"БЕЛИЗ-ГЕЙТ" БИЙЛИКТИН БЕТ КАБЫН СЫЙРЫДЫ

"Белиз-гейт", "апостиль-гейт" – президент жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан "Ата Мекен" партиясынын кезектеги компроматтар согушу ушундай аталыш алды. Бул окуя Өмүрбек Текебаев Бакиевдин учурунда кабылган "матрёшка-гейтке" окшоштурулуп ушундай аталып жатат, себеби маалыматтын бардыгы ошол "матрёшка-гейт" провокациясындай эле саясатчыларды каралоо, элге жаман көрсөтүп, аброюна доо келтирүү максатында гана жасалгандай туюлат. Мындай ойго түрткөн көп жагдай бар...

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ...

Эсиңиздерде болсо, быйыл 31-августта, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: "Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү мародёрлук үчүн да, банк ячейкалары үчүн да эртели-кеч жооп берет",- деп айткан. Буга "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев мародёрлорду өзүнүн партиясынан издесин, табылат. Таппаса мен колунан жетелеп барып көрсөтүп берем",- деп жооп кылган. Көп өтпөй башкы "ата мекенчи" кезинде Максим Бакиевдин мүлкү болгон жер тилкесине президент Алмазбек Атамбаев азыр хан сарай салып жаткан фактыны коомчулукка жарыя кылган. Башкы прокуратура "ал жерди президент шаар мэри Албек Ибраимовдон мыйзамдуу сатып алган" деп актаганы менен, коомчулук буга ишенген жок. Албетте, каршылашкан экинчи тарап жооптуу сокку бериш керек болчу. Мына ушул жерден сахнага "Белиз-гейт" чыкты. Бирок дароо эле быт-чыты чыгып, тескерисинче, сокку жиберген тараптын (бийликтин) өзүнө барып тийди...

КАНТИП?

Ушул жылдын 14-ноябрында УКМКнын төрагасы Абдиль Сегизбаев: "Жогорку кызматтагы үч адам 2012-жылы апрелде «Альфа Телеком» ЖАКсынын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык АКШ долларын «Саутфилд» компаниясынын алышына кызыкдар болгон",- деген маалыматты өлкө башчысына кабарлады. 3 адамдын аты аталбаганы менен, ким экени президенттик аппарат тараткан документтин сүрөттөрүндө даана бадырайып көрүнүп турат: Текебаев, Шыкмаматов, Салянова. Бирок аз өтпөй Белиз мамлекетинен келди деген документтерге кол койгон аталган өлкөнүн Жогорку Сотунун каттоочусу Эдмунд Оливер Пеннил: "Документ эмне жөнүндө экенин билбейм. Биз адвокаттын колу анык экендигин гана тастыктайбыз. Адвокаттын аты – Раян Ж.Вробел",- деп "Азаттыкка" билдирди. Белиз өлкөсүнүн Жогорку Сотунун каттоочусу документте айтылып жаткан маалыматтарды эмес, ылдыйындагы колду гана "баланча адамдын колу экендиги анык" деп тастыктаганы белгилүү болду.
Кийин документке кол койду делген адвокат Раян Ж.Вробелдин адвокаттык конторасынын ("Вробел&Ко") кызматкери Вианни Солисалар андай документти Кыргызстанга жөнөтүшү мүмкүн эмес экенин "Азаттыкка" айтты. Анын айтымында, алар кандайдыр бир документке апостиль коюу үчүн гана кол коюшат.

Текебаев: "АТАМБАЕВ, ТУУРА ЭМЕС КЫЛЫП ЖАТАСЫЗ" ДЕГЕН АДАМ КАЛБАЙ КАЛДЫ"

16-ноябрда Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев бул окуяга байланыштуу депутаттарга кайрылуу жасады:
– Чет мамлекеттеги ачык булактарда "депутаттар Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун, Аида Салянованын оффшордо компаниясы бар экен" деген маалымат чыкты. Кечээ көшөгөнүн артынан президент чыгып ким уюштуруучу экенин далилдеп, "чара көргүлө" деп күч органдарына буйрук берди.
Документтерди карайлы, 2011-жылы премьер-министр Атамбаев токтом кабыл алып, "улутташтырылган объектилер сатылсын" деп парламентке сунуш берген. Мына ошол жерде "Альфа Телекомдун" 49 пайыз акциясы сатылсын" деп турат. Каникул убагында депутаттар согуш болуп кеткендей шашылыш жыйналдык. Ал жыйналыштын стенограммасы колумда турат. Мен ал жерде айтып жатам "эмне болду, согуш болуп кеттиби?" деп. "Жок, ушул объектилерди сатышыбыз керек" деп Атамбаевдин сунушу ушул жерге келген. Бул документ боюнча карасак, жогорку кызматтагы, коррупциялашкан ким болуп чыгып жатат? Атамбаев болуп жатпайбы?
Сиздер, угарман, көрөрмандар дагы кантип эле президент УКМК, ИИМге ушундай провокация кылалы деп айтсын деп ишенбейт. Бирок биздин тарыхта ошондой болгон да. Жаныш Бакиев байкеси менен кеңешип, баңгизатты багажыма салып, аэропортту, ИИМди, Интерполдун жергиликтүү бюролорун аралаштырып жасаган да. Ошону депутаттар ачып, Жаныш Бакиев менен Бусурманкул Табалдиев отставкага кетишкен. Бүгүн ушул иш ачылганда Абдиль Сегизбаев отставкага кетеби?
Биз туура эмес жолдо баратабыз. Иса (ред. Өмүркулов), Осмон (ред. Артыкбаев), Төрөбай (ред. Зулпукаров), бирөөң дагы...
"Атамбаев, туура эмес кылып жатасыз" деп айткан адам калбай калды. "Бул мыйзамсыз болот" деген Мелис Турганбаев, Кашкар Жунушалиев кызматтан кетти. Азыр бирөө да туура эмес деп айта албайт. Бул аңга түшүрөт.
Оппоненттерди куугунтуктоо, массалык жамандоо жолу, бул ар кандай саясий режимдин акыркы өмүрүнүн, агониянын белгиси. Өлкөнү туура жолго буруу, Конституцияны калыбына келтирүү, депутаттар, сиздердин колуңуздарда. Биз үй-бүлөлүк башкаруудан кетебиз деп, кайра 2010-жылга барып калдык. Аны эл көрүп турат.
Убагында парламент "матрёшка-гейтте" комиссия түзүп, иликтеген. Биз дагы жөн отуруп алганыбыз болбойт. Келгиле, депутаттык комиссия түзүп иликтейли. Интерполго кайрылып, аты аталган адамдар оффшордо компания ачыптырбы, ошону барып текшерип келсин деп ишеним катын берели. Ким күнөөлүү болсо жазалансын.
Мен 5-президент, 29-өкмөттү көрүп жатам. 3 президент менен элдешкис душман, оппозиция болдум. Мык алсам да квитанциясын алып коюп коём. Эч ким мага тийише албайт. Ошон үчүн коркпойм. Сактык менин ар бир клеткама чейин кирип, инстинкт болуп калган. Анан кантип душман болгон Бакиев менен сүйлөшөйүн?! Мейли ниетим бузулуп сүйлөшөйүн дейин, бирок эмгек сиңирген юрист, Конституциянын атасы кантип барып өз колумду коёюн?! Оффшор ача турган болсом, мен Өмүрбек Токтогуловичке бармакмын да, "кантип ачса болот?" деп кеңеш сурап. Мына, депутаттар, силер күлүп жатасыңар, эл да күлүп жатат...- деди Текебаев.

ПРЕЗИДЕНТТИН НААМЫНА ДА ФИРМА АЧСА БОЛОБУ?

Эки күн бою аталган окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратты. 16-ноябрда парламент УКМК төрагасын, башкы прокурорду жана мамлекеттик телеканалдардын жетекчилерин чакыртып "Белиз-гейт" чырын талкуулашты. Мына ушул жерден дагы бир жагдай калкып чыгат. Эмне үчүн иликтенип бүтө элек документ президентке, аны менен катар жалпы эл-журтка көрсөтүлөт? Эмне үчүн чын-төгүнү аныктала элек документ КТРК тарабынан "далилденген факты" катары айтылып жатат? Жооп жөнөкөй. Документ чын болуп чыгабы же жасалма экени аныкталып уят болушабы, азыр ал маанилүү эмес. Азыр негизги максат – бийликтин былыктарын четинен ачып жаткан Текебаев менен анын командасын карапайым элге жаман көрсөтүү.
Депутат Садык Шер-Нияз менен УКМК төрагасынын баарлашуусуна көңүл бөлүп көрөлү:
С.Шер-Нияз: – Аталган адамдардын барып кол коюп, ошол жактан фирма ачканына ишенесизби?
А.Сегизбаев: – Траст декларациясы түзүлүп жатканда булардын катышуусу, кол коюусу Белиз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык, кереги жок.
С.Шер-Нияз: – Анда бул кишилердин душмандары деле атайын булардын атынан ачып коюусу мүмкүн экен да?..
А.Сегизбаев: – Мен билбейм. Бул кишилердин ал учурда кандай душмандары бар эле?
УКМК жетекчиси билбесе кыргыз эли билет, Курманбек Бакиевдин авторитардык-кландык бийлигин кулатууда Өмүрбек Текебаев негизги ролду ойногондордун бири. УКМК жетекчисинин сөзү менен алып караганда, каалаган кишинин атынан ошол эле Абдиль Сегизбаевдин, Индира Жолдубаеванын, жадакалса президент Алмазбек Атамбаевдин наамынан трасттык документтерди жасап коюу мүмкүнчүлүгү бар. Демек, Текебаевдин атынан ошол эле Бакиевдер дагы, ошол эле Сегизбаевдин командасы деле трасттык документ жасап коё алат. Буга катар президенттин колуна тийип, көпчүлүккө шардана болгон документтер "Avalon Consultants Limited" аттуу компаниядан алынган. Андай фирма азыр жок экени айтылды. Ушундан улам депутаттардын айрымдары "Белиз-гейт" начар даярдалып калыптыр, ынанымдуу болбой калыптыр..." деп какшыкташты.

"БЕЛИЗ-ГЕЙТТИН" МАКСАТЫ ЭМНЕ?

УКМКнын төрагасы да, башкы прокурор айым да акыркы кезде коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн "Белиз-гейттин" чын-төгүнү аныктала электигин моюнга алышты. Жакын арада иликтенип бүтпөсүнө көпчүлүктүн көзү жетип турат... Иликтөө аягына чыкканча "Текебаев, Шыкмаматов, Салянова "Альфа-Телекомдун" акциясын Максим Бакиевдин компаниясына өткөрүп жиберишиптир" деген сөздүн коомчулукта миң бир ирет кайталанып, кулакка сиңип калышына шарт түзүлөт. "Белиз-гейттин" башкы максаты ушунда жаткандай... Мамлекеттик телеканалдардын Текебаев, Салянова, Шыкмаматовду "мокочо" көрсөтүү аракети бул ойду бекемдеп турат.

Маалымат үчүн:

  • Оффшор – чет элдик компаниялардын бизнес жүргүзүүсү үчүн атайын шарттары бар өлкө же аймак. Андай өлкөлөрдө, аймактарда салыктар аз, отчёт берүү, башкаруу жөнөкөйлөтүлгөн жана компаниянын анык ээсин жаап-жашырып коюу мүмкүнчүлүгү бар. Мунун айынан оффшор аймактарын криминалдык, коррупциялык, алдамчылык жол менен табылган акчаны жашыруу үчүн да көп пайдаланышат.
  • Белиз – Борбордук Америкадагы өлкө. 1981-жылы Улуу Британиядан көз карандысыз экенин жарыялаган. Белиз өлкөсү оффшор зонасы болуп эсептелет.
  • Апостиль – кандайдыр бир документтин мыйзамдуу экенин башка мамлекетке көрсөтүү үчүн колдонулуучу, мындай легалдашууну тааныган, Гаага конвенциясына мүчө өлкөлөрдө колдонулган форма (эреже).
  • Траст – кайсы бир адамдын башка ишеничтүү адамына активдерин өткөрүп берүүчү юридикалык келишим.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан