Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты: "ПРЕЗИДЕНТ БИР ЭЛЕ ПАРТИЯНЫКЫ ЭМЕС, АЛ ЖАЛПЫ ЖУРТКА КАЛЫС БОЛУШУ КЕРЕК"

Жашырганда эмне, бийлик унчукпагандарды жакшы көрөт. Эл өкүлү Канатбек Исаев каршы пикирин айтты эле, мамлекеттик машина ага каршы иштеп баштады. Жылуу, ыңгайлуу ордунан козголуп, өз пикирин айтып баштаган Канатбек Кедейкановичтин бул аракетин "унчукпагандардын тобу" түшүнө албай убара. Канатбек мырза болсо туура жолдо баратканынан күмөн санабай турганын айтат...

– Канатбек мырза, бүгүн бийлик менен кайчы пикирдесиз. Бир ай мурун пикирлеш элеңиз. Оюңуздун чукул өзгөрүшүнүн себеби эмнеде?
– Биз бийлик менен, КСДП менен кызматташып, керек болсо кемчиликтерин да айтып келе жатканбыз. Конституция боюнча мен бүгүн да өзгөртө турган жерлери бар деп айтам. Бирок мындай кысым, коркутуулар менен өзгөртпөй эле коюш керек. Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинин айынан коалиция тарады, каршы чыккандарды коалицияга киргизбейбиз деп башташты. Анан эң негизгиси конституциялык палатанын Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртпөш керек деген чечими бар экен. Бирок алар да кайра өзгөртсө болот деп чыгышты. Өз оюмду айтууга туура келди. "Колду кайрып өзгөртүүгө болбойт" деп айтарым менен жакынкы 5 жылдагы эмес, 2008-жылы Токмокко мен мэр болгон учурду иликтөөгө алуу үчүн Башкы прокуратуранын кызматкерлерин 1 айга жөнөтүштү. Мени коркуп кетет деп ойлоштубу, түшүнбөйм. Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан Текебаев менен Төрөбаевди КТРК жамандап эле жатып калды. Баягы кара жашик деген таз кейпине келди. Биз мындай жолду басып өтпөдүк беле?! Кайра-кайра эле каталарыбызды кайталай беребизби?! Кимисиники туура, кимисиники туура эмес экенин тарых далилдейт.

– Ошол кылмыш ишинин чоо-жайын түшүндүрүп кетсеңиз.
– Мына, китепкана боюнча айтып жатышат. Мен ал жакка мэр болуп барганга чейин шаардык кеңеш аны сатылсын деген чечим чыгарган. Мэр катары шаардык кеңештин чечимин аткарышым керек. Экинчиси базар боюнча, Токмок шаарында борбордук базар бар, азыр аянтын так айта албайм. Жок эле дегенде 20 гектар чыгат. Убагында менчиктештирилип кеткен. Ошонун жанындагы 35 сотых жерди бошотуп, базар куралы дедик. Сатып алабыз дегендер көп болду. Адистерди баалатсак, 2 миллион сомго баалашты. Менин өз кызыкчылыгым болсо тааныштарыма сатып жибермекмин да. Жок, мен 30 миллион сом жумшай ала турган инвестор таптым. Башкача айтканда, Токмок мэриясына базардын 30 пайыз үлүшү таандык болмок. Жыл сайын 2-3 миллион сом пайда көрүп турмак. Эми болсо жерди жеке менчикке өткөрүп жиберген деп жатышат. V чакырылышта депутат болуп турганымда "жер жеке менчикке өтүп кетти беле?" деп атайын сураттыргам. Жок, дагы эле мэриянын менчигинде турат. Тилекке каршы, муну башка өңүттөн көрсөтүшүп каралоо жүрүп жатат.

– Сиздин мамлекеттик машинага каршы турганыңызды "Исаевдин колунда да көзүрлөр бар" деген ойго түртүп жатат. Буга эмне дейсиз?
– Менимче, баарыбыз Кудайды карап иш кылышыбыз керек. 2010-жылы "эмне үчүн мени кызматтан мыйзамсыз алышыңар керек?" деп Убактылуу өкмөткө мен гана каршы тургам. Токмоктун элине рахмат, колдоп берген. Эгерде менин мыйзамсыз иштерим болсо, өзүнө сот, өзүнө парламент болуп турган Убактылуу өкмөткө каршы чыгат белем? Азыркы бийликке каршы чыгат белем? Менин башым экөө эмес да, туурабы? Мен болгону өзүмдүн ак экенимди так билем.
"Көзүрүңүз барбы?" деп жатасыз, ачыгын айтканда, бүгүнкү акыбал боюнча айта турган сөз көп. Эгерде бүгүн телегейибиз тегиз болуп, коррупцияны жеңсек, анда 8 эмес, 18 жыл мурункуну текшерели. Кечээки 1 миллион сомду текшеребиз деген менен, бүгүн казынадан тышкары миллиондогон долларлар кетип жатат. Милицияда эмне деген "бардак" болуп жатат?! Соттор 7-кабаттагы бөлүм башчынын телефон чалуусун күтүп чечим чыгарышат. Анда соттун эмне кереги бар? 1937-жылы 3 адамдын колу коюлуп, канчалаган адам күнөөсүз атылып кетти. Кийин бир тобу акталды. Азыр болсо бир адамдын телефон чалуусунан 10-15 жылга кесилип жатышат. Тажрыйбасы жок адамдар жогорку кызматтарга барышты.

– КСДПчы жаш депутат өзүнүн жеке оюн билдирсе, аны президент "балашка" деди. Сизге минтип иш козгомокчу болуп жатышат. Мындай режим демократия эмес, диктатурага көбүрөөк окшоп бараткан жокпу?
– Мына, Нельсон Манделаны актар террорист деп 27 жыл түрмөгө отургузушкан. Кийин ал чыгып, президент болуп шайланат. Ошондо анын жанында жүргөндөр актардан өч алалы дешет. Бирок Мандела элин ынтымакка чакырып, "эгер биз куугунтуктасак, анда бизди куугунтукка алгандардан айырмабыз эмне?" деп айткан. Бүгүн Түштүк Африка өлкөсү континентиндеги алдыңкы мамлекеттердин бири. Кечээ аны террорист деп жаткан актар Англиянын парламентинин алдына айкелин коюшту. Муну эмнеге айтып жатам? Президент – бул журт атасы. Президент бир эле партияныкы эмес. Конституцияда даана жана так "президент эч бир партияга кандайдыр бир аракеттери менен да жан тартпайт" деп жазылып турат. Мен Жогорку Кеңеште бир эле партияга тиешелүү, президенттин чечими менен жогорку кызматта иштеп жаткан 18 кишини атадым. Президент өзү мыйзамдарды так аткарып үлгү болсо жакшы болмок. "Жанар Акаевди биз каржылаганбыз" деп кайсы партияга жан тартарын билгизип коюп жатпайбы. 6-жолу КСДПга коалиция куроо мандатын берди. Жүз пайыз губернаторлор бир партиянын мүчөсү.

– Бул бийликти узурпациялоо эмеспи?
– 2012-жылы президентке "төрага да КСДПдан болуп калса бийликти узурпациялоо болуп калбайбы?" деп суроо беришкен. "Кайдагы узурпация? Мына, Нарын, Жалал-Абаддын губернаторлору, Каракол, Токмоктун мэрлери КСДПдан эмес, башка партиялардан" деп жооп берген. Ал логикага таяна турган болсок, азыр бийликти узурпациялоо дапдаана көрүнүп жатат.

– Бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетине каршы чыкканыңызды "саясий тагдырына балта чапты" дегендер, "баракелде" деп колдогондор да болууда. Өзүңүз кандай ойдосуз?
– Убагында Бакиевдин бийлигине каршы чыккам. Ага карабай Токмокко мэр болуп бардым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт менен тирештим, бирок Жогорку Кеңешке шайланып, фракция жетектедим. Фракция жетекчилигинде туруп партиянын лидери, ошол кездеги премьер-министр менен каршы пикирге кептелдик. Фракция жетекчилигинен кетип, губернатор болуп иштедим. Кайра партия жетектеп Жогорку Кеңешке келдим. Демек, жеке кызыкчылыгыңды көздөбөй туура кадамга барсаң, анда Кудай да колдойт деп түшүнөм. Кезинде Атамбаев, Текебаев, Отунбаева бакиевдик режимге каршы чыгышты. Алардын кадамы ошол кезде туура болгон, Кудай колдогон. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген кыргыздын сөзүнө жүз пайыз ишенем.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Канатбек Исаев: "Бийликке каршы оюмдан кийин мени текшерте башташты"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан