Тамашоучу, актёр Самат Эркинбеков учурда Сүйүн Откеевдин жаңы тасмасына тартылууга даярданып жүрөт. Адатта дайыма оң каармандын образын аткарган Саматты бул тасмада башкача өңүттө көрө алат экенбиз. "Чыгармачылыгымда биринчи жолу терс каармандын ролун аткарам. Жаман адамдын ролун аткаруу оңой эмес экен, күндө күзгүнү карап даярданып жатам. Терс каармандын ролун аткаруу сырларын "Дем" театрынын актёру Эркин Эгембердиев үйрөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Атайын роль үчүн чачымды өстүрүп жатам, талап боюнча тасмада узун чачтуу жигиттин ролун ойнойт экенмин",- дейт күлкү жаратуучу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
leilek_suluktu
2016-11-21 10:26:02
ийгилик мага аябай жагасын.
+3
Alinur.Jumagul
2016-11-21 11:53:59
Ийгилик!!!
+3
Kanzada97
2016-11-21 13:06:59
Самат га терс каарман жарашпаса керек
+3
VIK
2016-11-21 18:00:39
Кино чыкканда королучу анан
+2
aruuke9292
2016-11-21 19:30:08
кайсы бир кинодо "акча кана" деп сакалчан тартылган эле го,аябай кулкулуу
+2
mister.ailasyz
2016-11-22 11:12:40
Бул жигит тра каармандын ролун да катыра аткарышына ишенем.
0
Nurkyz1977
2016-11-22 15:56:43
Ийгилик!
+2
ilgis1991
2016-11-23 00:29:06
Самат каяктыксын?
0
Bak.taalai
2016-11-23 01:26:20
Чабал ордок эрте учат дегендей ДОФАга тартылаарын менен жылдыз болдун го. Но молодец
+1
jazmina909090
2016-11-23 10:05:51
Терс ролду ойносоң деле күлкүмүштүү болот болуш керек деп ойлоп жатам
+1
Rinat91
2016-11-25 15:37:20
Молодец,кинону кутолучу
0
tulpar90
2016-11-27 17:02:13
Тамашоунун жылдыздары эле Мурат экөө.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.