АЙЫМДАР ҮЧҮН КЫШКЫ МОДА

Суук түшкөндө жылуулукпу же сулуулукпу деген көйгөйлүү маселе жаралат. Албетте, климаттын өзгөчөлүгүн эске алып, көпчүлүгүбүз жылуулукту тандап кетерибиз анык. Бирок кайгыруунун кажети жок. Анткени учурдун дизайнерлери бизге эки нерсени тең тартуулап жаткан мезгил. Узап жаткан жыл менен босогодогу жыл үчүн кийимдерди учурдагы модага ылайык «Non-Stop» дуэтинин ырчысы
Чолпон Талипбек менен бирге тандайбыз.

СЫРТ КИЙИМДЕР

2017-жылы жашыл, кызыл, кызгылт сары, көк, күлгүн сыя (фуксия) түстөгү кийимдерге басым жасалат. Классикалык ак, кара, күрөң, боз түстөр да жылдын тренди. Жылуу сырт кийимдер кышкы гардеробдун эң башкы атрибуту. Ансыз эч кайда барууга мүмкүн эмес. Ал сиздин кыймыл-аракетиңизди чектебегендей болуп ыңгайлуу жана бардык кийимдер менен айкалышуусу керек.

Парка – мода индустриясында алдыңкы саптан түшпөй келе жатат. Дизайнер-стилисттер жыл сайын жаңы стилдерди жаратууда. Парка көп чөнтөктүү, узундугу жамбашты жапкан калың күрмө. Ал кэжуал стилине ылайыкталган. Мындай күрмөнү угги, ботильон, сникерс менен кийсе жакшы жарашат.


КОШУМЧА КАНДАЙ СЫРТ КИЙИМДЕРДИ КИЙСЕ БОЛОТ?

Пальто
– бул жылы узун жана кенен пальтолор модада. Узун пальто тулку боюңузду жылуу кармайт. Бою узун жана арык айымдарга жарашат. Ал эми кенен пальтолор бардыгына жарашат. Узун пальтону бийик такалуу өтүк, ботильон менен, ал эми кыска оверсайз (кенен тигилген) стилиндеги пальтону угги менен кийүү идеалдуу вариант.
Пуховик – кыска жана узун пуховиктер ушул жылдын да тренди. Шырылып тигилгендиктен жука көрүнөт, бирок суук өткөрбөйт. Кийгенде жеңил болот. Бут кийимдин бардык түрү менен кийсе болот.
Дублёнка – ушул жылы мода айдыңына кайтып келди. Узундугу тизеден же андан узун болот. Эң башкысы жылуу жана катуу шамалдан, сууктан коргойт. Классикалык бут кийимдер менен кийүү керек.

КӨЙНӨКТӨР

Кыштын келиши менен айымдар көйнөк кийүүнү чектеп калат. Бирок бул жылы сизге трикотаж көйнөктөр жардамга келери анык. Ал бир эле мезгилде жылуу жана модалуу. Аны кончу узун өтүк жана ботфорттор менен кийүү сунушталат. Табитиңизге жараша узунун, кыскасын, ар кандай түстөгүсүн тандап алып жумушка, жолугушууга, эс алууга барсаңыз болот.


ТЕРИ КҮРМӨЛӨРҮ

Жылдын дагы бир саркеч сырт кийимдеринин бири – териден тигилген күрмөлөр (табигый жана жасалма). Бир эле мезгилде кызыктуу образды, жылуулукту тартуулайт. Бул күрмөнү көйнөк, юбка менен, ал эми бутуңузга ботильон же ботфорт кийүүгө болот. Кечеге кийип баруучу көйнөктүн сыртынан кийип алсаңыз да жарашат.


КОМПЛЕКТТЕР

Быйылкы жылы комплект кийимдер да модада экенин эске алыңыз. Жүндөн согулган кездемелерден спорттук кийимдерди сникерс, ичи жылууланган, таманы жалпак бут кийимдер менен кийүү керек. Мындай образда эс алууга, машыгууларга баруу ыңгайлуу. Шымдын бели узун болсо буттарыңыз да узун көрүнөт. Ошондой эле клёш жана кюлот шымдары классикалык образ үчүн.
Мындан сырткары твид кездемеден тигилген комплекттер актуалдуу кийимдердин катарында. Аны бийик такалуу бут кийимдер менен кийип иш-чараларга, жолугушууга барсаңыз болот. Шашып жатканда идеалдуу образды тандай албай жатсаңыз, сизге костюм чолок шымдар жардамга келет. Сөзсүз эле чолок шым эмес, костюм-юбка, шым деле кийип алыңыз. Ал сиздин тандооңуз.


СВИТЕР

Кышты свитерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Денеге жармашкан водолазка свитерлер бардык юбка, шым, күрмөлөр менен айкалышат. Ал эми жакасы жок свитерлерди рубашка менен кийүү идеалдуу образды жаратат.


ЮБКА

Трикотаж жана драп кездемеден тигилген карандаш жана плиссе (майда бүгүлгөн юбка) юбкаларды рубашка, блузка жана свитер менен айкалыштырыңыз. Ботильон, ботфорттор менен кийүү сунушталат.

БАШ КИЙИМДЕР

Пальто жана дублёнка менен беретка, шляпаларды кийүү сунушталат. Азыр түйүлгөн топулардын түрлөрү көп. Кэжуал стилинде кийинүүнү каалап жатсаңыз, жүндөн токулган, төбөсүндө ар кайсы жаныбарлардын кулактары же жылаажыны (бубенчиги) бар баш кийимдер ылайыктуу.


БУТ КИЙИМДЕР

Биринчи кезекте жылуу жана ыңгайлуу болушу керек. Быйылкы жылдын тренди болуп кара, күрөң түстөгү бийик такалуу, тумшугу сүйрү өтүк, ботфорттор жана батинкелер эсептелет. Ошондой эле кончу кыска, таманы жалпак, ичи жылууланган бут кийимдер да сунушталат. Мындай бут кийимди кийүүдөн чочулоонун кажети жок, болгону кар жок, жер кургак мезгилде кийүү керек.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
2017-жылы аялдар үчүн эркектердин костюму мода болот
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
VIK
2016-11-28 11:23:28
Элестеттим... Айылда, 4 тоонун ортосу, мен куйоомдун костюмун кийип суу ташыганы дарыяга чыктым... Мына мода! :-)
+5
Mavlyuda
2016-11-30 13:05:01
Акчан болсо мода. Акчаны экономдосон былтыркыны деле кие бересин да. Мисалы мен кышка эчтеке албадым. Отукторум бар, пальто курткаларым бар. Мода куусам дагы алышым керек болчу. Мага кереги жок
+1
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан