Ырчы Айгерим Расул кызы Ош шаарында өзүнүн мода үйүн ачууга камданып жатканын кабарлады. Ырчы: "Ошто тойлор абдан көп болот. Ошого жараша айымдардын кече көйнөктөрүнө талап жогору. Ушундан улам өзүмдүн мода үйүмдү ачайын деп чечтим. Бизнести чакан бутик ачуу менен баштап жатам. Анда өзүмдүн дизайным менен тигилген, буйрутма менен Бишкектен тиктирткен жана чет өлкөдөн алып келинген кече көйнөктөр сатылат. Келечекте "Ханбийке" мода үйүмдү кеңейтип, Бишкек шаарында да филиалдарын ачуу пландарым бар",- дейт.