ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ИСКУССТВОДО

Реборн
– куурчак түрү. Жаңы төрөлгөн наристе эмне кылса ошону аткара алган бул куурчактарды “тирүү куурчактар” же “жансыз куурчактар” деп да коюшат. Бою жана салмагы жаңы төрөлгөн наристеникине барабар бул куурчак комплектиси менен сатылат. Башкача айтканда, упчудан тартып тамактануучу столу, кийим-кечелери менен. Алгачкы реборн куурчагы 2002-жылы АКШда сатыкка чыккан. Мунун кимге кереги бар деп жатсаңыз, кардарлардын дээрлик 90 пайызы орто курактагы жана карып калган аялдар. Кызыгы, айрым реборн куурчактарынын туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүгү же багып алынган деген сертификаты бар экен. Ал эми айрым жаштар балалуу болуудан мурун реборн куурчактарын сатып алып, наристеге туура кам көрүү боюнча алдын ала даярдана алат.

КООМДО

Джинса – бир нече мааниге ээ. Бул термин журналистика тармагында колдонулуп, маалыматтардын окурмандарга бир тараптуу берилишин түшүндүрөт. Джинса – бирөөнүн тапшырыгы менен даярдалган пиар материал. Анткени анын түпкү маанисинде жашыруун жарнама камтылган. Негизинен коммерциялык жана саясий болуп экиге бөлүнөт. Коммерциялык джинса товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты гезит бетине жайгаштырып, бирок жарнамалык негизде деп көрсөтпөйт. Ал эми саясий джинса белгилүү ишкерлерди (мисалы, шайлоо алдында) жарнамалайт. Ошондой эле журналист чындыкты коомчулуктан жашырып жаткан болсо, ал да джинса болуп эсептелет.

ИНТЕРНЕТТЕ

Boomerang – Инстаграм социалдык тармагы иштеп чыккан сервис. Бул кызмат аркылуу бир нече сүрөттөрдүн топтомунан кызыктуу кыска видео тартууга болот. Ал үчүн кыймыл-аракет жасаган объектти (адамдар) таап, аны сүрөткө тартуу керек, же өзүңдү смартфондун камерасы аркылуу сүрөткө тартсаң болот. Видеону башынан аягына чейин же аягынан башына чейин көрүүгө болот. Анан дароо эле социалдык тармактар менен бөлүшүү же сактап коюуга мүмкүн. Кызматты түзүүчүлөр кыймыл жасаган объектти тартууну сунушташат. Анткени видеону көрүүдө динамика болбосо кызыксыз болорун белгилейт.

Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан