"Мурун эркектер аялдарын таштап кетишчү эле. Азыркы заманда күйөөсүн таштап кеткен аялдар көбөйдү",- деген Азамат аттуу Балыкчы шаарынын 34 жаштагы тургуну бизге кайрылып, арыз-арманын айтып берди.
"АЯЛЫМ ТУУГАНЫ МЕНЕН КӨҢҮЛДӨШ ЭКЕН"– Келинчегим Мээрим менен 5 жыл сүйлөшүп баш кошконбуз. 13 жыл жашап, 1 уул, 2 кыздуу болдук. Уулум 6-класста, экинчи кызым 4-класста окуйт, кичүү кызым 5 жашта. Үй-бүлөмдү багайын деп Орусияда, Казакстанда, Бириккен Араб Эмираттарында иштедим. Мен чет жакта жүргөндө аялым Балыкчы шаарынын төрөтканасында санитар болуп иштечү. Ошол маалда "тиги менен жүрөт, муну менен жүрөт" деп уу-дуу болуп кетиптир, мен аны уккан эмесмин.
Кайнатам өзү 2 эле бир тууган. Кайнатамдын эжесинин "Кумтөрдө" иштеген улгайган эле баласы бар. Ал биздин үйгө көп келчү. Мен чет жакта жүргөндө анын аялы келинчегимдин жумушуна 2-3 жолу барып, "күйөөм менен көңүлдөш экенсиң, менин үй-бүлөмдү бузба" деп чаң салып кетиптир.
Мен келгенде, тагыраагы, 2004-жылдын аягында ал байкеси үйгө кызуу болуп келди, экөөбүз чогуу дагы ичип отурганбыз. Аңгыча ал "жаным, келчи" деп жаныбыздан өтүп бараткан аялымдын белинен кучактап, тизесине отургузуп, моюнунан өпкүлөп кирди. Мен болсо алардын маңдайында отурам. "Эй, тарт колуңду, бул эмне кылганың?" деп жиним менен ордумдан тура калсам, ал бөтөлкөнү столго чаап сындырды да, мага тап берип калды. Келинчегим эшикке качып чыкты. Байкесин болсо үйдүн ичинен, эшиктен аябай сабадым. Келинчегим ошол бойдон жок. Ал кезде Балыкчы шаарында бир ишканада электрик болуп иштечүмүн. Эртеси байкесинин аялы, апасы, келинчегим, апам болуп төртөө жумушума келишти. Ошол жерден жеңеси аялымдын бетине койду. Көрсө, келинчегим мага тие элек кезинде ал байкеси Бишкекте маршруттук такси айдап, жанына Мээримди кассир кылып алчу экен. Биз үйлөнгөндөн кийин да жолугуп жүрүшчү тура.
"АЯЛЫМ ТИЙГЕН КИШИ ҮЙҮ ЖОК, АРАКЕЧ ЭКЕН"
– Балдар үчүн кечиришип жашап калдык. Мен кайра Орусияга барып иштеп келдим. Келсем кыздарым "апам бир курбусунун туулган күнүн тособуз деп биз тааныбаган эркектер менен кетип, түнү бою келген жок" деп айтышты. Анын айынан уруш чыкты. Адатынча балдарды таштап кетип калды. Улуу балам 2 айлык кезинен тарта жыл сайын болбогон нерселерди шылтоолоп үйдөн качып кеткенди адат кылып алган.
Акыркы жолу ушул жылдын январь айында жаакка чаап койсом дагы кеткен. Ооруканага жатып, үстүмдөн арыз жазыптыр. "Аялың тиги менен жүрөт" деген кепти укса бардык эркектин жаны кашаят да, кээде сабап койчумун, бирок бир жерин сындыргыдай катуу сабачу эмесмин. Тергөөчү аялымды соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрсө жаракаты жок болуп чыгып, доого жыгылбай калгам. Ошол бойдон дагы жоголду.
Бир жолу Балыкчыдагы базардан келинчегимди көрүп калдым. Бир улгайган эле кишиден акча алып, базарга чуркап кирип кетти. Артынан барсам аялым кичинекей кызга кийим алып жүрүптүр. "Эмне кылып жүрөсүң? Тиги киши ким?" десем эле алаңдап, башкача боло түштү. Ага "келесоо, өзүңдүн балдарың менен ишиң жок башканын балдарын кийинтип жүрөсүң. Апам экөөбүз канча жылдан бери сен жоголгон сайын балдарды кийинтип, багып жүрөбүз" деп жулмалап, акырында "сен дагы балдарыңды кийинтип баккын!" деп ачуум менен ээрчитип барып 3 баламды ага бергем. Ошол боюнча аларды бир жума мектепке жибербей коюптур.
Балдарымды берип алып кайра сарсанаа болуп, аялымды кайдан табарымды билбей, үйдө отуруп келесоо боло жаздадым. Мен кийинтип эле кайра алып келет экен деп ойлогом да. Аңгыча эле улуу балам чалып, "ата, биз Тамчыга кире бериш жактагы автоунаа токтотуучу жайдын ичинде күркөдө жашап жатабыз. Апам ошол жакта Тойчу деген киши менен жашап алыптыр. Ал кишинин 4 баласы бар экен. Бизди сабады, ата, алып кетиңизчи" деп ыйлады. Ал күнү бара албай калдым. Эртеси аялыма чалып "эртең барам анан сүйлөшөбүз" дедим. Тиги киши ары жакка туруп алып "кел балакай, башыңды жулуп, өпкөңдү үзүп алайын" деп сөгүнүп жатканынан жиним менен барсам ал киши менен аялым кичүү кызымды алып качып кетишиптир. Менин 2 улуу балам, тиги кишинин 1 эркек, 3 кызы күркөнүн ичинде отурушат. Күтсөм жок, чалсам албайт, анан 2 баламды алып кетип калдым. Балдарым "тиги киши ичип алып апамды, балдарын сабады. Балдарын аябай сабайт экен. Апам ал киши сабаса, кайра жини менен бизди сабап жатты" дегенин угуп аябай ачууланып кайра ошол түнү жалгыз бардым. Тиги киши бычак көтөрүп чыкты. Дагы жакшы, апам тынчсызданып бир нерсе болуп кетпесин деп артымдан милиция кызматкерлерин ээрчитип барып калды. Тиги киши "биз жашаган жокпуз, аялыңды эртең жиберем" деп сөз бергенинен ишенип кетип калгам. Бирок жиберген жок.
"БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ЖАРАШУУГА ДАЯРМЫН"
– Акыры Чолпон-Атанын социалдык кызматкерлерин, айыл өкмөттү, аймактык тескөөчүнү ээрчитип алар жашаган күркөгө бардык. Барсак аялым кызымды ээрчитип бир жакка кетиптир. Тиги киши "ооба, чогуу жашап жатканбыз" деп түшүнүк кат жазып берди. Ал спирт ичимдиктерин көп ичип, балдарын ур-токмокко алгандыктан "кооптуу үй-бүлө" деп социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө турат экен. Үйү жок, күркөнү ижарага алып ошол жерде жашап, тамак-аш сатып жанын багып жүрүптүр. Менин келинчегим 32 жашта, ал киши 47 жашта экен.
Акыры жарашпай турганыбызга көзүм жетип, сот аркылуу ажыраштык. Кичүү кызымды да кор кылбай өзүм багайын десем аялым бербей качып жүрөт.
Азыр 2 жолдун бирин тандашым керек болуп жатат. Эгер өзүмдүн бактымды ойлосом башка аял таап аны менен бактылуу жашашым керек. Балдарымдын бактысын ойлосом анда аялым менен жарашышым керек. Эгер аялым кайтып келсе балдар үчүн бардыгына көз жумуп, кайра баштан жашоого даярмын. Чынын айтсам, анын жосунсуз жоруктарына карабай азыр деле сүйөм. Ишенесизби, аны ушунчалык сүйүп, аяп, үй жумуштарына да жардам берчүмүн. Балким, аялым ошого көөп кеттиби, же чын эле катуу чаап койдумбу, же акчага азгырылдыбы, билбейм...
"КЫЗЫМДЫ САБАП, ЭКӨӨ АЖЫРАШЫШКАН"
Андан соң каарманыбыздын жубайынын апасы менен байланышканыбызда ал төмөнкүдөй жооп берди:
– Азамат кызымды сабай бергендиктен экөө ажырашып кеткен. Адегенде сот 3 баласын тең кызыма берген. Каникул маалында кызым кичүү кызына кийим алмакчы болуп кеткенде үйдө калган 2 баласын күйөөсү алып кетиптир. Азамат кызымдын улуу кишиге тийип алганын, байкеси экөөнү кармап алганын айтып догурунуп жүрөт, мен анысын билбейм.
"АЗАМАТ МАГА ЖАЛАА ЖААП ЖҮРӨТ"
Гезит басууга кетерде каарманыбыздын жубайы Мээрим айым бизге байланышып, өз чындыгын айтты:
– Азамат 13 жылдан бери мени ар кимге жабыштырып сабап келди. Акыры анын зомбулугуна чыдабай сот аркылуу ажырашкам. Эми 3 баламды алуу үчүн сотко кайрылам. Азамат балдарды талашып мага ар кандай жалаа жаап жүрөт.
Ооба, Азамат айтып жаткан 4 балалуу кишиге турмушка чыккандыгым чын. Ал күркөдө эмес, жакшынакай эле 4 бөлмөлүү үйдө жашайт жана анын менин 3 баламды кошуп багууга мүмкүнчүлүгү бар.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg