"...Жашоо, жашоо, жашоо, жашоо керемет, Бул дүйнөдө жашоо, жашоо бир келет. Ошондуктан, достор, келгин ырдайлы, Күлкү менен шаттык бизди терметет..." Бул ыр саптарды азыркы орто муун, улуу муун жакшы билет. Ырдын аткаруучусу Батма Качкынова бир кезде жаркырап пайда болуп, кайра жок болгон эле. Анда өткөн күндөр, азыркы жашоосу туурасында кеп учугун өзү уласын.
"МЭЭРКУЛГА ТУРМУШКА ЧЫКСАМ МАКСАТЫМА ЖЕТЕМ ДЕП ОЙЛОГОМ"
Учурунда "Жашоо керемет", "Шаардык жигит", "Алма сунсам колуңа", "Таң сыры" жана башка ырлары менен 1982-1992-жылдар аралыгында популярдуу болгон ырчы Чүй районунун Кегети айылындагы аты чыккан чоң молдонун кызы. Кызынын ырчы болушун каалабаган атасы аны Токмоктогу маданий агартуу окуу жайынын китепканачы бөлүмүнө тапшырткан.
– Токмокто окуп жүргөндө 1-жолдошум Мээркул менен таанышып калдым. Ал сулуу-сымал келген, ырга шыктуу, аккордеонду мыкты ойногон жигит болчу. Көңүлүбүз табышып кыз-жигит катары сүйлөшүп калдык. Ал кезде аябай ырдагым келчү, бирок атамдан коркчумун. Бир жолу Мээркул "ансамбль түзөбүз, мен сени ырчы кылам" деди. Мен эңсеп жүргөн максатыма жеткендей болуп сүйүнүп калдым. Каникулда үйдө жүрсөм "мага турмушка чыгасыңбы?" деп үйгө Кегетиге келиптир. Мээркулга тийсем эле ырчы болуп кетем деген ой мага уйку бербей койду. Анан бир сыйра кийимдеримди даярдап алып, Мээркул менен качып кеттим. Таласка алып барды. Чоң кайненем жоолук салды. Ал жерде аз эле туруп, Сокулукка келдик. Сокулуктан "Мээрим" деген ансамблде иштеп калдык.
Улуу кызымды төрөгөндө кайын журтта 2 айдай жүрдүм.Ошондо өз кайненем камыр жууруганды, нан бышырганды үйрөтчү. "Муну мындай кыласың" деп көргөзүп жатып эле жумушту өзү бүтүрүп койчу. Чоң кайненемдин буту баспай калган экен, сыртка өзүм аркама көтөрүп чыкчумун. Анын мага тамеки тартканы эле кызык болчу. Кээде жолдошумдун чөнтөгүнөн тамеки уурдап берчүмүн.
"АБАКТАН ЦЫГАН АЯЛДАР ТЕГЕРЕКТЕП КЕТИРБЕЙ КОЮШКАН"
Союз маалындагы артисттер кыштын кыраан чилдесинде жылуураак деп уйлардын, койлордун арасында концерт бергендерин көп айтышат. Каарманым "ал кезде барча көйнөктөр мода эле, талаада барча көйнөкчөн ырдайбыз деп жүрүп оорукчан болдук" дейт.
– "Мээрим" ансамблинде иштеп жатканыбызда жолдошум экөөбүздү Нарын театрына жиберишти. Ал жактан "Долон" тобуна кирдим, жаңы барганда топтогу ырчылар Майрам Дүйшекеева менен Роза Заитова мени сынап, башымдан бутума чейин карашат эле, карашат. Кийин үчөөбүз жакшы болуп кеткенде "эмнеге мени жаман көрдүңөр?" деп сурасам, "бул сулуу экен, бизди басып кетет го деп ойлодук" деп жатышпайбы. Ошентип кыркынга, сакманга, жайлоого чыгып план аткара баштадык. "Айына мынча табасыңар" деп план коюшат. Ал план аткарылмайын үй бетин айлап деле көрчү эмеспиз. Дайыма жандуу музыканын коштоосунда жандуу ырдачубуз.
"Долон" тобунда иштеп жүргөндө 2 кыздуу болдум. 2 кызымды тең 6 ай багып, өзүмдүн апама бердим. Жолдошум ырчылыкты таштап айдоочу болуп иштеп калган. Нарында 10 жыл иштегенден кийин борборго которулуп, филармониянын алдындагы "Азем" тобунда ырчы болуп калдым. Бул топ менен абактарга көп концерт койдук. Цыгандардын бир ырын аткарчумун, бир жолу аны ырдасам абакта отурган цыган аялдар кайра-кайра ырдатып мени тегеректеп кетирбей коюшкан. Ошондо аябай жүрөгүм түшүп калган. Кийин бул топту жоюп жиберишти. Аңгыча Таластан "Таазим" деген топ келип калды. Топтун жетекчиси Марат Алыбаев экен.
"МЕНИ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨБҮЗ ДЕГЕН БАЛДАРДЫ МАРАТ ТЕПКИЛЕП КУУП ЧЫККАН"
Нарындан борборго которулганда ырчы жолдошу менен ажырашып кетет. "Которулганым жакпай калды го деп түшүнгөм. Бирок бул жөн гана шылтоо болуптур, көрсө, башканы таап алыптыр",- дейт Батма айым. Ырчы борборго келгенден кийин чоң сүйүүгө кабылып, Марат Алыбаевдин 2-жубайы болгону белгилүү.
– "Таазим" тобу катуу чыгып жаткан. Эл ал кезде эстрадалык концерттерге укмуш көп келишчү. Топто Алина Жетигенова, Мерген Турган, Роза Заитова, мен чогуу иштедик. Акча жакшы түшөрүн билген жетекчилик бизди тындырбай эле планды бакыйта коюп, гастролго айдай берчү. Марат эмне ыр жазбасын баары хитке айланчу. Ал экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү гастролдон башталды окшойт. Мага кыздар "эже, Марат байкеден сулуураак киши таппай калдыңызбы?" деп тамашалай беришчү. Анда Марат "бул сөздү Батманын эмнесине кызыктыңыз деп мага айтсаңар" деп койчу. Марат өтө кызганчаак эле. Бир жолу гастролдон айылдын балдары "Батма менен сүйлөшөбүз" деп топурап кирип келишти. Мен сүйлөшкөндөй деле болгон жокмун. Аңгыча Марат кирип келип баарын сөгүп, тепкилеп айдап чыкты да, "сен өзүң бирөөсү менен сүйлөшүп койдуң да" деп мени уруша баштады. Ошондон кийин Маратка болгон сүйүүмдү, сыйымды таза сактайын деп көзү өткөнчө эч бир эркек менен ашыкча сүйлөшкөн жокмун. Анын үстүнө эч качан "үйгө мынчада келем" деп айтпай капыстан келип калчу.
"МАРАТ КАЗА ТАПКАНДА 6 ЖЫЛЧА ҮЙДӨН ЧЫКПАЙ КОЙДУМ"
Марат Алыбаев менен Батма айым 9 жыл бирге жашап, балалуу боло алышкан эмес. Каарманым "Марат биринчи аялын да, мени да таарынтпай, экөөбүз менен тең жашады" дейт.
– Бир жолу мен ооруп үйдө калып, Марат топ менен Нарынга гастролго кеткен. Арадан 2-3 күн өткөндөн кийин маршруттук таксиде келе жатсам телефонум шыңгырап калды. Алсам Роза Таберикова экен. "Марат байке каза болуп калды" деп угузду. Өзүмдү жоготуп койдум, башым дыңылдап эле калды. Ошентип Таласка барып жерге бердик.
Өзүмдү таптакыр таштап салдым. Сахнада жүрсөм Маратты ойлоп кыйнала берчүдөймүн, ошондуктан ырчылык өнөрүмдү уланткым келбей койду. Мүңкүрөп 5-6 жыл үйдөн чыкпай жүргөндө мени депрессиядан Мерген Турган менен Роза Таберикова сууруп чыкты. "Өзүңдү колго ал" дегендерин эп көрүп сахнаны эмес, соода кылганды тандап, базарда эт сата баштадым. Акырындык менен өзүмө келип таланттуу окуучулардан турган "Таазим" тобун жана ушул эле аталыштагы тамадалар борборун ачтым. Өзүм элден буйрутма алып, тойлорду уюштуруп берем. Экөөнү тең "Таазим" деп атаганымдын себеби Мараттын атын өчүрбөй алып жүрсөм дейм.
"Эмнеге бой жүрөсүз?" дегендер көп. Чынында колумду сурагандар болду. Бирок алардын бирин дагы Маратка окшоштура албай койдум.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg