ДИРЕКТОРДУ ЭСЕПЧИСИ ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ушул жылдын 17-ноябрь күнү Иса Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинин директору Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө киши колдуу болуп каза тапкан. Анын 23 жолу бычакталган жансыз денесин маркумдун 10-класста окуган кызы көрүп, милиция кызматкерлерине кабарлаган. Директордун өлүмүнө шектүү катары аталган колледждин башкы эсепчиси кармалды.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАТАРЫ МАРКУМДУН КЕСИПТЕШИ КАРМАЛДЫ"

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов кылмыш тууралуу буларды билдирди:
– 17-ноябрь күнү болжол менен саат 13:10 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу келип түшкөн. Каракол шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган апасын кимдир бирөө бычактап кеткени тууралуу кызы кабар берген. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барганда өз үйүнүн ашканасында отурган абалда аял кишинин сөөгү табылган. Алгачкы кароодо маркумдун денесине 23 жолу бычак сайылганы аныкталган.
Маркум Иса Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинин директору, 1957-жылы Ак-Суу районунун Зындан айылында төрөлгөн Анарбүбү Апсалиева экени аныкталган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук, медициналык экспертизалар дайындалган. Далил буюм катары бычак табылды.
Кылмышка шектүү катары маркумдун кесиптеши, аталган колледждин башкы эсепчиси, 39 жаштагы Р.М. аттуу жаран кармалды. Ал өз көрсөтмөсүндө жумуш боюнча бири-бири менен пикир келишпестиктен улам ушундай кадамга баргандыгын айтты. Кылмышка шектүү алгачкы суракта ошол күнү бул райондо болбогонун айтып чыккан. Бирок ыкчам иликтөө тобу анын айткандары чындыкка туура келбей жаткандыгын аныктап, кайра суракка алганда ал окуяны толук айтып берди. Учурда кылмышка шектүү Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

"АПАМА АНОНИМДҮҮ КАТТАР, БИЛДИРҮҮЛӨР КӨП КЕЛЕ БАШТАГАН"

Маркумдун кызы Айжанат буларды ыйлап айтып берди:
– Мен мектептен чыгып, үйгө саат бирлерде бардым. Эшик ачык турганынан апам үйдө экен деп кирип эле "апоу" деп кыйкырдым. Бирок эч кандай жооп болгон жок, карасам ашкананын жарыгы күйүп туруптур. Бут кийимимди чечип жатып эңкейип карасам апамдын үйгө кийген тапичкеси көрүндү. Апам чай ичип жаткан турбайбы деп эле кире калсам, столдо апам башкача отурган экен. Чочуп кетип "апа" десем деле үн чыкпайт, жанына келип жакшылап карасам кийимдери кан экен. Апамды түздөп жаткырайын деп, колтугунун астынан көйнөгүнүн бир нече жери тешилип калганын көрдүм. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй эле телефонумду издедим. Көзүм караңгылап, корко баштадым. Телефондон жакын тууганыбыз болгон Айсулуу эжеме чалдым. "Апам ойгонбой жатат, үйдүн эшиги ачык экен, апамдын кийими кан болуп калыптыр" дедим. Анан бардык жакындарга, милицияга, "Тез жардамга" чалып билдирдим. Ошону менен ызы-чуу түшүп калдык.
Апамды бычактаган деп шектелип кармалган эжени жакшы таанычубуз. Ал апамдын туулган күнүндө, Жаңы жылда үйгө келип эле жүрчү. Жакында эле мындай бир иш болгон, ал эже эсепчи болуп иштегендиктен акчага байланыштуу маселе жараткан экен. Аны апам билип калыптыр. Ошондо апам "мени уятка калтырдың, сени экинчи көргүм келбейт" деп ага аябай капа болуп жүргөн. Анысы үчүн эже апамдан тынбай кечирим сурап жүрчү, аны мен да көргөм. Апамдын мүнөзү катуу, бетке айткан, ошол эле учурда ак көңүл болчу. Аны баары билет. Ал таза иштеп, өз эмгеги менен ушул даражага жеткен эле. Акыркы күндөрү апама коркуткан анонимдүү каттар, телефонуна билдирүүлөр көп келе баштаган. "Апа, бир нерсе кылалычы" десем, "жок, кызым, алардын ким экенин жакшы билем, Кудай баарын таразалайт" деп койчу.
Апамдын өлүмүнүн артында көп кишилер турат, жалгыз эле эсепчи эже эмес, дагы көп адамдар бар, ушуну уюштурган. Болгону аны жакшылап изилдеш керек. Апам 8 бир тууган болчу, алардан 4 бир тууган эле калган. Азыр эжелеримдин үйүндө жашап жатам.

"ДИРЕКТОРУБУЗДУН ӨЛГӨНҮ БИР ТЕҢ, БАШКЫ ЭСЕПЧИБИЗДИ ӨЛТҮРДҮ ДЕП ЖАТЫШКАНЫ БИР ТЕҢ БОЛУП ЖАТАТ"

Каракол медициналык колледжинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Гүлмира Майлиевага байланышсак, ал буларга токтолду:
– Анарбүбү Апсалиеванын колледжге директор болгонуна 10 жыл болгон. Жакында эле Кытайдын Пекин шаарына 15 күндүк окууга барып келип, жакшынакай эле иштеп жүргөн. Ишине абдан так, жоопкерчиликтүү мамиле жасап, тартипти катуу кармачу. 17-ноябрь күнү сабагын өтүп, үйүнө түшкү тамактанууга барганда ушул иш болуп кетип жатпайбы. Биз саат 2де студенттердин майрамында жолукмакпыз. Мага бирден он мүнөт өткөндө кызы ыйлап телефон чалып, "Гүлмира апа, апам жыгылып калыптыр, эшик ачык экен" деди. Биз мугалимдер болуп барсак милиция кызматкерлери, "Тез жардам" келип калыптыр. Буга чейин ал коркутуулар же башка бирөөлөр менен урушканын айткан эмес. Ал эми жумушта ар кандай пикир келишпестиктер болуп турчу, бирок ал жумуш боюнча да.
Азыркы учурда биз айлабызды таппай жатабыз. Директорубуздун өлгөнү бир тең, башкы эсепчибизди өлтүрдү деп жатышканы бир тең болуп жатат. Буга чейин эсепчибиз биз менен кошо ыйлап, Анарбүбү эженин акыркы сапарга узатуусуна да барган. Ал ошол күнү түш чендерде директордун үйү тараптан келе жатканын мугалимдерибиз көрүшүптүр, бирок алар маани деле беришкен эмес экен. Ошол көргөн мугалимдердин биринин түшүнө Анарбүбү эже кире бергендиктен, ал эсепчини ошол жактан көргөнүн милиция кызматкерлерине айтканда аны кармашты.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Nunu90
2016-11-28 22:01:49
Кызынаткыйын болуптурго. Жашы улуукен кызы жаш. Башка балдарвда барбекен а
-4
Ramzan1982
2016-11-28 23:31:07
Кыргызымдын психикасы жаман бузулду да кандай болоор экен жанагы сойкуларды жок кылыш керек болду да ошолордун кесепети тийип жатат
+2
Magusi
2016-11-29 00:06:52
Акча деп журуп Мына не болушту...Мен быйыл ушул мед колледжге синдимди откозоюн деп барсам,ХХХ ХХХ коп..Ушул окуядан кийин баары иштегендер ХХХ ХХХ болуш керек деп ото ишенем.
+2
kuba1985
2016-11-29 08:12:38
Magusi,КОНТРАГЫЧЫ УНИВЕРСЕТТЕРДЕН КЕМ КАЛЫШЧУ ЭМЕС. бИЛБЕЙМ ЭМНЕГЕДИР БУЛ КОЛЛЕДЖди престижный кылып алышты.Медсестралардын айлыгы деле аз эле болсо керек.
0
admin_superstan
2016-11-29 10:09:27
Magusi, такталбаган маалымат жазууга тыюу салынган, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
dilimkg
2016-11-29 08:39:45
Колу менен кылганды мойну менен тартат эми бирок биздин сотторго бир нерсе деш кыйын
0
admin_superstan
2016-11-29 10:06:36
Kroxa, такталбаган маалымат жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
tyrgon
2016-11-29 20:00:05
Бул окуу жайдын шапкасын мен Айтпайын сиздер укпаныздар. Коррупциянын анык очогу ушу жерде окуп буткон медиктер коррупция менен синишип жумушка Иштеп баштагандале ойлонушат Кандай холтура кыла койсом деп
+5
Kroxa
2016-11-30 21:42:03
Эмнеси болсо олгон олду кылган кылды чаламандын так тушундо болуп кетти го..кайда барбыз чак тушто киши олтуруп,эл менен чогуу журот деген эмнеее????
0
tatynam_88
2016-12-05 17:27:55
Админ,жаны санын окуй албай жатабыз го.жаныланбай жатат
0
admin_superstan
2016-12-05 17:34:06
tatynam_88, саламатсызбы? Гезиттин жаңы саны жакынкы күндөрү жарыяланат, порталга баш багып туруңуз.
0
nurka0390
2016-12-05 20:41:35
Эмнеге жаны саны кечигип жатат бугун 5жолу кирдим али кирбептир
0
NES1380
2016-12-06 01:53:42
"ал эже эсепчи болуп иштегендиктен акчага байланыштуу маселе жараткан экен. Аны апам билип калыптыр" - дегенди ал кайдан билиптир ошол суроо болуп жатат...????
+1
odin-takoy
2016-12-06 10:09:02
Эмнеге жаны сан чыкпай жатат ушуга жооп бергилечи
0
admin_superstan
2016-12-06 10:11:21
odin-takoy, nurka0390, саламатсыздарбы? Тоолук маалыматты бул жактан алсаңыздар болот: http://www.super.kg/kabar/news/168419/
0
Dastanwanted
2016-12-06 12:31:16
Жаткан жери жайлуу болсун эженин а балдарына Кудайым сабыр берсин
0
magic1721
2016-12-06 16:12:31
Шаршембиге чейин гезит муздап калмай болду :)
0
jama9210
2016-12-06 16:50:32
Ошону айтам
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан