КОШ БОЙЛУУЛУГУН ЖАР САЛГАН ЖЫЛАҢАЧ ЖЫЛДЫЗДАР

Айрым айымдар кош бойлуу кезде "сулуулугунун сыры" менен элге бөлүшпөй, көпчүлүктүн көзүнөн оолак болууга аракет кылат. Бул абалын калың журтка жар салып, жарыялагандары да бар. Жакында гана телеалпаруучу Ксения Собчактын ню стилиндеги сүрөтү журнал бетине чыкты. Жеке жашоосун жарыя кылганды жактырбаган айымдын интимдик сүрөттөрү дагы деле кызуу талкууда. Бүйүрдү кызыткан атактуулардын сүрөттөрүнө токтолуп көрүүнү чечтик.

ДЕМИ МУР ТАЛКУУНУН ЧОРДОНУНА АЙЛАНАТ

Кош бойлуу жылаңач айымдар модасын белгилүү актриса Деми Мур 28 жашында баштаган. Ал 1991-жылы 7 айлык кош бойлуу кезинде "Vanity Fair" журналына тартылып, сенсация жараткан. Ал кезде бул чоң эрдик, элдин кыжырын кайнаткан жорук болчу. Жадакалса көптөгөн күркөлөр журналды сатуудан баш тартып коюшкан. Жаман атка калганы менен, актриса көп жылдыздарга жол ачып берди. Ал "шишиген буттарым, чандайган курсагым болсо да өзүмдү жер жүзүндөгү эң сексуалдуу аялмын деп эсептейм" деп сезимдери менен бөлүшкөн.


3 МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ

Деми Мур чыккандан 8 жыл өткөндө модель Синди Кроуфорд ню стилинде сүрөткө түшүүнү жандантып берген. Ошондон кийин кош бойлуу жылдыздар "смело" журналдын башкы бетине чыга башташты. 2004-жылы "Vanity Fair" журналына чыккан сулуулуктун эталону болгон 39 жаштагы италиялык актриса Моника Беллуччи күйөрмандарын эстен тандырган. Болгондо да 6 айлык кош бойлуу кезинде жылаңач сүрөтү менен. Маалыматка караганда, ал кош бойлуу жылдыздардын ичинен эң көп гонорар – 3 миллион доллар алган. Минтип сүрөткө түшүү ага жакканбы, айтор, 6 жылдан кийин кош бойлуу кезинде кайра эле ушул журналдын жылаңач жүзү болгон.


АЧЫК ФОТОСЕССИЯЛАРГА БАЙ ГЛЮКОЗА

Орусиялык ырчы Глюкоза (Наталья Ионова) да кош бойлуу учурун көз жаздымда калтыргысы келген эмес. 2011-жылы ырчы айым "Star Hit" журналынын өзгөчө коногу болуп, "өзгөчө" сүрөткө түшүп берген. Глюкозанын ачык фотосессиялары көп болгондуктанбы, жылаңач сүрөтү талкууга көп алынган эмес.


ӨЗҮНҮН ДЕНЕСИНЕ СУКТАНГАН КРИСТИНА АГИЛЕРА

Кристина Агилера бир эмес, бир нече журналдын жылаңач жылдызы болууга үлгүргөн. 2008-жылы тун уулуна кош бойлуу кезинде "Мarie Claire" журналы үчүн чечинип сүрөткө түшөт. Биринчиси дагы ыймандуураак экен дейсиз, анткени анда чачы менен болсо да анча-мынча жерлерин жапкан эле. Экинчи ирет "V Magazine" журналына энеден туума жылаңач болуп түшүп берген. "Аял катары кайсы учурда болбосун өзүмдүн дене мүчөмдү сыймык менен кабыл алам" деген Кристина учурда кош бойлуу. Бул жолу да "кызыктуу" келбетин калың журтка жар салабы, аны көрө жатарбыз.


БРИТНИ СПИРС ЭЛДЕН КАЛМАК БЕЛЕ?

Коомдун сынына көп кабылып жүргөн поп жылдыз Бритни Спирс да бул жаатта артта калган эмес. Ал 2006-жылы "Harper’s Bazaar" журналына, андан 3 ай өтпөй "Q" журналынын юбилейлик санына ню стилинде сүрөткө түшүп берген.


КСЕНИЯ СОБЧАКТЫ СЫНДАГАНДАР КӨП

Ал эми кезектеги каарман дагы деле талкуу чордонунда. Быйылкы күздүн эң популярдуу кош бойлуу айымы телеалпаруучу Ксения Собчак болду окшойт. "Tatler" журналынын декабрь айында чыкчу санында Собчактын кош бойлуу ачык сүрөтү кесиптештерине, күйөрмандарына күтүлбөгөн сюрприз болду. Интернет айдыңында аны куттуктагандар да бар, арасында "башкаларды укмуш сындачу эле, өзү деле жылаңачтанып алыптыр" деп сындагандары да табылат. Кошумчалай кетсек, Ксениянын курсагында "жылдызга" айланган тун уулу 18-ноябрда жарыкка келди.


Мындан сырткары Клаудия Шиффер, Жессика Симпсон, "Тату" тобунун экс-солисти Юлия Волкова, Светлана Лобода жана башкалар да бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
leilekstan_1987
2016-11-28 10:09:39
АстахфирАллах!!! Акча учун булар баарына даяр Ыймансыздыктын туу чокусуго
+1
Nazikbaigazy
2016-11-28 11:17:24
Кудайга шугур биздикилер ыймандуу, отконку санда Айгеримди сындагандар кана кыска кийет ачык кийинет деп, мына чет элдиктер жыланач журушот буларга караганда биздикилер более менее
-2
Meerman
2016-11-28 11:39:29
Nazikbaigazy,biz musulman bolsok kerek
+7
SoniK
2016-11-29 13:50:22
Meerman,
Адам оз каалосу менен кийинет, мусулман болсок керек деп акыл уйроткондон коро. Озунду бил
-3
Meerman
2016-11-28 11:42:41
ushulardy tuurap jylanach tushposo eken bizdikiler I tak kupalnikchen tushup jatyshat zamandan artta kalvaily dep
0
Mani.kg.
2016-11-28 12:03:48
Ушуларды гезитке чыгарбай эле койбоптур да..
+2
Nakinai
2016-11-28 12:07:56
Ушинтип тушуп чыгарып койсо, ачып окуп отурган биз да куноонуубуз
+3
Aisuluu160790
2016-11-28 13:05:44
Тобо деп отуруп калдым. Ушул да болмок беле....
0
Shahrizaada
2016-11-28 13:40:41
Биздин Иляз Андаштынбы айтоор бир ырчынын аялы жыланач тушпосода, чандайтып курсагын коргозуп тушкону бар ушул гезитте. Кофтасын ойдо которуп ичин коргозуп тушуп атышат. Аны атасы, кайын ата, кайнагалары коруп, -Азамат!- кызым деп чекесинен сылады болду бекен, же уяттан беттери кызарды болду бекен, кызык. Дагы он жылдан кийин бир кудай билет, ээрчиме, оомо калк элек!
+15
Deniza88
2016-11-28 14:07:34
Моника Белучи ни жакшы кором !!!! Алар мусулман эмес, эн башкысы мусулмандар мындай болбосун !!
+3
DNurgiza
2016-11-28 20:25:21
буларга жараша берет.
0
Murok
2016-11-28 23:23:45
Кандай сулуу корунот ээ кош бойлуу аялдар. ИншАлла мага да жараткан перзент берсе экен
0
kansulu
2016-11-29 09:29:19
Кудай сакта куйоолорунода барибир экен аялын жыланачтап элдерге реклама кылдырып
0
admin_superstan
2016-11-29 09:57:09
ERCHOROEV, Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-1
Suluu4a
2016-12-03 02:22:22
Моника Белучи
0
Suluu4a
2016-12-03 02:22:54
Моника Белучи
0
elmurat.kg
2016-12-04 23:05:23
моника беллучи тамашоу командасы ушундан жаралганго
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан