ОШТУН МЭРИ КЫТАЙЛАРГА TOYOTA LAND CRUISER АЛДЫРДЫ

Кыргыз өлкөсүндөгү Кытай элчилигинин Ош шаарындагы консулдугу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге Toyota Land Cruiser 200 унаасын белек кылды. Жол тандабастан тышкары элчилер "Тез жардам" кызматын көрсөтүүчү 1 машина тартуу кылган. Ал эми Toyota Land Cruiser 200 унаасына Ош шаарынын башчысына бекитилген 00 01ОА мамлекеттик номери орнотулду. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.
Өткөн жылы Айтмамат Кадырбаев Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү кызматтык унаа алууга бюджеттен 2 миллион 750 миң сом коротмокчу болгон. Мэр ошол учурдагы Мицубиси Паджеро кызматтык унаасы 2009-жылдан бери колдонууда болуп, эскирип кетти деп шылтоо кылган эле. Бирок анын мындай кадамы шаардык кеңештин депутаттары жана коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Эми Оштун мэри башка өлкөнүн элчилигине кымбат машинаны алдыртып тынды. Мындай кымбат белектен кийин Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кытай жарандары көбөйбөсө эле болгону...

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан