Гүлжигит Сатыбеков: "ЖАН ДҮЙНӨМДӨГҮ ТӨҢКӨРҮШТҮ САБЫР МЕНЕН ЖЕҢГЕМ"

Акыркы убакта Гүлжигит мырзанын артынан "үйлөнүптүр, балалуу болуптур" деген сөздөр айтылууда. Учурда өлкөнү кыдырып гастролдоп жүргөн ырчы менен баарлашып бул кептердин чын-төгүнүн билдик.

Туулган жылы, күнү
– 1980-жыл, 9-январь
Туулган жери – Ош шаары
Билими – Ош педагогикалык институтунун педагогика факультетин бүтүргөн
Бою – 175 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уулу бар, учурда бойдок

– Гүлжигит мырза, саламатсызбы? Учурда гастролдоп жүрүптүрсүз. Концертиңиз кандай өтүп жатат?
– Сахнага чыкканыма 10 жыл болуптур, ушул жыл аралыгында элге сиңген ырларымды жандуу үн менен аткарып, "Карт бөрү", "Беш тапан" куудулдар тобу менен концерт коюп жүрөбүз. Той-топурга чакыргандар да көп, баарына жетишкенге убакыт таап жатам. Ош шаарында 5 күн концерт бердик. Күйөрмандар жакшы тосуп алды, концерт жогорку деңгээлде өттү. Жалал-Абадда бир жума концерт берсек, жергиликтүү эл колдоп берди. Эми Баткен, Ысык-Көл, Бишкекке барабыз. Нарын менен Таласта концерт коюу планда бар, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

– Эмне кылганга азыркыга чейин эркиңиз жетпей жүрөт?
– Кыргыз маданиятын көтөргүм келет. Буга эрк эмес, мүмкүнчүлүгүм жетпей жатат десем туура болот. Күйөрмандарым менден жаңычылдык күтүшөт. "Жаңы чыгармаларыңыз, клиптериңиз качан чыгат? Муңдуу чыгармаларды көбүрөөк жазыңызчы" деген күйөрмандарымдын суроо-талаптары көп. Чындыгында убакыттын жоктугунан көптөн бери клип тарта элек экенмин.

– Спорт менен машыкканга убакыт барбы?
– Спорт залга былтыр баргам. Быйыл ага да убакыт жок. Бирок эртең менен турганда көнүгүүлөрдү жасап турам.

– Орто курактагы кризиске кабылдыңыз беле?
– Бардык нерсени акылга салып жакшы нерсени ойлоп абалдан чыкса болот. Кыска өмүрдө кризисти четке кагып, позитив менен жашап, негативден алыс болуу керек. Жан дүйнөм жабыркаган учур болгон. Ал 3-4 жылга чейин созулган. Жан дүйнөмдөгү төңкөрүштү сабыр менен жеңгем. "Баары жакшы болот" деген илгери үмүт депрессиядан чыгарып кетти.

– Жан дүйнө оорусун көтөрө албай ичимдик менен достошуп кеткендер бар. Убактылуу болсо да кайгыны унутуш үчүн ал нерседен татып көрдүңүз беле?
– Жок, андай болгон эмес. Ичимдик күйүттү басыш үчүн эмес. Анын өз орду бар да. Таптакыр ичпейм деп айтпайм, акыл-эс менен ууртап койгон жерлер болот. Азыр эл көзүндөгү адам болгондон кийин сыртыңдан көпчүлүк карап турат. Артыңдагы жаштарга үлгү болуш керек.

– Тойго ырдаганы барсаңыз ал сүйлөшкөн кызыңыздын тою болуп чыкса эмне кылмаксыз?
– "Кош бол" деген ырымды ырдап келе бермекмин (күлүп). Анын ичинде айта тургандын баары бар. Чуркаган эмес, буюрган алат. Бирок андайдан Кудай сактасын.

– Сизди үйлөнүп, балалуу болду деп уктук...
– Мени үйлөнүп, балалуу болду деген сөздөрдүн баары калп. Жакшылыгыңды эл менен бөлүшкөнгө эмне жетсин? Ата-энеме, досторума сүйүнчүлөмөкмүн да. Түшүнгөнү-түшүнбөгөнү, билгени-билбегени деле ушак чыгарып жатышат. Угуп алып кээ бирине таң калсам, айрымына айласыз күлөм. Ушул күздө үйлөнөйүн дегем. Жасай турган жумуштарым бар болгондуктан той жылып кетти. Анын үстүнө сүткө оозуң күйсө айранды үйлөп ичип калат экенсиң.

– Демек, кандай жубай керек экенин түшүнүпсүз да?
– Баары эле жакшы адам менен кол кармашып өмүр сүргүсү келет. Мага өзүн сыйлаган, жөнөкөй жар керек. Бул жашоодо жаныңдын жарымын толуктаган адам менен жашасаң гана бактылуу болосуң. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?" деген сөз бар. Өзүң ыймандуу болсоң, жубайың да ыймандуу болот.

– Жаш курагына келгендечи, жаш кызды тандайсызбы же орто курактагы кыздыбы?
– Нике кайыпка жараша болот. Эгер жаш кыз "тием" десе алам да (күлүп). Жаштын да жаштай түйшүгү болот. Бирок "алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты" деген сөз бар го. Бешенеме кимди насип кылса ошого баш байлайм.

– Маегиңизге рахмат!

Ырчынын "Мен сенден кетейинчи" чыгармасы 2013-жылы "Жылдын супер ыры" наамына татыган.


"Апамды сагындырбай айылга бат-баттан барып турам".


"Беш тапан" куудулдар тобу менен бирге өлкөнү кыдырып гастролдойбуз".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
Nazelia
2016-11-22 16:02:51
Ырлары жагат уккулуктуу,маанилуу.Чыгармачылык ийгилик калайм!
+3
Toktoshova
2016-11-22 16:23:22
Ырлары жагат мундуу болуп журокко жетет
+1
dobrajelatel
2016-11-22 23:51:57
Ырларын суйом го суйом.
+2
ariet.kaary90
2016-11-23 09:07:57
Гулжигит Сатыбековго жеке суроо берейин дегем кандай берсем болот.
+2
jazmina909090
2016-11-23 09:51:39
Гүлжигит байке кимге үйлөнсөңүз да бактылуу болуңуз чыгармачылыңызды сыйлайм баалайм сиздей ырчылар көбөйө берсин көралбагандар ичинен түтөй берсин.Жөнөкөйлүгүңүздөн тайбаңыз өззүмдүн акамсиз да.
+4
zarinazari91
2016-11-24 01:13:39
Ырлары жакшы!Ийгилик!!!
+1
dobrajelatel
2016-11-24 02:56:59
Рахмат супер инфо сонун маек болуптур. Улукмырза Полотов, Гулсун Мамашева, Атайбек Бодошов, Роза Амановалар менен маек куруп бергилечи.
+1
admin_superstan
2016-11-24 09:38:19
dobrajelatel, саламатсызбы! Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Nariste...12
2016-11-24 11:35:53
Менин суйуктуу ырчым. Ырлары журокко жетет. Уй булобуз менен ырларын суйуп угабыз. Созсуз уйдо , машинада анын дисктери болот. Айрыкча мундуу ырлары жакшы чыккан. Ийгилик сизге Гулжигит байке!!!
+3
DNurgiza
2016-11-24 13:56:16
ырлары жагат
+1
Nazaraliva.begaiym
2016-11-24 22:15:07
Мага бардык ырлары жагат дебейм, бирок көп ырлары өтө жагат. Ийгилик...
+3
akunai
2016-11-25 05:01:33
Аксынын Мукур деген ацылынан болсоз керек
0
URTI
2016-11-25 21:22:39
Бироонун наамына эмнеге кийлигишет таптакыр тушунбойм.Алсын Гулзада деле, Гулжигит деле
0
Nuura-shirin
2016-11-26 20:54:12
Магада ырлары жагат ийгилик! Жоолугуп суйлошкум келет
0
isabek1977
2016-11-27 14:52:59
Гулжигит коптогон озун "жылдыз" сезгендерге караганда мыкты десем жанылышпайм
0
Usow
2016-11-28 04:42:26
Майек алгандан мурун афтобиографасында бир уулу бар азыркы учурда бойдок деп айттынар бирок озу такыр уйлонбогом дейтко бул кандай корунуш кандай тушунсок болот
-1
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан