16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Бишкекте кардары таксистти өлтүргөн кылмыш катталды. Бул кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Б.Т. аттуу тургуну кармалган. Тергөө версиясы боюнча анын таксист Нурлан Акимбаевди өлтүрүүсүнө жол киреге 200 сом төлөбөй койгону себеп болгон.
"КОЛУМА ОТВЁРТКА ИЛИНИП КАЛДЫ, САЙЫП САЛДЫМ"
Кылмышка шектүү Б.Т. тергөөдө төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Такси чакырып, аны "Ош базарына" 200 сомго айдатып баргам. Жеткенден кийин досторумдан акча алып, жол кирени төлөмөкмүн. Бирок алардан акча чыкпай калды. Анан үйдөн алып берейин деп кайра "Дордой" базары тарапка айдаттым. Жолдо баратсак, таксист досторуна телефон чала баштады, мен ага "байке, берем акчаңды" дедим. Ал сөздү көбөйтүп жибергендиктен кол көтөрдүм. Ал "уктатам" деп мени муунта баштады, анан эле колума отвёртка илинип калды, сайып салдым. Алсырап калганынан аны кармап отурдум, бир кезде таштап жиберсем эле "шалкылдап" калыптыр. Айдоочуну алып келип "Дордой" базары тараптагы мүрзөгө таштап, машинасын айдап кетип калгам.
"БАЛДАР МЕНЕН МУШТАША КЕТТИМ" ДЕП ЖООП БЕРДИ"
Кылмышка шектүү ошол эле түнү Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспектору Шайлоо Абдиев буларды айтып берди:
– Бишкектин Гагарин көчөсүндө баратканыбызда Хонда Фит унаасы оң жагыбыздан бизди ашып өтүп кетти. Ошол учурда ал унаанын алдыңкы оң капталындагы сүзүлгөн жерин байкап калдык. Унааны токтотууга аракет жасадык, бирок айдоочусу бизге баш ийбей барып 300 метрдей жүрүп токтоду. Ал тиешелүү документтердин бирин да көрсөтө алган жок. Анын кийимдери жана унаанын ичи кан экенин байкап, эмне болгонун сурасак, "балдар менен мушташа кеттим" деп жооп берди. "Жүрү ошол жерге баралы" деп Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине бардык. Ошондо ал "байкелер, эми чынын айтайын" деп акча жоктугунан таксистти отвёртка менен сайып, аны "Дордой" базары жактагы мүрзөгө таштап салганын билдирди.
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, учурда бул кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg