Адольф Гитлер еврейлердин башкы максаты – немис интеллигенциясын жок кылуу деп билип, аларды аёосуз кырууга өткөнү белгилүү. Бирок мындай саясат баёо сезимдердин ээси болгон балдарга, албетте, туман. Лагерде кармалып жаткан еврей улутундагы Шмуэль менен лагердин комендантынын уулу немис улутундагы Брунонун достугу баяндалган тасма – "Ала кийимчен бала" туурасында сөз кылабыз.
Жанры – Драма
Режиссёру – Марк Херман
Продюсерлери – Рози Элисон, Марк Херман, Дэвид Хейман
Сценарийин жазгандар – Жон Бойн, Марк Херман
Тарткан өлкө – АКШ, Улуу Британия
Тартылган жылы – 2008-жыл
Узактыгы – 94 мүнөт
Тартууга кеткен каражат – 12 500 000 доллар
Сатыктан – 40 миллион доллар топтой алган
Башкы ролдордо – Эйса Баттерфилд (Бруно), Жек Скэнлон (Шмуэль), Вера Фармига (Брунонун апасы), Дэвид Тьюлис (Брунонун атасы) жана башкалар
КӨРӨРМАНДЫ ЖАШЫТКАН ТАСМА
8 жаштагы немис улутундагы Бруно II дүйнөлүк согуш учурунда Берлинде жашайт. Атасы улутчул чиновник мурунку иш ордунан еврейлер кармалган концентрациялык лагерге комендант болуп көтөрүлөт. Буга байланыштуу Бруно ата-энеси менен башка жакка көчүүгө туура келет. Досторун таштап кеткиси келбеген жеткинчекке бул окуя анча жакпайт.
Жаңы жайга көнө албай, өзү теңдүү балдардын жоктугуна капа болуп жүргөн Бруно бир күнү үйдөн анча алыс эмес жерде ферма бар экенин, анда дайыма ала кийимчен адамдар жүрөрүн байкап калат. Ата-энесинин "алыска кетпе" деп тыюу салганына карабай ал үйдөн качып чыгып, эки жакты кызыгуу менен иликтеп кирет. Ошентип ал ферма деп ойлоп жүргөн жерден өзү курактуу еврей улутундагы Шмуэль менен таанышып, достошуп калат.
Эч нерседен капарсыз, жан дүйнөлөрү таптаза, ак-караны ажырата элек жеткинчектер Бруно менен Шмуэлдин достугу күндөн күнгө күч алат. Бруно досунун лагерде жатканын, адамдар улутка, расага бөлүнөрүн, атасы еврей улутун жок кылуучулардан экенин деле билбейт.
Брунонун апасы концлагерге жакын жашагандарына нааразы болуп, эки баласын алыс алып кетүүнү чечип, жолдошу менен бул маселени катуу талкуулай баштаган эле. Акыры эненин бул тилеги орундалмай болот. Эртең кетебиз деген күнү Бруно досу алып келген ала кийимди кийип, лагерге кирип досунун атасын табууга жардам берейин дейт. Бирок аларды ажал аңдып турганын кайдан билишсин. Ушул жерден көрөрман "аттиң, Брунонун апасы баласын бир аз эртерээк издегенде, жок дегенде бири аман калат беле" деп кейигени турган иш. Ошентип, 2 дос лагердеги өлтүрүлгөнү жаткан ала кийимчендерге кошулуп камерага камалат да, бул жарык менен кош айтышат.Тасма талаасына 7 жашында келген ЭЙСА БАТТЕРФИЛД бүгүнкү күнгө чейин камера алдында ар түрдүү каармандарды жаратып келет. 19 жаштагы актёр ушул кезге чейин 15ке чукул фильмге тартылды.
ЖЕК СКЭНЛОНДУ "Ала кийимчен бала" тасмасы жакшы эле белгилүү кылган. Бирок Жек болгону 2 киного тартылып, карьерасын музыка айдыңынан улантып келет. Учурда 18 жашта, бир нече ырлардын автору, гитарачы, ырчы.
ФИЛЬМ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Сүйүн Кулматова
star@super.kg