Сайкал Садыбакасова: "САХНАНЫ ТАШТОО МЕН ҮЧҮН ООР БОЛОТ"

Сайкал Садыбакасованын сахнада жүргөнүнө быйыл 15 жыл болуптур. Учурда ал "декабрь айында Бишкекте алгачкы концертимди берем" деп даярданып жүргөн чагы.

– Салам, Сайкал, сахнада жүргөнүңө көп жыл болду, өзүңдү жеке концерт берүүгө бышып-жетилдим деп ойлойсуңбу?
– Саламатсыздарбы, ооба, чынында мындан 5-6 жыл мурун деле жеке концертимди бере алмакмын. Буйрук экен, быйылкы жылга туура келди. Учурда жаңы ырларды жаздыруу менен алекмин. Өзүмдүн репертуарымда 50дөн ашуун ыр бар, алардын баарын концерттик программага киргизүү кыйын болуп жатат. Концертибиздин сценарийи 6 бөлүктөн турат. Бул сценарий дагы кыскарат. Апама "мен 10 саат концерт коёмбу" деп жатам. Чыгармаларым көп болгондуктан, көпчүлүк ырларымды попурри кылып жаздырдык.

– Ырчылар концертти күзүндө көп беришчү эле, сен эмнеге кыш айына токтолдуң?
– Негизи мен 10-декабрь – апам экөөбүздүн туулган күнүбүздө берели дегем. Бирок ал күндөрү Спорт Ордосу бошобой калды. Быйыл менин мүчөл жылым, буюрса, абдан жемиштүү болду. "Кыз-Бурак" тобу менен көптөгөн мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катыштык. Өзүмө, "Кыз-Бурак" тобуна жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырдык. Апам жыл башында "сенин жеке концертиңди өткөрөбүз" дегенде тамашалап жатат го деп ойлогом, жыл аяктаганда минтип тамашасы жок эле менин максатым, эмгегимдин үзүрү ишке ашып жатканына кубанып отурам.

– "Жеке концертимди бергенден кийин жеке турмушумду ойлоном" деп калдың...
– Ооба, акыркы убакта апам да кабатырланып, "турмушка чык" деп көп айтчу болду. Апамдын "31-декабрга чейин жигитиң менен тааныштырасың, болбосо январда берилген убакыттын мөөнөтү бүтөт. Ошондо мен айткан жигитке турмушка чыгасың" деген талабы бар. Ошентип сүйлөшүп, экөөбүз кол алып беришкенбиз. Эми эмне болот билбейм (күлүп). Качан турмушка чыгам, ал Кудайдын буйругунан да. Концерттен кийин турмушка чыгуу тууралуу ойлонуп баштайм дегеним ушундан.

– Болочоктогу жолдошуң чыгармачылыгыңа каршы болсо эмне кыласың?
– Мен апамдын курсагында жаткандан баштап эле ыр, музыка угуп чоңойдум. Үйүбүздөн атактуу ырчы эжекелерибиздин кешигин жеп, алар тамак ичкен идишке тамак ичип өстүм. Кыскасы, менин жашоом чыгармачылык менен жуурулушуп калган. Бирок үй-бүлө ыйык. Аял киши үчүн үй-бүлө бардык нерседен өйдө турушу керек. "Күйөөсүн ыраазы кылган аял бейишке чыгат" деп коёт эмеспи. Эгер келечектеги жолдошум мени бүт тараптан камсыз кылып, сахнаны ташта десе, албетте таштайм. Бирок сахнаны таштоо мен үчүн оор болот.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
alemdar1988
2016-11-23 01:17:51
Мага да аябай жагат ушул кыз.
0
umar.88
2016-11-23 09:44:22
Урматтуу журналист Сайкал жеке концертин бербегенде анан Ким берет?Башкалар бир ыры менен берип журот.Суроону берээрден мурда кичине ойлонуп койсонуз.
0
akubeku
2016-11-23 19:43:31
ийгилик кааалайм
0
melkaya
2016-11-23 20:17:25
Сайкал акыркы убактарда ото сулуу болуп кеттин.Баары жарашыктуу.
+1
chika-chika88
2016-11-24 08:19:04
Сайкал,ырларынды суйуп ушам. Соз жок,голосунада талантына да. Кудайым бешененди ачсын, сага жалан жакшылыктарды каалайм. Уй булобуз менен сенин ырларынды суйуп угабыз. Гулшайыр эжеге да ыраазычылык билдирем,сендей кыздарды кобуры тарбиялап остургонуно.
+1
chika-chika88
2016-11-24 08:20:16
Концертини ийгиликтуу откоруп ал. Ийгилик каалайм. Бар бол красавица!
+1
DNurgiza
2016-11-24 14:01:13
"апам апам" эле дей бериптир гоооооо
0
maksat
2016-11-24 16:07:13
Ийгилик!
+1
munara-55
2016-11-25 12:38:57
Сайкалдын мыкты экенин ушундан билсек болот, бир да негативдуу коментарии жок экен. Баарын окуп чыктым. Сайкал ушунундан жазба. Бир эле ырчы катары эмес Адам катары да мыктысын. Бар бол, бай бол, Бактылуууууууу бол...
+1
Mir83
2016-11-25 23:58:28
Чындыгында ырлары сонун жакшы ырдайт
+1
Deniza-kyzy
2016-11-26 00:29:02
Апасы эле болсо ырды таштата турган куйоого берип калсын. Дубалга такап, созун алып, ырчылыгын токтоттурсан олосун деп туруп берсе керек. Сайкал ырдабай калса Кыз-Бурак токтойт. Эженин гостролдоп жургонго жашы туура келбейт. Темболее азыр Сайкалдан башка таанымал кыз жок группада.
+2
sezim_osmonalieva111
2016-11-26 08:14:50
Кыргыз эстрадасындагы эн татыктуу козго басаар ырчы)))Сайкал,биз сени уй-булообуз менен жакшы коробуз,сыйлайбыз!Азаматсын,концертине барабыз кудай буйруса
+1
Mavlyuda
2016-11-26 12:39:51
АЗАМАТ КЫЗ. ИЙГИЛИК. БАКТЫЛУУ БОЛСУН
+1
Antoshka2016
2016-11-27 11:55:52
Саку бир соз менен айтканда ачык айрык.тарсылдак кыз.Апасына окшоп (темир аял)болсо керек
0
tulpar90
2016-11-27 16:59:47
Кыргыздын ар кызы бактылуу болууга тийиш.
0
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан