КОЙ (21.03-20.04)
Тааныштарыңыздын ичинен чөнтөгүңүзгө карап мамиле кылгандар ким экенин билесиз. Жумуш жасоодо башкалардын айтканына көңүл бурбай, өзүңүздүн пайдаңызга караңыз. Маселе жаратып албоо үчүн азгырган калпыс иштерден алыс болгонуңуз туура.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул жума көп түйшүктү талап кылат. Тоскоолдуктарга каршы туруп, болгон күч-аракетиңизди жумшасаңыз гана ийгилик сиз тарапта болот. Жеке мамилени бекемдейм дегендер сүйүктүүсүнө жагымдуу сюрприз тартуулоосу кажет. Достор менен жолугушасыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада башка жумушка которулуу, акча каражатын жумшап иш баштоо, башка жакка көчүү сиз каалагандай болот. Шейшембиде сизге белек тартуулашат. Ишембиде жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртө турган окуяга туш болосуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуш боюнча бирөөлөргө убада кылган иштерди бүтүрөсүз. Өз кызыкчылыгыңызды көздөп, жакындарыңыз менен болгон мамилени суутуп алуудан этият болуңуз. Апта соңунда документ иштерине так болуп, мыйзам чегинен ашпай иш кылуу кажет.
АРСТАН (23.07-23.08)
Кыймылсыз мүлк сатып алуу тилегиңиз ушул аптада орундалышы ыктымал. Жумушунда активдүү иштебеген айрым кызматкерлердин иш ордунан айрылып калуу коркунучу бар. Түгөй издеп таанышам дегендер кыялындагыдай адамга жолуга албайт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада акча табуу үчүн аракетиңиз ишке ашышы мүмкүн. Шейшембиде сабырдуулугуңузду көрсөтүп, пикир келишпестикке жол бербеңиз. Жума күнгө жолугушуу белгилебей эле койгонуңуз оң. Чакырган адамыңыз келбей, убактыңыз текке кетет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башы алыскы сапарга чыгууга кооптуу болгондуктан баш тартканыңыз туура. Апта ортосунда кыялыңыздагы иштер аткарылып, кубанасыз. Аны менен катар бойдоктор өмүрлүк жарына кезигип, бакытка балкышат. Апта аягында конок күтүүгө туура келет.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жаңы идеяны ишке ашыруу үчүн көптөн күткөн маалыматка ээ болосуз. Ортодо таарыныч жаралбасын дешсе, түгөйлөр бири-бирин сынга алуудан кармануулары керек. Апта аягында самаган буюмуңуз колуңузга тиет.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада мурда таарынышып же чырдашып кеткен адамдар менен иштешүүгө туура келет. Кечиришип иш кылсаңыздар, жыйынтыгы экөөңүздөргө тең ийгилик алып келет. Аптанын аягында жүрөгүңүзгө чок салган адамдын тилин табууга ыңгайлуу учур жаралат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада жакын досуңуздун жашоосундагы окуя сиз үчүн сыноо катары болмокчу. Мамилеге бекемдигиңизди далилдеңиз. Мамлекеттик мекемеге документ иштери боюнча баш багууга туура келет. Шаршемби сезимге чок салган окуяны, ишемби күтүлбөгөн белек тартуулайт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада тааныштарыңыздын чырына аралашып, алардын бирин жактоо сизге кыйынчылык жаратат. Дүйшөмбүдө чоң маселени чечүүгө жакыныңыз кол сунуп сүйүндүрөт. Бейшембиде айрым аракеттериңиз купулга толбой, сүйүктүүңүз нааразы болушу мүмкүн.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада эрктүүлүгүңүздү жана эмгекчилдигиңизди көрсөтсөңүз мыкты кызматкер катары атыңыз чыгат. Капчыгыңызга акчанын келип түшүшү күтүлүүдө. Апта аягында күнүмдүк иштер менен алектенесиз. Мисалы, спорт же үйдү тазалоо.