
3. Батон үч бурчтук кылып тууралып, сарымсак жанчылат.
4. Көмөч казанга 3 аш кашык майды куюп, сарымсак менен кошо тууралган батонду кууруп, өзүнчө идишке салабыз.
5. Башка көмөч казанга 3 аш кашык майды куюп креветкаларды салып, жай отто ар бир жагын 2 мүнөттөн кууруйбуз. Анан чыгарып, салфеткалардын үстүнө коёбуз.
6. Соус даярдоо. Блендерге сууга бышкан 2 жумуртканын сарысын, горчица, зайтун майын, 1 чымчымдан туз менен калемпирди кошуп чалабыз.
7. Помидорлорду тең ортосунан кесип, салат жалбырагын жууп кургатып аарчыйбыз.
8. Эки тарелканын бетине салат жалбырагын үзүп салабыз. Үстүнө соустан аз куюп, куурулган батондорду, анан креветкаларды жайгаштырабыз. Үстүнө калган соусту куюп, сырды себелесек салат даяр.
КРЕВЕТКА Курамында йод, белок, А, C, Е, D витаминдери, кальций, магний, фосфор, жез, цинк жана башкалар бар. Богоктун, рактын жана урук чыктагыч бездин сезгенүүсүн (простатит) алдын алууда жана дарылоодо колдонулат. Жүрөк-кан тамыр системин, чач, тырмакты бекемдейт.
Радиоактивдүү заттарды өзүнө сиңирип алгандыктан экологиялык таза жерден кармалганын гана жеш керек.
МИДИЯ МЕНЕН СПАГЕТТИ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоңдурулган мидияларды эритип, кабыктарын жакшылап жуу кажет. Оозу ачылып калгандарын алып салыңыз.
2. Көмөч казанга майды куюп, жанчылган сарымсакты салып бир аз кууруйбуз. Үстүнө кургатылган райканды жана мидияны салып, дагы 2-3 мүнөт кууругандан кийин томат соусун кошуп аралаштырып, 10 мүнөт дымдап бышырабыз.
3. Мидия даяр болгучакты кайнаган сууга спагеттини салып, бышырып алабыз. Сырды сүргүчтүн майда көзүнөн өткөрөбүз.
4. Эми бышкан спагеттини, сырды мидия бышып жаткан көмөч казанга салып, аралаштырып тарелкага салып, үстүн кооздойбуз.
МИДИЯКурамында йод, Е витамини, кальций, магний, темир, цинк жана башкалар бар. Организмдеги ууларды, шлактарды чыгарып, рактын, богоктун, урук чыктагыч бездин ооруларынын алдын алат.
Сууну организми аркылуу фильтрлегендиктен зыяндуу заттар менен уулардын канча бир бөлүгү калып калуусу мүмкүн. Андыктан ууланып калбоо үчүн көп жебөө керек. Аллергиясы барларга, кан уюусу начарларга жегенге болбойт!
ДЕҢИЗ КАПУСТАСЫ МЕНЕН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Кызылчаны сууга бышырып, узатасынан ичке кылып туурайбыз. Алма менен бадыраңды сүргүчтөн өткөрөбүз (колго туураса да болот). Деңиз капустасынын суусун бир идишке сарыктырып салып үстүнө тууралгандарды, туз, мурч, май, калемпирди кошуп аралаштырабыз. Салат даяр!
ДЕҢИЗ КАПУСТАСЫКурамында йод, калий, магний, бром, темир жана башкалар бар. Богоктун алдын алууда жана аны дарылоодо, косметологияда адамды жашартууда колдонулат. Жүрөктүн иштешин калыптандырып, зыяндуу холестеринди, ууларды, шлактарды чыгарат.
Бөйрөк, табарсык, ашказан жана 12 эли ичегинин жара ооруларын күчөтүп жиберет. Канталаган чыйкан (фурункулёз), бөрү жатыш, псориаз оорусунда да болбойт!
ДЕҢИЗ АЗЫКТАРЫ КАНЧА СОМ ТУРАТ?Деңиз азыктары учурда дүкөндөрдөн көп эле учурагандыктан таңсык азыктарга кирбейт.
Баасы/1 килограммы (Бишкектеги баа боюнча)
Мидия – 450 сом жана андан өйдө
Креветка – 480 сом жана андан өйдө
Маринаддалган деңиз капустасы – 60 сом (400 грамм)
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg