"ИНИМ ДАНИЯРДЫ ИЗДЕЙМ"
– Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ызар айылынын тургуну, 1966-жылы туулган Бетимбеков Данияр Усупович ушул жылдын 8-июнунда Казакстанга иштейм деп кеткен боюнча дайынсыз. Угушубузча, аны Казакстандын полиция кызматкерлери чек арадан алып кирип кетишкен. Даниярды көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерге байланышып коюңуздар.
Эжеси Бүбүайша Усупова, тел.: 0779 60-79-25
"САДЫРДЫ ИЗДЕП КЕЛЕМ"
– 2001-жылы Караколдон Бишкекке автобуста келе жатып Жети-Өгүздүн Чырак деген айылынан 1968-жылы туулган Садыр деген киши менен таанышкам. Ал Чолпон-Ата шаарынан түшүп калган. Садыр мага "Бишкектеги Ак-Өргөө конушунда жашайм, ПМКда иштейм" деген эле. Садыр, окуп калсаң мени менен байланыш.
Гуля, тел.: 0778 76-80-58
"ДОСУМ АТАСЫН ИЗДЕЙТ"
– Менин атым Дастан, учурда Казакстандын Павлодар деген шаарында жашайм. Менин Мерхат деген досум атасын издеп жүрөт. Атасы 1986-1987-жылдары Казакстандын Семей (Семипалатинск) шаарында аскердик кызматын өтөгөн экен. Аты-жөнү Мырзабек Абишев же Абикешов, болжол менен 1966-1967-жылы туулган болушу мүмкүн.
Дастан, тел:. +7 777 966 3055
БАКТЫБЕК ӨМҮРАЛИЕВ ИЗДЕЛЕТ
Бактыбек Өмүралиев 2015-жылдын 14-июль күнү болжол менен саат 11лер чамасында Бишкек шаарындагы Учкун кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Ал 1987-жылы Талас шаарында туулган. Өзгөчө белгилери: узун бойлуу, арыкчырай келген, сары жигит. Сакал-муруту, чачы өсүп кетип таанылбай калышы мүмкүн. Талма жана эс-тутумун жоготуу дарты менен жабыркайт. Көргөн-билгендер болсо
0701 81-14-80 телефон номерине же 102 телефону аркылуу милицияга кабарлап коюшуңуздарды өтүнөбүз.
Сүйүнчүсү бар.
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28