Каарманым Мээрим модель, актриса, дизайнер, бийчи, айтор, көп кырдуу талант. Таланттуу инсандар менен маектешүү ар дайым жагымдуу.
Толук аты-жөнү – Атантаева Мээрим Истанбековна
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 171 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Параметри – 84-61-90
Хоббиси – Бийлөө, китеп окуу, сүрөт тартуу, спорт, тикмечилик
Тартылган тасмалары – "Көк салкын-2", "Иттей сулуу", "Шайлоо-жайлоо", "Курут", "Мунабия", "Кентавр" көркөм тасмалары жана "Снуз", "Таксист" кыска метраждуу тасмалары
Тартылган клиптери – Абир Касеновдун "Кетпе дейсиң", Нурлан Насиптин "Сауле", Мыктыбек Нурланбековдун "Жүрөк сезет" аттуу ырларынын клиптерине тартылган.
– Салам, Мээрим! Сени алгач модель катары тааныган болсок, акыркы жылдары актрисалык талантыңа да күбө болуп келебиз...
– Салам! Ооба, өзгөчө былтыркы жылы киного тартылуу иштерине көп убактымды жумшап, эрте жаздан кеч күзгө чейин тасма талаасында жүрдүм. Өзүмдү ар тараптуу ролдордон сынап көрдүм десем болот. Быйылкы жыл деле куру эмес, Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия", Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмалары жакында жарыкка чыгуу алдында турат. Көбүнчө өзүнө ишенген, чечкиндүү бийкечтердин ролун ойногон жакты.
– Кино дүйнөсүнө кандайча келип калгансың?
– Актриса болсом деген кыял кичине кезимден эле бар болчу, бирок ата-энемдин артист деген сөзгө көз карашы анча түз эмес экендигин билгендиктен анча деле умтулчу эмесмин. 15 жашымда эжем "Кыргыз киносунда кастинг жүрүп жатыптыр, барып көр" деп айтып калды. Бардым, мени менен кошо орус улутундагы бир кыз келди. Укмуш сулуу, дене-мүчөсү келишкен, байкасам баары эле ошол кызды карап суктанышат, ошондо менде мүмкүнчүлүк жок экен деп үмүтүмдү үзүп кеткем. Андан кийин кастингдерге барбай, кээде моделдик агенттикке баш багып, анча-мынча жарнамаларга тартылып жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде фотограф балдар менен таанышып калдым. Алардын бири жаш режиссёр Мирбек Кадралиев дипломдук иши үчүн кыска метраждуу тасма тартуу алдында турган экен, "киного тартылгың келеби?" деп сурап калды. Кубануу менен "албетте" деп жооп бергем. Жыйынтыгында 2007-жылы "Снуз" деген тасмада алгачкы ирет роль жараткам. Кийинчерээк "Мисс интернет" наамына ээ болгондон кийин киного чакыруулар көбөйдү.
– "Мисс интернет" сынагына кантип катышып калганың тууралуу сөз кылсак...
– Ага чейин модель катары иштеп жүргөнмүн да, мүмкүнчүлүк жаралып Дубай шаарына барып, сапаттуу сүрөттөргө түшүп келгем. Карасам аталган сынакта ат салышкандардын арасында мен тааныган, ачуума катуу тийген бир кыз жүрөт (күлүп). Эми карап тур дедим да, сүрөттөрүмдү жөнөтүп койдум. Көп өтпөй мен алдыңкы орунга чыгып, баягы кыз таптакыр артта калды. Акыры "Мисс интернет-2011" наамын жеңип алып АКШга барып келгем.
– Мээрим – модель. Бул жаатта эмнелерди айтып бересиң?
– 2005-жылы алгачкы ирет моделдик агенттик менен иштешип калдым. Ага чейин бир фотосынакка катышып экинчи орунду алгам, ошондон кийин өзүмө ишеним пайда болду. Дагы бир сынактан компьютер утуп алып модель катары ата-энемдин мага болгон ишеничин ойготком. Кудайга шүгүр, азыр жергебизде көргөзмөлөргө чыгам, жарнамаларга тартылам. Андан тышкары кытайлык бир моделдик агенттик менен да келишим аркылуу иштешип келем.
– Бизде моделдердин эмгеги кандай бааланат?
– Көргөзмөдө подиумга чыкканың ашып кетсе 1000 сом болот, бул эң жогорку баа, көбүнчө андан аз. Ал эми Кытайда абдан жакшы төлөшөт.
– Сулуулар сынактарында кыздардын ич ара атаандаштыгы күчтүү болот эмеспи. Моделдер бул жаатта кандайсыңар?
– Моделдер чындыгында ынтымактуу эле. Анткени бул иш менен убактылуу гана алектенерин билишет, ага караганда кино жаатында актрисалар ич ара көбүрөөк атаандашышат экен. Жакшы роль жаратып эл оозуна алынып жатсаң сыртыңдан башкача карап, кээ бир актрисалардын учурашкысы келбей калганын байкайсың.
– Сурабай кетсем болбос, алган билимиң боюнча кайсы кесиптин ээсисиң?
– Экономистмин. Бир жылдай банкта иштедим, бир күн экинчисине окшош болуп, бир эле ишти күн сайын аткара бергенден тажап кетет экенмин. Чыгармачыл адаммын, кеңседе эмес, тасма талаасында өзүмдү эркин сезем. Дизайнерликти да окуп алгам, керек болгондо өзүмө кийимдерди өзүм эле тигип кийип алам.
– Билишимче, бийчилик өнөрүнөн да куру эмес көрүнөсүң?
– Мыкты хореографтардын бири Эрмек Керимбаев жыл сайын "Kyrgyzstan Dance showcase" бий фестивалын өткөрүп келет. Ошол фестивалга карата жаңы бий тобун түзүп жатканын айтып, мени чакырган. Барганымда "бийге шыгың бар экен" деп "Number one" деп аталган кыздардан турган жаңы топко кабыл алган.
– Кыргызда качан турмушка чыгасың деген суроо бар эмеспи...
– Бул суроону туугандарым мага узата берип тилдери тешилди го (күлүп). Ар бир нерсенин өз убагы болот эмеспи. Турмушка чыгуу убактылуу нерсе эмес да, андыктан шашылуунун кереги жок. Жеке жашоомдо баары жакшы, Кудайга шүгүр. Сүйлөшкөн жигитим бар.