Көпчүлүгүбүз бала кезибизден билген «Ай, эжеке» чыгармасы үстүбүздөгү жылдын май айында германиялык жаз ырчысы Майя Фадееванын аткаруусунда интернет тармактарында кызуу талкууга алынган болчу. Эми тармал чачтуу жаз ырчысы кыргыздын дагы бир ырын аткарып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
– Саламатсызбы, Майя? Сизди "Ай, эжеке" чыгармасынан улам тааныдык. Бул кыргыз чыгармасын кандайча ырдап калдыңыз?
– Менин сүйүктүү атам Владимир Фадеев Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында жашап, музыкалык мектепте гитара чертүүнү үйрөтөт. Мен жылына эки ирет атамды көргөнү барып турам. Жаз айларында барганымда атам иштеген музыкалык мектепте окуган балдар менен кызыктуу видео тартуу идеясы жаралды. Социалдык тармактарга кызыктуу, шаңдуу видеоблог жарыяламай да жайым бар. Анан атам "кыргыз тилинде бир ыр аткарсаң жакшы болот" деди эле, кесиптеши Абдулла мырза да бул идеяны колдоп, дароо эле "Ай, эжеке" чыгармасын сунуштады. Угуп көрүп эле бул ырга ашык болдум. Мектептин мугалимдери менен сүйлөшүп, "шаршемби күнү саат 14:00дө чакан клип тартабыз, каалоочулардын баары келе берсин" деп жарыя кылып койдум. Таптакыр башка тилде ырдоо оңой эмес, бир апта бою тынбай ырдап жүрдүм.
– Видеосун тартуу да кызыктуу өтсө керек?
– Албетте. Айтылган күнү мектепке барсам мен күткөндөн алда канча көп окуучу келиптир. Чет элден келген бир ырчыга ушундай кызыгуу артканды чанда көрөм. Тартуу иштери да аябай шаңдуу өттү. Видеодо кара жорго бийлеген баланы конфет берип жатып араң көндүрдүм. Даярдануу учурунда күтүүсүздөн бийлеп жибергенин ушунчалык жактыргам, анан камера күйгөндө уялып бийлебей жатпайбы. Бул видеоклип элге жакшы тарайт деп күткөн деле эмесмин, ичимден 1-2 миңдей киши көрсө керек деп койгом. Бирок жыйынтыгында бүт Кыргызстан көрдү окшойт.– Жакында сиздин аткарууңуздагы дагы бир кыргыз чыгармасын уктук...
– "Ай, эжеке" ырынан кийин абдан көп каттар келе баштады. Алардын биринде жергиликтүү телеканалдын режиссёру менин Бишкекке келип берүүлөрүнө катышып, концерт коюп кетүүмдү сураныптыр. Дароо Бишкекти көздөй билет сатып алып, жолго чыктым. Ага чейин бир топ кыргыз ырларын жөнөтүшкөн болчу, алардын ичинен "Сен менин" чыгармасына токтолдум. Учакта келе жатып жанымда отурган кыздан сөздөрдүн так айтылышы боюнча жардам берүүсүн суранып даярдана баштагам. Келгенден кийин Мурат аттуу мырза мага тил жаатында чоң жардам берди. Ошентип бул ырды ырдап калдым. Январь айында жаңы альбомум жарык көргөнү турат. Ал эми кийинки 2018-жылы чыга турган ырлар топтомума "Сен менин" чыгармасын жакшылап ырдап, сөзсүз кошом деген ойдомун.
– Өзүңүз тууралуу да билгибиз келет.
– Атам Жалал-Абадда төрөлүп өскөнү менен, мен Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөлүк себептерден улам 3 жашымда Германияга көчүп кеткенбиз. Голландияда жаз вокал боюнча консерваторияны аяктагам. Учурда Дюссельдорф шаарында жашап, ырчылык менен алектенип келем.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg