"Кагылайын тууган жер! Бармактайымдан жетим калып, башка эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры энемди тапкандай өзүңдү таап келдим эле. Колумдан келишинче иштедим. Сенден аянар менде жан жок эле. Баары ойдогудай болбой калса кечир мени... Мен сени кайрылып көрөмбү? Көрсөм качан көрөм?!" Бул сөздөрдү Исхак Раззаков кызматынан алынып, кесиптештери менен коштошуп чыккан соң борбор калаанын сыртына барып, бадалдын арасында жерди кучактап балача шолоктоп ыйлап жатып айткан. Кыргыз эли эчак эле берип койгон "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын бийлик маркум Исхак Раззаковго ушул жылдын 11-октябрында расмий ыйгарды. 25-октябрь анын туулган күнү болгондуктан, бул улуу инсан жөнүндө маалымат берип, замандаштарынын эскерүүсүн сунуштамакчыбыз.
ЖЕТИМДИКТЕН ЖЕТЕКЧИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ
Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында Лейлек районунун Коросон деген айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Келечектеги жетекчи 3 жашында апасынан, 8 жашында атасынан ажырап тоголок жетим калат. Ошентип ал Тажикстандын Хожент шаарындагы жетимдер үйүнө кабыл алынып, турмуш жолу бүтүндөй башка нукка түшөт. Орус тилин тез өздөштүргөн Исхак Раззаковду 1923-жылы Ташкенттеги жатак мектепке которушат. Билимдин артынан түшкөн Раззаков 1931-жылы Ташкенттеги агартуу институтун, 1936-жылы Москвадагы пландоо институтун аяктайт. Ошол жылы Өзбекстанга жөнөтүлүп, пландоо комитетинин бир бөлүмүн жетектөө менен алгачкы мамлекеттик ишмердүүлүгүн баштайт. 1945-жылга чейин Өзбекстандагы жогорку кызматтарда иштеп, КПСС БКнын бюросунун чечими менен 35 жаштагы Раззаков Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы кызматына дайындалат. 1950-жылы төрагалык кызматтан Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына көтөрүлгөн.
Кыргыз өлкөсүндө Раззаковдун учурунда чоң иштер жасалган. Ошол учурда жасаган бир-эки иштеринен мисал келтире кетсек: 1953-жылы мамлекеттин түндүк жана түштүк аймагын байланыштырган Бишкек-Ош (Фрунзе-Ош) жолу курула баштаган. 1954-жылы Илимдер академиясы ачылган. 1956-жылы айыл чарбасындагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз өлкөсү биринчи жолу Ленин орденин алган. Мектептердин саны өсүп, орус мектептерде кыргыз класстар ачыла баштаган. 1960-жылга карата өлкөдө 8 жогорку окуу жай, 27 техникум ачылган жана анда 40 миңдей студент билим алган.
ЖАКШЫ ИШТЕП "ЖАМАН" КӨРҮНГӨН РАЗЗАКОВ
1961-жылдын 8-9-майында Кыргыз ССРиндеги Борбордук комитеттин VI пленуму болгон. Бул пленумда мурда бекилген сценарий боюнча биринчи катчы Исхак Раззаковду жана Министрлер советинин төрагасы Казы Дикамбаевди "жаман" иштегендиги үчүн жумуштан алышкан. Анда Раззаковго "эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштешүүдө кетирген олуттуу кемчиликтери жана жаңылыштыктары үчүн" деген айып коюлган. Ошентип 1961-жылдын 9-майында Раззаков жумуштан алынып, Москвага үй-бүлөсү менен көчүрүлгөн. Анын иштен алынышын америкалык, англиялык маалымат каражаттары: "Акыркы Ленинчил-Сталинчил кадр иштен алынды" деп жазып чыгышкан. 1961-1967-жылдары СССРдин жооптуу кызматтарында иштеген Раззаков 57 жашында пенсияга чыгып, 1979-жылдын 19-мартында каза болгон. Москвада жашаган 18 жылдык өмүрүндө бир ирет гана мекенине келип кеткен. Эгемендүүлүктү алган соң 2000-жылдын 1-июнунда сөөгү Кыргыз Республикасына алып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
"АР УЛУТКА ӨЗ ТИЛИНДЕ КАЙРЫЛЧУ"
Лейлек райондук комитетинин аппаратында иштеген Дооран Абдыкеримовдун эскерүүсү:
– 1958-жылы Раззаковго жолуктум. Кулунду айылы кургак жер, чаң, тикенек болгондуктан Раззаковдун буйругу менен айылды өнүктүрүү картасын түздүк. Ошол иштер менен таанышуу үчүн ал айылга келип жыйын кылды. Жыйында: "...Лейлектиктер, окубасаңар, маданиятты көтөрбөсөңөр эч качан өнүгө албайсыңар. Айылдык жаштардын окуусу үчүн бардык шарттарды түзүп койдук. Бул райондон болсо 5 жылда араң 3 баланы окууга жөнөтүпсүңөр. Бир да кыз жок. Анан кантип айылдар өнүкмөк?.."- деп биринчи катчы менен район төрагасын сындап, эки жетекчини тең иштен алган. Таң калганыбыз бир да кагазды карабай бир жарым саат бою ушунчалык чечендик менен сүйлөгөн. Жыйынга катышкан өзбекке өзбекче, тажикке тажикче, кыргызга кыргызча сүйлөп кайрылчу. Чыныгы интернационалист эле.
"МОСКВАГА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОПУРАГЫН АЛДЫРГАН"
1968-жылдары Москвадагы айыл чарба институтунун студенти болгон Сайипкарим Маматовдун эскерүүсү:
– 1968-жылы Кыргызстандан Раззаковдун туугандары менден бир түйүнчөк берип жиберди. Көрсө, анын ичинде Кыргызстандын бир ууч топурагы менен чөптөрү бар экен. Раззаков мекенге болгон кусалыгынан бир ууч топурактан башка эч нерсе сурабаптыр. Москвага жеткизип барып колуна аманатты тапшырдым. Раззаков түйүнчөктөгү топуракты алып эле жыттап, өөп, бетине сыйпай баштады. "Бетиңиз кир болуп калды" десек, "эч нерсе болбойт, бул менин Кыргызстанымдын топурагы да" деп сагынычын ыйлап-ыйлап таркаткан эле.
"БУТУ СУУ БОЛСО ДА КҮТҮП ТУРУПТУР"
Исхак Раззаковдун жубайы Рауза Ибрагимованын сиңдиси Софи Байзакованын эскерүүсү:
– Исхак Раззакович абдан маданияттуу, интеллигент киши эле. Ушунчалык адамгерчиликтүү инсан болгондуктан кичинеби, чоңбу баарына "сиз" деп кайрылчу. Анын дагы жогорку жетишкендигинин бири – ар тараптуу өнүккөн киши болгондугу. Себеби дарыгерлер менен сүйлөшсө аны медициналык институтту бүтүргөнбү деп ойлойт эле, же маданият инсандары менен баарлашканда маданият кызматкери окшойт деген ойду жаратчу. Анткени ал ким менен сүйлөшпөсүн ошол чөйрөнүн инсанына айлана алган. Мен бир жылы диссертациямды жактоо үчүн Ленинграддан Москвага барып калдым. Ошондо аба ырайы бузулуп, жаан жаап турган болчу. Москвага келип түшсөм эле жездем мени бут кийими суу болуп калса да күтүп турган экен. Мен анын мындай жакшылыктарын эч качан унута албайм.
ИСХАК РАЗЗАКОВДУН КҮНДӨЛҮГҮНӨН:
Бектур Токтоноев
koom@super.kg
Сүрөттөр Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтеринин архивинен алынды.