БАТКЕН КООГАЛАҢЫ КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН

Мындан 17 жыл мурда диний экстремисттердин тобу өлкөбүздүн түштүк аймагына басып киришкен. Баткендеги бир нече айылдарды басып алган согушкерлер Чоң-Алай жана Чаткал райондорундагы чек арага жакын айылдарга да коркунуч туудурушкан. Өлкөбүздүн коргонуу багытындагы кемчиликтерди, куралдын жетишсиздигин ашкере кылган Баткен согушу же Баткен окуясы аталып калган окуяны күбөлөрдүн сөзү менен баяндайбыз.

"СОГУШКЕРЛЕРДИН КЕЛГЕНИН 3 КҮНГӨ ЧЕЙИН ЭЧ КИМ БИЛГЕН ЭМЕС"

Ошол убакта Зардалы айылынын башчысы болгон Акмырза Тагаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Согушкерлер 1999-жылы 27-июлда Зардалыдан 25 чакырым алыстыктагы Жылуу-Суу деген жайлоого келишип, ал жак­тагы малчыларды эч жакка чыгарбай кармап турушкан. 3 күнгө чейин алардын келгенин малчылардан башка жан билген эмес. Анан экстремисттер Зардалыдан 2 чакырым алыстыктагы Коргон деген айылга түшүп келип, ал айылдын тургундарынан ун, кой сатып алып, кайра Жылуу-Сууга чыгып кетишкен. Бурхан деген аксакалга чай, кумшекер, май алып кел деп 100 доллар берип жөнөтүшүптүр. Ошолорду мага келип айтты эле, мен аксакалды ээрчитип Баткен шаарына барып облустук ИИБдин жетекчисине билдирдик. Күч органдарынын жетекчилери, аким чогулуп кеңешишти. Анан бизге "силер эртең менен эрте ала тургандарды алып, кайра барып калгыла. Келгениңерди алар билбесин" дешти. Алчуларды алып экөөбүз Зардалыга баратсак алдыбыздан айылдаш кишилер тосуп чыгып, мага "Баткенге кайт, согушкерлер Зардалыга келип алышты. Кабар бергениңди угуп сени издеп жатышат. Барсаң өлтүрүшөт" дешкенинен кайтып кеттим.
Ошол күнү 30дай милиция кызматкери келип, аларга кошулуп Зардалы тарапка барсак согушкерлер кайра жайлоого чыгып кетишкен экен. Эртеси Бишкектен барган генералдар, аким болуп Зардалыга барып кеңешип, блок-пост коюуну чечишти да, аскерлерди Коргон айылына жөнөтүштү. Коргон тараптан бирөө ат чаап келип, "согушкерлер блок-постту басып алышты. Жоокерлерди таштап, акимди, дагы 3 аскер жетекчисин кармап алып кетишти" деп билдирди.
Эртеси бир аксакал экөөбүз согушкерлер менен сүйлөшүүгө бардык, алар "эт, тамак алып келгиле, анан алмаштыруу боюнча сүйлөшөбүз" дешти. Айткандарын алып УКМКнын бир кызматкери экөөбүз барсак, аны да согушкерлер барымтага алып калып, мага бир баштык карматып "штабга алып барасың" деп жөнөтүштү. Анда "30 кап ун, 30 литр май, 30 кап картошка, 25 кой, 50 миң доллар алып келесиңер. Анан биз барымтадагыларды бошотобуз, болбосо өлтүрөбүз" деп шарт коюшуптур. Айткандарын алдырып, бизди барымтадагыларга алмаштыруу үчүн жөнөтүштү.
3 киши 13-августта барсак согушкерлер "ушул акчанын ичинен бир эле жасалма акча чыкса, башыңарды ушул жерден алабыз" деп долларларды бирден текшерип алышты. Акчаны эсептеп жатып улам бирөөсүн карап текшерип калышса, "жасалма болуп калбаса экен" деп жүрөгүбүз токтоп калайын дейт. Эсептеп болгон соң барымтадагыларды бошотушту. Ал жерде кучакташып алып бир сыйра ыйладык. Алар 8 күн барымтада кармалып турушту, согушкерлер күнүнө бир үзүм нан, кичинеден суу гана берип турушуптур. Ошол убакта 21 согушкер бар эле, кийин көбөйүштү.

"АРАСЫНДА КЫРГЫЗДАР ДА БАР БОЛЧУ"

– Барымтадагыларды бошоткондон кийин 2-3 күн атышуу болду, биздин жоокерлерден бирөө жарадар болду. 20-август күнү 5 тик учак келип Зардалыдагы жоокерлердин баарын райондун борборуна ташып кетти да, айылда болгону 2 милиция кызматкери калды. "Блок-пост коёбуз, 30 жоокер жөнөтөбүз" деп кетишкен эле.
Эртеси 2 милиция кызматкери, айыл өкмөттүн жетекчисинин орун басары төртөөбүз айыл четинде келет деген жоокерлерди күтүп отурсак, согушкерлер айылга жакындап келип калыптыр. Бизге карап ок чыгарганынан ар тарапка качып жөнөдүк. Мен бир дубалдан ашып өтсөм, ал жерге 80дердеги кемпир чатыр тигип алыптыр. Чатырдын ичинде 3-4 төшөк бар экен, аларды жамынып алдым. Ушундай коркуп калган экем, үстүмө жабылган көрпөлөр да титиреп жатты. Согушкерлер келгенде кемпир аларга "силер мусулмансыңарбы, элдин баарынын жүрөгүн түшүрдүңөр" деп кыйкырды эле, чатырга кирбей кетип калышты. Ошол түнү айылдан чыгып кеттим. Милиция кызматкерлеринин бири тоого качып кетип кутулса, экинчиси колго түшүп калып, аны согушкерлер мууздап салышыптыр. Айыл өкмөттүн орун басарын да атып салышкан.
Биздин аскерлер Зардалыны таштап кеткендин эртеси 400дөй согушкер айылга келип, жалпысы Зардалыда 50 күндөй болушкан. Негизинен өзбек улутундагылар болчу, бирок арасында тажик, кыргыздар да бар эле. Көпчүлүгү айылдын ортосундагы мечитте, калгандары 5-10 кишиден болуп тургундардын үйлөрүндө жашашкан. Ал убакта айылда кары-картаңдар эле калган. Айылдан чыгыш керек болсо согушкерлердин штабынан уруксат жаздырып гана чыгып-кире алышкан. Согушкерлер бир топ убакытка чейин айыл элинен мал, тамак-аш сатып алып жеп турушту. Бирок кетерде элдин бардык малын айдап кетишкен. Түбү Зардалыдан болгон Курсан Акботоев деген адам да согушкерлерге кошулуп кеткен экен, ал да келип Баткен боюнча согушкерлерге жол баштап жүрдү. Согушкерлер кеткен маалда ал бүт туугандарын ала кетти.

"7 СОГУШКЕРДИ ЖОК КЫЛГАНБЫЗ"

Ошол убакта ИИМдин атайын багыттагы отрядында кызмат өтөгөн Күмүшбек Жапашев да согушкерлерди жок кылууга катышкандардын бири:
– 1999-жылы август айынын баш чендеринде биздин отряддан 30дай кызматкерди Чаткалга жөнөтүштү. Бир айдай Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасына чектеш жердеги тоолорду аралап, согушкерлерди издедик. 11-сентябрь күнү саат 7лерде 10дой кызматкерди Ак-Таш айылына тик учак менен алып барып ташташты. Көрсө, андан бир күн мурун Өзбекстан тарапта бир нече согушкерлерди жок кылуу операциясы болуп, аман калган 7 согушкер Кыргызстандын аймагына качып өтүшкөн экен. Алар бир сарайга келип, чабанды үй-бүлөсү менен барымтага кармап алышыптыр. Бир күндөн соң ал чабан согушкерлерди алдап үй-бүлөсү менен качып чыгып, биринчи жолуккан аскерлерге кабар бериптир.
Биз барган учурда согушкерлер жакынкы коктуга кире качып, атышуу башталып калыптыр. Бизди алар жашынган коктунун үстүнө таштады. Атышуу учурунда 7 согушкердин баарын өлтүрдүк. Биздин ротанын командиринин орун басары Мурат Туйтунов менен кинолог каза болуп, бир кызматкер кулагына ок тийип жарадар болду.
Кийин Өзбекстан тарап бир топ кызматкерге баалуу белектерди берген, мен чөнтөк саат алгам. Ал эми биздин бийлик бизге чайнек-чыны белекке берген. Ошондой эле медаль менен да сыйланышты, алардын кээ бирлери татыктуу алса, бир ок атпаган, команда берүүдөн коркуп жашынып отурган кээ бир офицерлер да "Эрдик" медалы менен сыйланышты. Анан дагы Баткен согушуна катышкандарга эч кандай жеңилдиктер каралган эмес.

Баткен согушунда курман болгондорго тургузулган эстелик.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
MIRBOLOT
2016-11-21 11:27:56
2000 -жылы август айында кезектеги кармашта менин аталаш агам кенже сержант Аваз Дюшебаев да окко учкан.Азыр Баткен коогалаңына катышкандарга жеңилдиктер каралган эмес.Жок дегенде айына 5000 сомдон акча каражаты каралса, айыл жеринде жашаган баткенчилерге бир топ жеңилдиктер болмок!
+5
aydarken
2016-11-22 03:01:19
Оо ошол жылы биз 21-августта бир,Нива машинеге 17 адам болуп тыгылып колго кирген кийим кечени алып качканбыз колумда 6-айлык кызым бар еле .Биз чон копуродон оттук откондон кийин копурону жардырып жиберишти .Сары- Талаага келип ал жердеги туугандарды алып андан ары Баткенге жол тарттык .Баткенде биз качкындар деп документке тапшырып гум помош алателек иии азыр ойлосом коркуп кетем кызым 17ге чыкты Кудайыма шугур кылам.
+1
Alaybars
2016-11-22 13:46:31
azyr batken sogushuna katyshkandarga jenildikter beriluudo.birok men bilgenden oshol jenildikti algandardyn 70% y katyshkan emes!!!men barganmyn dep jasalma udostoverenie alyp jurushot.je mamleket taktap teksherishpeyt. je alar jasalma baatyr bolgondon uyalyshpayt
-1
Alaybars
2016-11-22 13:49:18
oshol 70% jasalma baatyrlar Chon alayda. taktap anan jenildikterdi berishse jakshy bolmok
-1
Aylin.91kg
2016-11-22 16:33:17
Alaybars, сиз айткан жасалма баатырларды билбедим го бирок, катышкандарды билем себеби бизди Дароот-Коргонго жиберип оздору Бугу башка(бокбаш) жайлоого чыгып кетишкен ошолор мн согушканы!
+1
Perii90
2016-11-26 15:38:52
Ошол баткен коогаланына менин болом да катышкан,ал жонундо катардагы аскерлерден генералдарга чейин жазылган китеп да чыккан. Китепти окусан журогун ооруйт. Кышкысын ызшаар суукта калып бир топ ооруларды ашырган.
0
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан