Кулагыңызга күмүш сырга! 9-декабрь күнү Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракеси болот. Салтанат кызыктуу шоу программадагы концерт менен коштолуп, анда эки муундун ырчыларын бириктирген майрам, "Супер сулуу-2016" сынагы сизди зериктирбейт. Эске салсак, финалга чыккан 16 бийкечтин арасынан жеңүүчү аталган кыз кыштын ызгаарында экзотикалык өлкөгө, деңиз жээгине барып саякаттап келүүгө жолдомо алмакчы. Сынакта сулуулар өзүн тааныштыруу, купальникчен чыгуу, чыгыш бийин бийлөө, кече көйнөгүн көрсөтүү тапшырмаларын аткарышат. Учурда кыздар сынакка кызуу даярданып жаткан кези. Талап боюнча сулуулар сахнада маралдай кериле басып, таажыга татыктуу экенин көрсөтүүсү зарыл. Аларга көрктүү басууну үйрөтүп жаткан "Супер сулуу-2009" наамынын жеңүүчүсү, модель Жамиля Ишенбаева: "Сулуулар менен 1 айдан бери даярданып жатабыз. Кээ бир кыздар мода көргөзмөлөрүнө катышып тажрыйбалуу болсо, айрымы дефиленин сырларын билишпейт экен. Биринчи сабакта такыр шиш така кийип баса албаган кыздар эми жакшы жыйынтык көрсөтүп, туура басып калышты. Буюрса, даярдык жакшы. Сулуулардын ийгиликке ташталган кадамына көмөктөш болгонума кубанычтамын",- дейт. Эгер сулуулардын көз жоосун алган бийин, сулуу жүзүн жана келишкен келбетин көргүңүз келсе, анда концертке шашылыңыз. Бул күнү "Супер сулуу" наамына ат салышкан ай чырайлуу бийкечтер сиздер үчүн талантын тартуулашат. Жылдын мыкты шоусун өткөрүп жибербеңиз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Ema_nookat
2016-11-21 09:47:44
Баарына ийгилик каалайбыз...
-4
leilek_suluktu
2016-11-21 11:29:42
чыгыш бийи мейли эчнерсе эмес купалникчен чыгат экен уят
-3
Alinur.Jumagul
2016-11-21 11:58:37
Купалникчен Колдо деле журушпойбу? Эмнеси бар анын,соонун эле чыгыш бийида жакшы.Эми бул сулуулар конкрусунун шартты ошондойда.
-4
Seryi-Kardinal
2016-11-21 13:38:08
suluuraak ech kim jok go
+4
Nazikbaigazy
2016-11-21 15:01:03
Баарынар супер сулууга татыктуусунар
-7
jama9210
2016-11-21 17:49:38
Баары бир карапайым уй булодон чыккан кыз ала албайт. Супер сулууну кийин карасан эле же байдын кызы алат же дагы башкасы алат
+5
dreambig
2016-11-21 20:13:47
Кечиресиздер, а билет баасы канча сом?
0
admin_superstan
2016-11-22 10:11:42
dreambig, саламатсызбы! Билет баасы 250-400 сом. Сурап билүү телефону: +996 704 441 120
0
Uson13
2016-11-21 20:33:46
Купальникчен чыкканын атасы көрсө эмне абалда болот экен
+7
Bak.taalai
2016-11-21 22:28:09
Ууужас жалан мыркынбайлар го
+4
Umka636589
2016-11-22 01:27:43
Мен супер инфонун концертин аябай барып коргуп келет,2010-жылдарга чейинки концерттерине барып катышчуубуз.Акыркы убактарда ар жылдык концеттеринде кыздар жарым жыланач чыга башташты,биз ошол учун барбай калдык,уялбагандан озун уял дегендей
+1
Rinat91
2016-11-25 16:09:51
Umka636589,эн туура айтасынар
0
tynchtyk93
2016-11-22 18:17:30
Купальникчен чыгат деп айтбаса элдер барбай койот беле элди кызыктырыш керек да а!
+1
Deniza88
2016-11-25 00:43:26
Короче ((((((((
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.