"АСЫНЫП ӨЛДҮ" ДЕГЕН АЯЛДЫ КҮЙӨӨСҮ МУУНТУП ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ушул жылдын 1-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айылындагы үйлөрдүн биринде 51 жаштагы аял өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум өз жанын кыйбай эле, киши колдуу каза тапкандыгы аныкталган.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ "ӨЗҮМДҮ БАШКАРА АЛБАЙ КАЛГАМ" ДЕП ЖАТАТ"

Бул окуя тууралуу кенен маалымат алуу максатында Ноокен РИИБинин жетекчиси Нариман Осоров менен байланыштык:
– 1-ноябрь күнү бизге Ноокен районуна караштуу Момбеков айылынын 51 жаштагы тургуну кайрылып, аялы түн ичинде өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу кабарлаган. Ыкчам иликтөө тобу барышканда аялдын жансыз денеси үйдүн бир бөлмөсүндө жаткан экен. Моюнунда жалюзинин жиби байланып туруптур. Күйөөсү биздин кызматкерлерге "асынып алыптыр, мен чечип алдым" деп түшүндүргөн. Маркумдун денесин соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө күйөөсү жана уулу каршы болуп, "эч кимге дообуз жок, сойдурбайбыз" деп түшүнүк кат жазышкан. Мыйзам боюнча, жакындары каршы болсо, биз маркумдун денесине экспертиза жүргүзө алмак эмеспиз. Ошентип ал күнү биздин кызматкерлер кетип калышкан.
Бирок бизге "маркумду күйөөсү өлтүргөн болушу мүмкүн" деген маалымат түштү. Анын үстүнө биздин кызматкерлер маркумдун күйөөсү ошол күнү өзүн шектүү алып жүргөндүгүн байкап калышкан. Эртеси шектүү катары маркумдун күйөөсүн кармап, суракка алганыбызда ал аялын өзү муунтуп өлтүрүп койгондугун моюнуна алды. Өзү ичпеген, чекпеген, олбурлуу киши экен. Окуя болгондо соо эле болгон. Ачуусу келгенде өзүн башкара албай калгандыгын айтууда. Экспертизадан да маркумдун киши колдуу каза тапкандыгы тастыкталды. Мындан тышкары күбөлөр да суракка алынып, кылмышка шектүүнүн күнөөсү толугу менен далилденди. Учурда анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда дагы башка кылмышы үчүн сот жообуна тартылган экен.

"ЭЛЕКТР МЕШИНИН АЙЫНАН УРУШ ЧЫКТЫ"

Кылмышка шектүү А.Алмазалиев тергөө учурунда эмне себептен мындай кадамга баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Аялым экөөбүз 28 жылдан бери чогуу жашайбыз. Ортобузда 4 балабыз бар. Ошол күнү 7 миң сомго электр мешин сатып алып, үйгө алып келгем. Анын айынан аялым менен уруша кеттим. Ага чейин аялым акча сураганда "жок" деп койгом. Аялым "ал акчаны мага эле бербейт белең, акчаң бар экен го" деп чыр чыгарды. Мен "жөн отур" деп катуу сөздөр менен айттым. Аялым да жөн калбай каяша айтты. Экөөбүз уруша кеттик. Мен аны бир колум менен моюнунан муунткам. Аялым унчукпай жатып калганынан эшикке чыгып кеткем. Кайра жарым сааттан кийин үйгө кирсем, аялымдын денеси муздап калыптыр. Анан кылмышты жашыруу максатында терезедеги жалюзинин жибин аялымдын моюнуна байлап, өзү асынып өлгөндөй кылып асып койдум да, уулумду чакырдым. Экөөбүз аны чечип, анан туугандарды чакырып, милиция кызматкерлерине билдирдик.

"АТАМ АПАМДЫ МУУНТУП ЖАТКАН ЭКЕН"

Тергөө маалында кылмышка шектүү менен маркумдун 6 жаштагы кичүү кызы психолог, мугалимдеринин катышуусунда көрсөтмө берген:
– Мен сабактан келсем, атам апамды жерге жаткырып, үстүнө тизелеп отуруп алып муунтуп жаткан экен. Мен бөлмөнү ачканда атам "эшикке чык!" деп кыйкырды. Мен чыгып баратканда апам "кызым, чыкпа, атаң мени өлтүрүп коёт" деп кыйкырды. Мен токтоп калганда атам дагы кыйкырганынан чыгып кеттим. Бир аздан соң атам бөлмөдөн чыгып, мени жетелеп бир эжебиздикине алып барды да, "ушул жакта ойноп тур" деп мени таштап, өзү кайра үйгө кетип калды.

"ЖЕЗДЕМ МЕНЕН ЭЖЕМ УРУШУП ЖҮРҮШЧҮ"

Маркумдун бир тууган иниси Латипжан Курмушев төмөнкүлөргө токтолду:
– Өзүбүз Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылынан болобуз. Эжем менен жездемдин чогуу жашаганына бир топ жыл болгон. Ортолорунда 3 кыз, 1 уулу бар. Улуу кызы турмушка чыккан, кийинкиси студент, кичүү кызы мектепте окуйт. Уулу окуусун бүтүп, иштеп жүргөн, ата-энесинин колунда. Жездем 2003-жылы бир кишини уруп коюп 9 жылга соттолгон. 5 жыл отурган соң мунапыс алып чыккан. Түрмөдөн дин жолуна түшүп, намаз окуп чыккан. Акыркы күндөрү динге өтө берилип кетти. Эжемди жакшылык-жамандыкка каттатпай, анын укугун чектечү экен. Жакында эле экөө таарынышып, эжем кичүү 2 кызын алып Кара-Суудагы менин үйүмдө жүрүп кеткен. Анан "балдарым чоңоюп, уулум үйлөнөйүн деп калды. Карыганда ажырашкан уят. Мурда деле чырылдашып-ырылдашып жашап жүрбөдүк беле, барып жашай берейинчи" деп кеткенине 1 ай боло элек болчу. Былтыр атамдын көзү өтүп кеткен. Жакында эле анын жылдыгын өткөргөнбүз. Ошондо жездем эжеме "динде жылдык деген жок, барбайсың!" деп атамдын жылдыгына жибербегенге аракет кылыптыр. Бирок эжем урушуп-талашып отуруп өзү келген, жездем келген эмес. Кайра барып эле ушундай каргашалуу окуя болуп отурат да.
Бизге "эжеңер асынып алыптыр" деп телефон чалышты. Андан жарым саат мурун эле эжем Ош шаарында жашаган улуу эжем менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Ал үйүнөн калпак тигип Оштогу эжеме жиберчү. Ал болсо калпактарды сатып, банктан кайра акчасын жиберип, айтор, экөө биргеликте чакан ишкерлик менен алектенишчү. Жарым саат мурун эле "калпактардын канчасын саттың, канчасы калды?" деп эжем менен сүйлөшсө, анан "асынып алды" дегенге биз ишенген жокпуз да. Жездемдер жашаган айылга барсак, "өлүкканага алып барган жокпуз, сойдурбайбыз" деп сөөктү жерге берүүгө камданып жатышыптыр. Анан мен "эжем асынбайт болчу, муунтуп эле өлтүрүп койдуңар" деп чыр чыгарып, аймактык тескөөчүнү чакырдым. Ал келгенде жездемдин туугандары жаалашып, сөөктү бербей коюшту. Ал жерден жездем экөөбүз да уруша кеттик. Жездемдин атасы да "бир ачууңду мага бер" деп кечирим сурап жатты. Бирок мен кечирбейм. Токмоктоп койсо мейли, анан алмончоктой эжемди өлтүрүп коюшса кантип кечирмек элем?! Анан мен аймактык тескөөчүгө "жардамга райондон кызматкерлерди чакырыңыз" дедим. Ыкчам иликтөө тобунун 4-5 кызматкери, тергөөчү келип араң сөөктү алып чыктык.
Жездем өзү Кочкор-Ата шаарында иштечү. Ошондуктан мен Кочкор-Ата шаарынын соттук-медициналык эксперттерине ишенбей, Таш-Көмүр шаарынан чакырттым. Алар келип сөөктү союп көрүштү. Мен кирип сурасам: "Жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат. Бирок сыртынан караган адамга деле киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн байкоого болот. Муну кол менен эле муунтуп өлтүрүшкөн",- дешти.
Жездем туугандарыбызга "мен өлтүрүп алдым" деп айтып, күнөөсүн моюнуна алган экен, ошол жерден эле милиция кызматкерлери кармап кетишиптир.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
Targarien
2016-11-22 02:21:23
Бир жолу кылмыш жасаган экинчи ирет да жасайт кылмышкер менен жашабай эле коюш керек эле Ээ ажал каяктан келишин билбейсин Кудай куноолорун кечирсин Бейишин берсин Жакындарына конул айтам
+3
Aisuluu22
2016-11-22 10:58:19
Аялында куно жок ,Баары куйосундо.Менин коншум болот)
+4
Firdaus-Muslim
2016-11-22 12:22:52
Миң адамды жеңе алган адам күчтүү эмес, Өз ачуусун жеңе алган адам күчтүү. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө сабыр берсин кудайым.
+7
admin_superstan
2016-11-22 15:50:42
Урматтуу колдонуучулар, макалада туура берилген, Кара-Кулжа районунда Алайкуу айыл өкмөтү бар.
+2
Beka95
2016-11-22 18:31:42
Кочкор Атадан Момбековтон колдонуучулар барбы порталда
-2
Aisuluu22
2016-11-23 23:05:14
Beka95,Кочкор-Ата
+1
Toktoshova
2016-11-22 19:02:52
Кара-кулжа районунда Алайку оорону бар Алайку ооронундо Алайку, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Капчыгай айыл округдары жана бир нече айылдар бар туугандар талашбагыла.
Т. б. Жаман иш болуптур жайы жаннатта болсун динди катуу тутканы менен шайтандын ишин жасаптыр куйоосу меш аласын деп урушканга ишенбей турам балким ал шылтоодур иниси деле айткан тура мурдатан ызы чуусу бар эле деп
+2
Toktoshova
2016-11-22 19:08:59
Ороон дейм деп оорон деп жазыпмын кечиргиле ойум бир жерде эмес эле
+1
Yamur
2016-11-22 22:24:56
Ай эми болдучу географтар билдик ороон экенин,кылмышкер калып эле баарыбыз Алайкуу болуп кеттикго
+2
dinadeka6
2016-11-23 23:03:31
ХХХ eken ХХХ ХХХ ajyratysh kerek
+1
admin_superstan
2016-11-24 09:39:23
dinadeka6, этика нормаларын сактоону сунуштайт элек. Оозеки эскертүү!
-1
seni.gana
2016-11-24 18:37:13
Жанткан жери жайлууболсун.
Алайкуудагы карлар аз болсо дагы эридиби бир жарым метр жаады деп жатты еле.
+2
Nurs19.kg
2016-11-24 20:50:25
Алайкуу деген шаар да каяктагыны айтасынар да
-1
Deniza88
2016-11-25 00:34:47
Жакшынакай 4 бала тороп берип чонойтуп эрезеге жеткирип, сенин ачуу таттуу создоруно чыдап, жашоонун ысык суугун кошо тарткан, сенин кабыргандан жаралып дайым тирооч болуп жургон аялындан дагы сага эмне керек эле ЭРКЕК?
+1
admin_superstan
2016-11-25 10:17:28
Jyrgal8, темадан алыс билдирүү калтырууга тыюу салынган. Жеке айтышууулар үчүн купуя кат бар экенин эскертебиз. Билдирүүӊүз өчүрүлдү.
-1
Bibi2009
2016-11-26 19:51:39
Кундон кунго жанылык окугандан да коркуп калдым
0
joni_91
2016-11-27 01:50:00
Алайкулуктар барбы бул жерде. Жаман иш болуптур.
0
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан