ЭҢ КИЧИНЕКЕЙ ШАХМАТ ЖАСАГАН ЧЕБЕР "ГИННЕСCТИН РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ" КИРҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ

Кичинекей фигураларды жасаганга кызыккан каарманыбыз Нурлан уулу Эржан келечекте "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү максат кылат. Графиттен кичинекей сувенирлерди жасап келген Эржан эми дүйнөдөгү эң кичинекей шахмат фигураларын жасады.

– Салам, Эржан. Өз өнөрүң тууралуу айтып берсең? Качантан бери бул ишке кызыгып келесиң?
– Ассалом алейкум. Өзүм Таластын Красная линия айылынан болом, учурда Бишкекте иштейм. Фигураларды жасоо – бул менин хоббим. Буга кызыгуум 9-класста окуп жүргөндө башталган. Жаңылыктардан бир америкалыктын карандаштын графитинен бут кийим жасаганын көрүп, менин да жасагым келди. Ал кезде шахмат ойногонго абдан кызыкчумун. Ойлонуп көрүп кичинекей көлөмдөгү шахмат жасагым келди. Аракет кылып толугу менен бүтүрө албай койгом. Арадан бир канча жыл өткөндөн кийин гана кайра жасоону туура көрүп, 20 күндүн ичинде жасап бүтүрдүм.

– Ал эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
– Ал графиттен жасалып, көлөмү абдан кичине. Бир күнү интернеттен "Гиннесcтин рекорддор китебине" кирген кол менен жасалган эң кичинекей көлөмдөгү шахмат Индия өлкөсүнүн жараны Маникандану дегендин тактайы экендигин көрдүм. Анын шахматтык тактайы 24 чарчы миллиметр, эң чоң фигурасы (падыша) 10 миллиметр, эң кичинекейи 5 миллиметр (пешка) экен. Буга таң калдым, себеби мен жасаган шахмат тактайы 22 чарчы миллиметр, эң чоң фигура 9, эң кичинекейи – 4 миллиметр болгон.

– Демек, сенин шахматың дүйнөдөгү эң кичинекей шахмат турбайбы?
– Ошондой деп айтса болот. Бирок "Гиннесстин рекорддор китебине" расмий түрдө каттала элек. Ага катталуу үчүн жасап жаткан жеринен бүткөнгө чейин видеокамерага тартуу керек экен. Эгерде ошондой мүмкүнчүлүк жаралып калса өзүм жасагандан да кичинекей кылып жасарыма көзүм жетет.

– Майда фигураларды жасоодо кандай кыйынчылыктар бар?
– Үйрөнүп жаткан кезде көп графит керектелчү. Азыр кичинекей бычак менен жасайм, колдорум да көнүп калды. Эң татаал жери – фигураларды боёо. Шахматтан тышкары да башка фигураларды жасайм.
Анан, албетте, буларды жасоо үчүн колдоо болбосо бизге окшогон жаштарга кыйын эле болот экен. Алдыда Бишкек шаарынын аянтынын миниатюрасынан тарта көптөгөн фигураларды жасайын деген тилектерим бар.

 
Дүйнөдөгү эң кичине шахмат жасаган адам катары "Гиннесстин рекорддор китебине" Индиянын Тамил-Наду шаарынын тургуну Маникандану кирген. Бул 2006-жылы катталган. Ошондой эле тарыхтагы дагы бир эң кичине шахмат – 24 чарчы миллиметрди түзгөн, фигуралары алтындан болгон шахмат тактайы Индияда жасалган. Фигураларына 6 граммдан ашык короткон бул шахмат тактайы интернет сатыкта 2 миңден ашык АКШ долларына сатылган.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
isnur93
2016-11-28 11:01:03
Ийгилик!
+7
Kroxa
2016-11-29 00:43:17
Бизде комускодогу таланттар коп,,соз жок ийгилик,,дагы бир аз кичирейтсен соз жок генестин китебине киресин,.,
+3
KAPAGAT
2016-11-30 19:05:12
Азаматсыз, ийгилик сизге, Гиннес китебине кирип калсаныз сонун болмок.
+2
ABDISHkg87
2016-12-04 01:41:57
Баракелде, оркундоп осо бер оз тагдырын колунда!
+1
Lu4ano
2016-12-04 12:14:17
ийгилик Эржан
+1
Krai
2016-12-07 08:21:02
Кызыгы кантип ойнойт
+1
elif
2017-02-13 03:05:05
Онорун оркундой берсин,тилегине жет
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан