Клара Алибекованын сиңдиси Жанара Алибекова: «КЛАРА ЖАШТАЙЫНАН АР КИМДИН КОЛУНДА БАСЫНЫП ЖҮРҮП ЧҮНЧҮП КАЛДЫ»

«Кыргызымдын жигиттери» ыры менен таанылган кичинекей жылдыз Клара Алибекованын сиңдиси Жанара Алибекова да учурунда ырдап чыккан. «Кларанын боштугу, ким эмне айтпасын баарына макул боло берген ак көңүлдүгү байкалгандан кийин мени ата-энем «эжеңди кара» деп Кларага кошуп беришкен» дейт Жанара.

БИР ТУУГАНДАР

Эмил Алибеков
– 3 жыл мурун 39 жашында каза болгон
Бакыт Алибеков – 40 жашта, үй чарбасы менен алек
Миргүл Алибекова – 38 жашта, соодагер
Айгүл Алибекова – 36 жашта, үй кожойкеси
Клара Алибекова – 34 жашта, ырчы
Жанара Алибекова – 31 жашта, соодагер
Нурмира Алибекова – 27 жашта, үй кожойкеси

«КЛАРАНЫ УРУП КОЙЧУМУН»

- Бир туугандардын ичинен Клара экөөбүз удаа өскөндүктөн аябай ынакпыз. Клара кичинесинде өтө чыйрак, шуулдак, көчөдөгү кыздардын тентеги эле. Мен анын жанында аябай жоош болчумун.
Бир жолу велосипедге отургузуп туруп мени дөңдөн коё бергени эсимде. Мен ылдый сызган боюнча барып аңга жыгылып калгам. Ошондо баш теримди зым тилип кетиптир. Клара коркконунан көйнөгүнүн этеги менен башымды кечке баса берип көйнөгү бүт кан болгон. Кошуналар чуркап келип мени ооруканага алып кетишти. Клара ошол түнү үйгө киргенден коркуп чарпаяга түнөптүр.
Ырдап калган үчүнбү, апам эмнегедир Кларага эле кийим алып бере берчү. Ошон үчүн кийим талашып көп уруштук. 2-3-класстан тарта ага караганда боюм узарып, күчтүү болуп кеттим. Урушуп кеткенде мен аны уруп койчумун. Уруп койгонумдан пайда деле чыккан жок.

«№1-АТААНДАШЫМ ЭЛЕ»

- Жети бир туугандын ичинен бешөөбүз кызбыз. Улуу эжелерибиз үй жыйнашат, тамак жасашат, бизди “тигини алып кел, муну алып кел” деп жумшашат. Улуу эжем Клараны, экинчи эжем мени бөлүп алышчу. Кимибиз кайсы эжебизге бөлүнсөк, ошого жардам берип, майрамдарда бирге көчөгө чыгып майрамдап келчүбүз. Бир жолу апам 1-Майда Клара экөөбүзгө тең кооз көйнөк сатып берди. Биринчи Клара менен улуу эжем, андан кийин 2-эжем экөөбүз көчөгө чыгып келдик. Клараны жаңы көйнөгү менен сүрөткө түшүрүптүр. “Эмнеге мен сүрөткө түшкөн жокмун?” деп чыр салдым. Эртеси жаңы көйнөгүмдү кийип мен да Клара барган жерден сүрөткө түшкөм. Кыскасы, Клара ошол кезде №1-атаандашым эле.
Мага 7 бир тууган жети башкадай, бири-бирибизге такыр окшошпогондой сезилет. Экөөбүздөн “чын эле бир туугансыңарбы, бир эне, бир атадансыңарбы?” деп сурай беришет. Мен чоң атама, Клара болсо мүнөзүнөн бери атама окшош. Атам “мага окшош кызым” деп аны аябай жакшы көрөт. Кичинекей кезинде ырдап, бийлеп койсо “кызым артист болот” деп алаканына тургузуп алып өйдө көтөрө берчү.

«БОШТУГУНА ҮЙДӨГҮЛӨР КАБАТЫР БОЛО БАШТАДЫК»

- Мектепти аяктагандан кийин Клараны Гүлшайыр эже алып кетти. Мен да чогуу бардым. Чогуу барганымдын себеби – Кларанын боштугу, эч кимге жок дей албаган ак көңүлдүгүнөн үйдөгүлөр кабатыр боло баштадык. Гүлшайыр эже «эжеңди дайыма карап жүр, ага караганда тыңсың, кийин ага продюсер да болуп алсаң болот» дечү.

«КАЙНЕНЕСИ 20 КҮНДҮК БАЛАНЫ БИЗГЕ КАРМАТТЫ»

- Эжем менен байкем Орусияда иштешчү. Ырдагым келбей алардын жанына кетип калдым. Ошол жактан «Клара Байышка турмушка чыгат экен» дегенди уктук. Кларага байланышып «азыр турмушка чыкпай эле койбойсуңбу» дедим, бирок аны айныта алган жокмун. Ошентип Байыш Момунов экөө жашап калышты. Төрөгөндөн кийин апам экөөбүз уулун көргөнү Бишкекке келдик. Киргенде эле кайненеси «кудагый, экөө азыр жаш, иштешсин, баласын сиз багып бериңиз» деп 20 күндүк уулун бизге карматты. Апам кантип жок дейт? Жалал-Абадга алып кеттик. Балабыздын сүтүнө деп бир сом деле салышкан жок. Гастролдон келишкенде мен баланы Бишкекке алып барып ата-энесине көрсөтүп кайра кетип жүрдүм. Ашып кетсе 2 жыл жашашты окшойт, бат эле ажырашып кетишти. Жаңы ажырашканда байкем экөөбүз «ырдап жүргөн неме чүнчүп кетпесин» деп чогуу гастролго чыктык. Байкем үйүн сатып, акчасын "иште, чыгармачылыгыңа жумша" деп колуна карматты, бирок тартынып эле туруп алды.

«АЛАРДЫН КӨЗҮНӨ АКЧА БОЛУП КӨРҮНГӨН»

- Клара кичинекейинен эле ар кимдин колунда жүрбөдүбү. Анын азыркы абалга келип бош, жоош, эч нерсеге батынбай калганын ошол кезде чогуу иштешкен адамдардын мамилесинен көрөм. Клара ал кезде жаш болчу да. Ага бирөөнүн туура жол көрсөтүүсү, мээрими, тарбиясы, камкордугу керек эле. Аны алып кеткендердин максаты концертке катыштырып, келген элдин акчасын жыйнап алуу болгон. Кичинекей кызды эч ким аяган эмес, жашоосун, келечегин ойлогон эмес, иштете берип чарчатып салышкан. Алардын көзүнө акча болуп көрүнгөн. Ар кимдин көзүн карап, басынып чүнчүй берген.

Клара өтө назик, бала кыял, жоош, ишенчээк адам. Эч кимге жамандыгы жок. Бирок азыркы Клара менен мурункуну салыштырганда азыр ак-караны түшүнүп калган. Чыгармачылыкта алдына койгон максаттары көп.

«2005-жыл. Клара экөөбүз тең чыгармачылыктын казанында катуу кайнап жаткан учур».


«Учурда 3 баланын энесимин, жолдошум милиция кызматкери, өзүм базарда соода кылам».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (58)
prosta91994
2016-11-29 23:01:58
Чыныгы таланттуулардын катарын Клара Алибекова да толуктайт. Окунучтуусу кичинесинде жакшы адамдардын колуна эмес,байлык, акча коздогон адамдарга туш болуп калышы.Азыркы "бир жарк этип очкон жылдыздарга"караганда алда канча жогору тураарын эл билсе керек.
+3
aijyldyz
2016-11-30 12:08:29
Жанара айткан "камкордукту, мээримди, туура тарбияны" ботон адам эмес ата энеси, бир туугандары бериш керек эле. Жат адамдардан талап кылганы туура эмес! Талант булак сымал козун жаап койсон башка жактан чыга берет. Кларанын бир ырды эле ырдап чыккан башка ырлары хит болгон эмес. Тоскоолдуктарды жене албаса бироону куноолонун кереги жок. Ажырашып туйшук тарткандар толтура. Жаш кезинде Кулипа Керимбаеваны, А. Иманалива,Г.Садыбакасовалар менен бири менен да ыркы келбей мени пайдаланып жа
-1
aijyldyz
2016-11-30 12:14:49
Мени пайдаланып жатат деп газеталарга интервьюларды бере берчу. Эми оз алдынча ыр жаздырып ырдаса эч ким пайжаланып кетпесе керек. Такшалып тажрыйбалуу болуп калгандыр
0
Asyl10
2016-11-30 18:16:00
Клара сен чокпо, тескерисинче жаны чыгармалар менен иштеп, чык кайра,эл сенин атынды,популярдуугунду унута элек. Эмнеге чунчуйсун,тартынасын, тескерисинче Байышка назло чык. Чырактай уулун бар экен ошон учун чыйралып жаша.Жашсын дагы эле,унун,сулуулугун бар. Шоу-бизнеске аралаш, уялып журо берсен баарынан артта каласын.Эл сени колдойт дагы эле.
+1
batsam
2016-12-01 09:07:20
Салам Супер kg Жанаранын ырларын таптакыр уга элек экенмин аудио, видеолоу болсо жуктоп койгулачы сураныч??
0
admin_superstan
2016-12-01 09:33:32
batsam, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
-1
tabyshmak
2016-12-01 10:14:23
Кичинекейимде шоктонуп жаткан учурумда твдан Кларанын ырдаганын берип калса тынчып, отуруп аны укчумун. "Кыргызымдын жигиттери", "Классташым" аттуу ырды учурда жаштары чон эле ырчылар канчасы ырдап журот. Бирок, бул ырды Клара аткаргандай эч ким аткара албагандай сезилет мага. Кларага ийгилик!
+3
Ajar812
2016-12-02 02:14:05
Убагында кудай берген талантты таптап остуруп баалвп калыш керек эле.Женил мунозу турмушуна талантына залакасы тийди эч ким кунолуу эмес эрки жок озу кунолуу деп ойлрйм.Мен оз козум менен ХХХ ХХХ талантына жардам берсе болмок
0
admin_superstan
2016-12-02 09:28:17
Ajar812, далилсиз кимдир-бирөөнү каралоого тыюу салынган. Эскертүү!
-1
Izdeim_seni.
2016-12-03 20:59:55
эми Клара айым кичинекей эмес го,кыркты карап калыптыр. чунчуп калгам жаштайыман деп эле журо берсе асмандан акча жаайбы ага. ырчылыктан жолу болбособашка жумушка отсун да,омур деген отуп кетет бат эле. синдиси деле ссоодага отуп кетиптир го. же байышынан жардам болбосо,ал деле бир неме болсо керек да озун кыйын сезип алган ырчымын депчи. бир кезде атактуу болгом деп эле жата берсе табагына биронун бирооиаш салып береви. кел эми сен да убагында ырдап калчы элен занкылдап деп.
+5
chika-chika88
2016-12-05 09:13:17
Кларага бекем ден соолук жана ийгилик каалайм. Бактылуу болууну кааласан эч кимден эч нерсе кутпо демекмин. Сен кандай жашоону кааласан ошого созсуз жетишесин. Бардык нерсе озундун гана колунда. Биринчи чыкканында кандай угуп суйчубуз ырларынды, азыр деле ошондогудай ырдасан болот, ал учун биринчи озуно озун ишшенип бир жолду тандашын керек.
+1
ariet.kaary90
2016-12-05 10:03:44
Мен ХХХ ХХХ мамиле кылган,тиги ХХХ ХХХ ХХХ. кандай талантуу кыз эле туугандар мейли эми тагдыры экен да.
0
admin_superstan
2016-12-05 10:29:50
ariet.kaary90, кимдир-бирөөнү далилсиз каралоого, кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Sirduusezim
2016-12-05 20:02:40
Чынын айтсам Байыш Момуновду корорго козум жок, чырактай кыздын бактысын талкалады, кудай баарго шашпа
0
nurka_85
2017-01-28 12:09:48
Sirduusezim,
Таштап кеткени аз келгенсип окул атасы Расул Маматкулов белек кылган квартирасын да сатып акчасынын жарымын алып алган
0
anar8672
2016-12-06 08:48:10
Клара Алибекова
0
Bishkek
2016-12-07 02:52:13
Клара сен эч убакта чокпо, биз сенин ырларын менен чонойуп калдык, дагы Эле сени сыйлайбыз андан коро кайрадан сахнага кел только алга
0
Krai
2016-12-07 08:04:36
Сайкалды кларанын кызы деген соз канчалык денгээлде чындыгы бар же бул жон Кана созбу
0
Ogoi
2016-12-07 09:54:22
Krai, койчу айланайын, айтат десе эле ойлонбой сүйлөй беребиз да, эмне, Клара 8 жашында төрөгөн болобу анда?
0
kyrgyz.girl
2016-12-10 18:15:31
Клара эже сизге ийгилик каалайм!Сиз эн мыкты ырчысыз.
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан