SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
10-ноябрь:
БИЙЛИК ОППОНЕНТТЕРИН КЫЛМЫШ ИШИ МЕНЕН ОПУЗАЛООГО ӨТТҮ
Конституцияны өзгөртүүгө каршы депутат Канатбек Исаевге карата эски кылмыш иши жанданганын бүгүн SUPER.KG порталына Башкы прокуратура тастыктады. Албетте, "Исаевге карата иш жанданды" деген жок, Токмок шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине карата 2010-жылы ачылып, кайра токтотулган иш кайра караларын билдирди башкы көзөмөл органы. Кылмыш иши убагында негизсиз токтотулганын атайын топ таап чыгыптыр. Токмок шаарын 2008-2010-жылдары учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев жетектеп турган. Чаң басып жаткан 6 жыл мурунку иш күтүүсүз жанданды. Муну жөн гана дал келгендик деп айтуу кыйын. Исаев бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыкканы, президенттин дарегине олуттуу сындарды айтып жатканы белгилүү. Анын тизгинин тартууга укук коргоо органдары киришкенсийт. Коомчулук бийликтин ушундай жол менен оппоненттерди "сындыруу" аракетин айыптап жатат. Бакиев режиминде оппозиция өкүлдөрү дал ушинтип кысымга алынганын, бийлик тарыхтан сабак албаганын айткандар арбын...
11-ноябрь:
ПАРТИЯЛАРДЫН АТКАРЫЛБАС УБАДАЛАР АЙЫ СТАРТ АЛДЫКыргыз мамлекетинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга карата үгүт кампаниясы старт алды. Көпчүлүктүн көңүлүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо кызыктырып турганы анык. "Ата Мекен" борбор шаарда шайлоого ат салышуудан баш тартып, муну шайлоого катышуудан майнап чыкпасы менен түшүндүрдү. Ошентип КСДП негизги атаандаштарынын биринен оңой кутулду. Ошондой эле "Замандаш" дагы шайлоого катышпай турганын жарыялаган. Бишкек шаардык кеңешине жалпы 14 партия катышууда.
Үгүт кампаниясы башталары менен Бишкекке жаңылык кирди. Борбор калаада коомдук ажатканалар орнотула баштады, алгачкысы мэриянын маңдайына – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанына коюлду. Мэриянын шаардыктарга кам көрүүсү дал бүгүн жанданганы шайлоочуларга КСДПны эске салуу аракетиндей таасир калтырат. Эмне үчүн сентябрда же октябрда эмес, дал бүгүн? Мындай ажатканаларды шаардын 18 жерине орнотуу пландалып жатканы айтылды. Демек, ажатканалардын дал бүгүн ишке берилиши Албек Ибраимовдун шаардыктардын колдоосуна ээ болуп, ошонусу менен КСДПны жакшы көрсөткүсү келип жаткан аракети деп түшүнүүгө болот. Президент хан сарай салып жаткан Кой-Таш айылындагы жер тилкеси боюнча Ибраимовго коомчулук тарабынан олуттуу айыптар коюлганына карабай азырынча анын мышыгын бирөө "пыш" дей элек. Бийликтин кол баласы болгону үчүн кол тийгизилбей жатабы? Башка саясатчыларга көп жыл мурунку эски иштер кайра ачылууда, ал эми мэрге байланыштуу Өмүрбек Текебаев жарыялаган фактыларга көңүл бурулган жок. Албек Ибраимов өзү берген маалыматта фактылар бири-бирине дал келбей жатканына да көңүл бурулбады. Башкы прокуратура Ибраимов "Дастан" ишканасына караштуу жер тилкесин сатып алып, кайра президент Атамбаевге сатуу ишинде мыйзам бузбаганын айтып чечим чыгарды. Башка бирөө болгондо, балким, эчак "Бакиевдин жакын санаалашы, эл душманы" аталып бүт өлкөгө жар салынмак, камалышы да ыктымал эле. Мындай камкордукка мэр да жооп кайтарышы керек, даараткана куруп болсо да...
14-ноябрь:
ТЕКЕБАЕВДИ КАМАККА АЛУУ УЧУРДАГЫ БИЙЛИКТИН ӨМҮРҮН КЫСКАРТЫШЫ МҮМКҮНБул аптанын биринчи күнү Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөт аралыгындагы эң оор күндөрдүн бири катары эсте калышы мүмкүн. Ажо чекисттердин башчысын, андан кийин башкы прокурорду кабыл алды.
Бул эки жолугушуунун биринчисинен баштасак. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев мурдагы жогорку кызматтагы 3 адамдын "Мегакомдун" чуусуна байланышы бар делген документтерди мамлекет башчысына көрсөттү. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бул 3 адамды тергеп алганы менен, коомчулук сөздүн төркүнү Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновага барып такаларын илгиртпей түшүндү. 2012-жылы "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун ("Мегаком") улутташтырыла элек акцияларын сатуудан түшкөн 50 миллион долларды "Саутфилд" компаниясы алышына 3 адам кызыкдар болгонун жеткирди Сегизбаев Атамбаевге. Аталган компания кезинде "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун ("Мегаком") 50 пайыздык акциясына ээлик кылып турган. Компаниянын ээси Максим Бакиев болушу мүмкүн (!) деп эсептейт УКМКнын башчысы. Мындайча айтканда, мамлекеттин жана улуттун коопсуздугу үчүн жооптуу болгон мекеменин башчысы божомолдун (!) негизинде топтолгон маалыматты президентке айтып берип жатат. Бул жолугушуу тууралуу таратылган маалымат да күдүктүү ойлорго ээрчитет. Адатта президенттин кароосундагы иш кагаздары эл көзүнө көрсөтүлчү эмес, бирок бул жолу документ деп 3 сүрөт көрсөтүлүп, алардын ар бири интернетте азырынча жообу жок суроолорду жаратууда.
Эми экинчи жолугушууга өтсөк. Ажо башкы прокурор Индира Жолдубаевага "Саутфилд" компаниясындагы үч депутаттын пайдасындагы акциялары боюнча текшерүүнү тапшырды. Бул окуяга байланыштуу Текебаев УКМК жарыялаган документтер жасалма деп билдирди. Ал эми Шыкмаматов Жогорку Кеңеште маалымат жыйын өткөрүп, президенттин командасы тарабынан матрёшка-гейттин экинчи сериясы башталганын айтты. Депутат 2006-жылы Текебаевдин Польшанын аэропортунан матрёшка куурчагына салынган баңгизаты менен кармалганын, аны бийлик уюштурганы белгилүү болуп, "ата мекенчи" акталганын, кийин Геннадий Павлюк менен Медет Садыркулов өлтүрүлгөн окуяларды эске салды жана ошол операциялардын баарына УКМК жана башка мамлекеттик органдар катышканын билдирди. Салянова болсо буга чейин Жогорку Кеңеште бул чуу тууралуу: "Башкы прокурор болуп турганымда "Мегакомдун" 51 пайызын мамлекетке өткөрүүдө эмгегим чоң",- деп айткан болчу.Бул аралыкта бүгүн Текебаевдин үйүнө белгисиз адамдар кирип, сейфти ачууга аракет жасашканы белгилүү болду. Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын айтымында, баалуу буюмдарга тийишишкен эмес. Үйдү текшерип чыккан ыкчам иликтөөчү топ "кол кап менен иштешиптир, артынан из калтырышпаптыр" деген. Башкы "ата мекенчинин" үйүнөн Баш мыйзамдын түп нускасын издештиби, же тескерисинче, "Мегакомго" байланыштуу кагаздарды таштоого аракет кылыштыбы, азырынча белгисиз. Эки окуянын бир күндө болуусу жөнөкөй гана дал келүүчүлүкпү?..
Коалиция лидерлигинен түшкөн Канатбек Исаевге карата 2010-жылы козголуп, кайра токтотулган кылмыш иши Башкы прокуратурада жаңыдан карала баштады. Ал бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин, президент Алмазбек Атамбаевдин кадрдык саясатын кескин сынга алгандан кийин токтотулган кылмыш иши "капысынан" жанданып отурат. Бийликтин минтип оппоненттерине кылмыш ишин ачуу, темир тор артына камоо аркылуу ооздуктоо аракети бийлик күткөндөй жыйынтыкты алып келбесин 2005 жана 2010-жылдагы окуялар көрсөткөн эле. Ошол эле Өмүрбек Текебаевди да, Алмазбек Атамбаевди да 7-апрель күнү УКМКнын СИЗОсунан Бакиевдин диктатордук режимине каршы көтөрүлүп чыккан эл алып чыкканы унутула элек...
16-ноябрь:
БИЙЛИК БҮГҮН ТЕКЕБАЕВДИ ЖЫКСА, ЭРТЕҢ БАБАНОВДУ ОҢОЙ ЭЛЕ ЖЫГАТ
Өмүрбек Текебаевге ыргытылган сыйыртмак бийликтин өзүн муунтуп баратат. "Белиздин расмий органдарынан алынды" деп президент Алмазбек Атамбаев менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев талкуулаган документтер жасалма экенин депутаттар Текебаев менен Шыкмаматов парламент жыйынында айтып чыгышты. Андагы документтердин бирине 15753/2016 номуру коюлуп, аны E.O.Pennil аттуу адамдын бекиткенин да көрүүгө болот. Белиздин Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил документке кол койгон жергиликтүү адвокат Раян Вробелдин гана колун тастыктап өз мөөрүн басканын билдирди. Ал Кыргыз Республикасына жиберилген документтин мазмунунан кабары жок экенин бүгүн "Азаттыкка" айтты.
Мындан улам УКМК жарыялаган документтерди "жасалма" дегенге негиз жаралды. Текебаев дагы ушуну белгилеп, мунун артында президент Атамбаев турганын айтты. "Матрёшка-гейт 2" болуп президенттин абийири ачылды, жалганы чыкты. Бүгүн Атамбаевге "туура эмес кылып жатасыз" деп айта турган командасында бир дагы адам калбай калды, бул жол аңга алып барат. Оппозиционерлерди куугунтуктоо, массалык түрдө жамандоо – ар бир саясий режимдин өмүрүнүн акырынын белгиси",- деди Текебаев.
"Матрёшка-гейт" окуясын эске салсак. Бакиевдин тушунда, 2006-жылдын күзүндө "Ата Мекен"партиясынын лидери жана депутат Өмүрбек Текебаев Польшанын аэропортунда кармалган. Анын жүгүнөн героин салынган матрёшка табылган. Парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия депутат Текебаевге каршы уюштурулган провокацияга Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана анын биринчи орун басары Жаныш Бакиевдин тиешеси бар экенин айтып билдирүү жасаган. Оппозиция жана парламенттин өкүлдөрүнүн айыптоолорунан кийин Бусурманкул Табалдиев өз арызын жазып отставкага кетсе, Жаныш Бакиев президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен кызматтан алынган. Текебаевди сындыруу аракетинен майнап чыккан эмес. Бул ирет Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин бийлик тарабынан "ата мекенчилерге" башталган чабуул эмне менен аяктаары белгисиз. Ошол "матрёшка-гейт" окуясы өңдүү Белиз окуясы да бийликти өзү казган аңга түртөт сыяктанып турат.Бүгүн Бабановдо оппозициялык дух байкалды. Күчтүү электоратка ээ Бабанов да Жогорку Кеңеште калыс сөзүн айтып Текебаевге колдоо көрсөткөнүнө эл күбө болду. Ал Бакиевдин тушунда "матрёшка-гейт" окуясына күбө болгонун, бүгүн да "Ата Мекен" партиясынын лидерине оор айып тагылып жатканын белгилеп, депутаттарды чындык тарапта болууга чакырды. Учурдагы бийликти эртеңин ойлоп чочулаткан негизги эки адам – Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов. Бийликтин мамлекеттик машинасы бүгүн Текебаевди жыкса, эртең Бабановду көздөй буруларын "республикачы" түшүнүп турат. "Экөө атамбаевдик командага каршы биригиши мүмкүн" деген кептер жөн жерден чыккан эмес. Быйыл жайында "өлкөнүн түштүк жана түндүк жергесинен болгон эки чоң саясатчы тандем түзүшүп, бири премьер, экинчиси президент болорун өз ара чечип алышкан" деген божомолдор айтылган эле. Бүгүнкү мындай "жан тартуу" ошондой тандемдин пайдубалы болуп калар? Эгер чындап мындай тандем түзүлсө, азыркы бийликке баш оору болору турган иш. Президенттик шайлоого 1 жыл гана калды.