КУНУ БИЙИК МЕРГЕНЧИЛИК

Айылыбызда 300 түтүн жашайт, чакан айыл болсо да эч кимге көз каранды эмеспиз, свет, суу, ФАП, мектеп, почта бар. Эмне издесең табылчу дүкөндөр да көп. Жалпы айыл элине тийиштүү тоодо багылган бир топ топоз бар. Мына, ушундай мен башкарган айыл… Ичимден сыймыктанып койдум. Өткөндө райондо айыл өкмөт башчыларынын чогулушу болду, майда-чүйдө маселелерден олуттуусуна чейин айтылды. Кээ бирлерине жиним келди, өкмөт бизге кылып бербей жатат, куурадык деп эле башын ташка койгулашат. Биринчи өздөрү деле жерден бир таш алып болсо да аракет кылышпайбы… Ушинтип ат үстүндө ойлонуп келатканда бурчтан чыга калган Жамбы жиндиден атым үркүп учуп түшө жаздадым.
– Шеф, салам алейкум… Атың аябай кыйын секирет экен, ээ? Моонтет го тим эле...- үрккөн атты туурап төрт аяктап тура калып эки колу менен өйдө серпилип койду.
– Жамбы ага, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы? Атты үркүтүп жибербедиңизби кокустан чыга калып. Каяктан келатасыз?
Өз жоругуна маашырлана көздөрү жымыңдай түштү. Бир маалда чыйт түкүрө олуттуу боло калып:
– Тиги тегирмендин капталындагы адырда көгүчкөндөр көп, ошолор менен жарышайын десем эле менден качып, кармайын десем учуп кетишпедиби… Шеф, ошолорду кармап берчи мага, сазайын сайдан окутайын, ыя?.. Жообумду күтпөй эле чымын куюн боло чуркап кетти.
Менден 10-15 жашка улуу болсо да жаш балдардан укканы боюнча “шеф” дейт. Кээ бир күндөрү эч кимди тааныбай калат. Мунун кантип жинди болуп калганы жаш балдар арасында аңызга айланган. Бири “тубаса оорулуу” десе, дагы бири “автокырсыктан кийин ушундай болуп калган” дешет… Мунун сырын улуу муун жакшы билет, бирок бирөө да унчукпайт. Бул сыр...
Анда мен жаш жигит болчумун. Айыл элинин мал-жаны бар деп калбадымбы. Ошолорду жамандык-жакшылыкта союп элге таратып беребиз мурдатан эле. Ноорузду утурлай бир топ адам тоого кетти мал союп келебиз деп. Алардын катарында мен, Жамбы байке бар. Бакылдап сөзмөр киши, баарыбызды зериктирбей мергенчиликтеги кызыктуу окуяларын айтып, ар кимди окшоштуруп туурап берип жетер жерибизге жеткиче теребелди термелте каткырып бардык.
Топоз дегениң өтө күчтүү жаныбар, кол менен кармап союу өтө оор. Ошондуктан атып жарадар кылып, анан соёбуз. Бизге төрт топоз керек болчу. Биринчисин соё баштаганда тарс деген үн менен кошо экинчи топоз мүдүрүлдү. Топозду аткан милдет Жамбы байкеде, мылтыктын тилин жакшы билет. Эгер мурункудай элди кийик менен баккан заман болсо, Жамбы байкенин уруусу ачка калмак эмес. Мылтыгын шыкаалап бутасын карап калат, бирок берки экөөнө жетишпей жатканыбызды көрүп аярлап жатты. Жерге үймөлөктөшүп эле жүргөн адамдар… Иш аяктап калганда Жамбы байкенин жанына бардым.
– Ии, баатыр, кел.
– Кантип атканыңызды көрсөм болобу?
– Болот. Эмне, сен да аткың келип жатабы? Ме, атасыңбы?
– Жок, мен жөн эле карап турайын…
– Оңой көрүнгөнү менен мылтык дегениң жан алгыч нерсе да, муну менен ойногон болбойт. Жакшысы мылтык кармабай эле койгон оң. Сен карап тур, Кудайдын жараткан макулугун мен атып, мен эле күнөөкөр болоюн...- деп каткыра мылтыгын колуна алды.
Камалган жеринен кача албай, тоо жаңырта тарсылдаган үндөн чочуган топоздор башын жерге сала бир жерге үймөлөктөшүп алышыптыр. Мергенчинин колунан кезектеги курмандыгы бүк түштү. Калгандары дыр эле үркүп беришти… Жамбы байке шарт солго бурула машааны басып алды… ''Кокуй, өлдү!'' Мылтыгы колунан түшүп, көзү чанагынан чыкчудай алайган Жамбы байкенин жүзүн көрдүм. Ал тиктеген тарапты карай берип жерде башы октон чачырап кеткен адамды көрдүм. Ким экенин тааный алган жокмун, кийиминен гана Садыр экенин билдим. Мен курактуу эле жигит болчу. Силерге калп, мага чын, мээси чачырап кетиптир тим эле… Жердин баары кызыл жаян, малдыкы эмес, адамдын каны… Жанатан каккан казыктай турган Жамбы байке чуркап келип сөөктү жулкулдатып баштады: ''Садыр, тур! Турчу айланайын! Мени кечирип койчу! Сен жерде отурбадың беле, эмне тура калдың?! Өзүң күнөөлүүсүң! Жок, мен байкабай калбадымбы… Мени кечирчи… Болду эми турчу...'' Баары кеч эле… Жомоктой сезилген Кожожаштын трагедиясы ошондо өңүбүздө болуп жатты. Ооба, мындай окуяны уксаң бул жомок да деп басып кетишиң мүмкүн. Мал союп отурган Садыр дал мылтык ошол тушка мээленгенде тура калып бутага айланган экен. Үнсүздүктү, айласыздыкты Жамбы байкенин күлкүсү бузду. Каткырып жатты… Бир маалда чуркап барып ары жактагы карагайды сүздү да эстен танды.
Айыл эли чуу түштү да калды. Бир тарабы кан жуткан Садырдын үйүнө барып көңүл айтышса, айрымдары Жамбынын абалына эмне дээрин билбей улутуна отурушту. Борбордогу ооруканага кеткен Жамбы байке бир айдан кийин келди. Бирок ал мурункудай Жамбы байке, Жамбы мергенчи эмес, Жамбы жинди деген атка конуп келди. Жашоодо баары болот экен. Бир нерсеге жака кармап таң калуунун деле кереги жок.
Арадан жылдар өттү. Азыр ал окуя кадимки ушак, аңыз катары гана айтылат. Ал окуя болгон убакта мен керилген жигит элем, азыр чачымды ак аралап, бетиме ары-бери жол сала бырыш түштү. Жылкы жаныбарың бир керемет чиркин, ойдун түбүнө түшүп кете бериптирмин го, карачы, өз үйүмдүн дарбазасына алып келиптир…
– Ата, келдиңби? Апам боорсок бышырып жатат. Жүр…
– Атаң сенден кагылып кетсин. Ушу силер жамандык көрбөй чоңойсоңор экен…

Акматбек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aytur
2016-11-28 11:25:28
Эбептен себеп таап кудай керектуу пенделерин ала берет тура
+4
Nargizjoldow
2016-11-28 11:37:38
Тагдырга жазылгандан эч ким качып кутулбайт
+5
Ramina-malina
2016-12-03 22:23:39
Baykuwtun tagdyry uwundai eken da.
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан