Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЫМЫРКАЙГА КАМ КӨРҮҮ

№733 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж


Сүйүнчү! Бөбөк төрөлдү! Эми бул кичинекей инсандын тагдыры, жашоосу ата-эненин камкордугунан көз каранды. Алгачкы жолу Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрлиги БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык экспертизасынын негизинде стандарттарды иштеп чыкты. Мында 3 жашка чейинки баланын өсүшү жана ага кам көрүү тууралуу кеңештер камтылган.

БАЛАНЫН ФИЗИКАЛЫК ЖАКТАН ӨСҮШҮ ЖАНА ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫ

1 айлык ымыркай

  • Бир ай ичинде ымыркай алгачкы салмагына болжол менен 600 граммдан кем эмес кошот жана бою 3 сантиметрге чейин узарат.
  • Ымыркай бала суткасына 8 жолудан кем эмес эмчек эмүүсү зарыл жана 20-25 жолу заара ушата баштайт.
  • Төрөлгөндөн кийин ымыркай сутканын көп бөлүгүн уктап өткөрөт. Бир күндө 20 саатка чейин уктайт. Тизесин бир аз бүгүп, колдорун өйдө көтөрүп чалкалап жатат.
  • Манжаларын түйүп жүрөт.
  • Бала төрөлгөндө шартсыз рефлекстер гана болот: жутуу, эмүү, эстөө, коргонуу, бир нерсени кармоо жана башкалар. Көпчүлүк ымыркайлар жашоонун экинчи жумасынан баштап бир нерсени көргөзсөңүз аны ээрчип карай алышат. Бала үчүнчү жумадан тартып энесинин, атасынын жүзүн тааный баштайт.
  • Алгачкы айында бала үчүн киндигинин катышы жооптуу учур. Бир апта ичинде баланын киндиги өзү эле катат.
  • Экинчи жумадан тартып бала уга баштайт. Кээде бала катуу үндөн ыйлап да жибериши ыктымал. Төрт жумалык ымыркай күлө да баштайт. Аны эркелетүү керек, эркелетүүгө жооп кылып ымыркай жылмаят. Балага тынчтык, жагымдуу атмосфера, бирдей температура, ачык аба, күн нуру, чексиз мээрим, өзгөчө камкордук, анан чоң сүйүү керек!

2 айлык ымыркай

  • Бул учурда наристе башын көтөрүп, аны 10-20 секунд аралыгында кармай алат. Мындан тышкары бул куракта бала ачык өңдөргө, шылдырак, музыканын үнү чыккан жерге кулак түрүп калат. 2 айлык бөбөк оюнчукту колунда бир топ убакытка чейин коё бербей кармай алат.
  • Эки айлык баланын организми болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өөрчүй баштайт. Бир ай ичинде 600 граммдан кем эмес салмак кошуп, бою 3-4 сантиметрге өсүп, төшү менен башынын өлчөмү 10-15 миллиметрге чоңоюшу керек. Бала жакшы өсүп-өнүгүшү үчүн ата-энелер аны стабилдүү уйку жана тамактануу менен камсыздоосу зарыл. Эки айлык бала бир суткада 18-20 саат укташы керек. Бала суткасына 8 жолудан кем эмес эмчек эмүүсү кажет. Мындай өлчөмдөгү азык баланын толук кандуу энерго алмашуусун камсыздайт.
  • Ар бир баланын организми индивидуалдуу, демек, бардык баланын тамактануусу, уктоосу окшош болушу мүмкүн эмес. Адатта 2 айлык балдар бул куракта өз нормасын өздөрү сезип, курсагы тойгондугу же уйкусу кангандыгы тууралуу апасына өз алдынча билдире алышат.

3 айлык ымыркай

  • Бала бир айда 600 граммдан кем эмес салмак кошушу керек. Бою 3-4 сантиметрге, көкүрөгү 15-20 миллиметрге чейин чоңоёт. Бул учурда ички органдары да жигердүү өнүгөт.
  • Бала башын жакшы көтөрүп, бир нече секундага кармап тура алат. Ичи менен жаткан кезде көкүрөгү менен жөлөнүп, башын көтөрө алат, ары-бери бура алат.

Эгер сиздин ымыркай үч айына чейин туура уктап, туура тамактанууну өздөштүрө элек болсо анда сөзсүз медицина кызматкерине кайрылууңуз зарыл.

ЭМИЗҮҮ

Ымыркайдын дени сак өсүшү үчүн эне сүтү абдан маанилүү. Эне сүтүндө баланын мээсинин, көрүү органдарынын жана кан тамырларынын жетилишине керектүү бөтөнчө май кислоталары бар. Эмчек эмизүү эне менен баланын ортосунда жакындык сезим, мээримдүүлүк көп жылдар бою сакталып калышына көмөк түзөт. Эгерде балдар төрөттөн кийин эле энелери менен болуп, эне сүтү менен багылса, алар азыраак ыйлайт жана тез өсөт.
Балаңыз 6 айга толгончо жалаң гана эмчек эмизүү анын тамакка жана сууга болгон муктаждыгын толук канааттандырат. Баланын күнүмдүк энергияга жана азык-заттарына болгон муктаждыгынын кандайдыр бир бөлүгүн ал 2 жашка толгонго чейин эне сүтү камсыз кыла алат. Ымыркайды эмизүүдө төмөнкү эрежелерди эске алуу өтө маанилүү.

Эмчек эмизгенде баланы туура кармоонун 4 эрежеси:

  • Баланын башы менен тулку бою бир сызыкта болгондой кармоо керек;
  • Баланын мурду эмчектин үрпү менен тушташ болуусу керек;
  • Баланын денеси энесинин денесине жакын болуусу керек;
  • Баланын тулку боюн, бүт денесин кармоо керек.

Балага туура эмчек эмизүүнүн 4 эрежеси:

  • Бала оозун чоң ачканча күтүп тургула;
  • Эмчек алганда баланын астыңкы эрини сыртка түйрүлүп туруусу зарыл;
  • Эненини эмчегинин ареоласы көбүрөөк үстүнөн көрүнүп туруусу керек;
  • Баланын ээги энесинин эмчегине тийип туруусу зарыл.

Ымыркайды эмчек сураган сайын эмизиңиз (күнү-түнү), суткасына 8ден кем эмес жана 6 айга чейин башка эч кандай тамак жана суюктук бербеш керек.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(14)
21.11.2016. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
31-10-2016
Соӊку аракети:
03-05-2017 11:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жана пайдалуу кеңештер экен рахмат.
21.11.2016. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
27-06-2016
Соӊку аракети:
03-01-2017 19:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сулукту
0
рахмат супер жамааты
21.11.2016. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
+1
жакшы керектуу нерселерин алып алдым.рахмат.
21.11.2016. 12:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
05-04-2011
Соӊку аракети:
28-10-2018 02:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Жакшы кенеш экен азыр жаштар окуп уйронсо болот туура эмизе албасанар эмчек ооруу пайда болот
21.11.2016. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
28-03-2018 22:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кокурок эмнеден улам жарылат?кантип айыктыра алам кызым уч айлык болду эмдигиче жарылат ыйлап аран эмизем эл айткан маздын баарын койуп кордум болбоду
21.11.2016. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
23-09-2012
Соӊку аракети:
16-10-2018 15:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
каракол
0
Ayselim,АПТЕКАДАН Е витаминин алып (кичинекей кызыл тоголок турдо болот) акырын тешсениз май чыгат алып ошону суйконуз. 1-2 кундо айыгат.Мен озум 2 баламда тен суйкодум.
21.11.2016. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
29-11-2012
Соӊку аракети:
02-06-2018 14:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayselim,оксолин мазь суйкосонуз
21.11.2016. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
08-05-2017 11:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayselim,боюнда болгондон баштап туздуу суу менен жууш керек. Же суртуш керек
23.11.2016. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-10-2016
Соӊку аракети:
25-10-2017 13:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayselim,бепантен сыйпасан сакаят
21.11.2016. 17:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-09-2013
Соӊку аракети:
25-02-2018 21:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балалуу болгонго не жетсин....
21.11.2016. 19:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
30-10-2013
Соӊку аракети:
15-11-2018 20:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Торт тоонун ортосу...:-)
0
Эн пайдалуу кенештер экен. Буйруса бир айдан кийин мен да жожомду колума кармап эмизип каламго:-) Супер инфо 3 айлык ичинде кандай массаждарды жасоо жонундо да жазсанар сураныч. Рахмат
22.11.2016. 13:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
29-01-2014
Соӊку аракети:
13-02-2018 23:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
j
0
Салам суперчилер, менин сутум суюк экен балам тойбой эле атат, бирок 4,100кг торолду 1айлыгында 6,200кг болуптур. Сутумдун ушундай боло бергени жакшыбы же....?
22.11.2016. 20:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
23-02-2017 13:10
Жынысы:
Белгисиз
0
miwka94 баланыз салмагына1айда 2,100гр коштубу ошондо адашпадынызбы.андай болушу мумкун эмес гоо
15.12.2016. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
08-12-2016
Соӊку аракети:
28-06-2017 10:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бизге керек кенештер экен,менин балам 2 ай болду 6,300 болду салмагы,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: