ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КӨҢҮЛ АЧУУДА

Вишлист
– англис тилинин "wish list" деген сөзүнөн алынган, кыргызча "каалоолордун тизмеси" же "максаттардын топтому" дегенди түшүндүрөт. Вишлист – адам каалап жаткан буюмдарды сатып алуyну, иш-аракеттерди жасоону билдирген тизме. Максаттардын топтомун баракка же тактайчага жазып көрүнүктүү жерге, бөлмөгө илип коюу керек. Аны такай окуп туруу максаттарга жол ачат. Мисалы, адам сууда сүзүүнү же көп акча табууну каалап жатса, бул ага мотивация болуп бере алат. Тарыхына таянсак, вишлист жаңы жыл алдындагы балдардын Санта Клауска жазган каттарына байланыштуу. Бул процесске ата-энелер катышып, балдарына күтүүсүз белек даярдашкан. Албетте, балдар муну Санта Клаустан келген белек деп түшүнүшкөн. Америка маданиятынын бир бөлүгүнө айланган вишлист ХХ кылымдан тартып башка өлкөлөргө да таркай баштаган.

МОДАДА

Кашне – бул моюн орогучтун бир түрү. Француздардын "cache nez" деген сөзүнөн алынып, кыргызча "мурдуңду бекит" деп которулат. Алгач ал моюнду, мурунду, бетти сууктан коргоочу буюм катары колдонулуп келген. Өзгөчөлүгү – эки тараптуу болуп, бир тарабы жүн кездемеден, экинчи тарабы жибек кездемеден болот. Бүгүнкү күндө кашнени айымдар гана эмес, мырзалар да оронушат.

ИНТЕРНЕТТЕ

Руткит – компьютер системиндеги залалдуу программа, башкача айтканда, вирустун түрү. Ал компьютердеги маалыматтарды чогултуп, системди башкара алат. Вирустар файлдарды гана жок кылса, руткит бүтүндөй программаларды жок кылууга жөндөмдүү. Хакерлер руткиттин жардамы менен бирөөлөрдүн компьютерин көзөмөлдөп, өздөрүнүн кара ниеттик иштерине пайдалана алышат. Руткит бир гана компьютер системин эмес, смартфондордун, гаджеттердин операциялык системин талкалайт. Мунун өзгөчөлүгү – электрондук почтанын, сайтка катталган баракчанын сыр сөздөрүн уурдап алуусунда.

Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан