Кыска чачтуу блондинканы Бактияр мырза бир көрүп жактырган. Ачык-айрым, шайыр мүнөз шаардык кыз "Азия MIX" командасынын көрүнүктүү оюнчусу "шамандын" жүрөгүн дароо ээлеген. Мындай өзгөчө бийкеч КВНчи жигитти теңине албай көпкө чуркаткан экен. Акыры Бактияр кыялындагы перисине жетип, 7 жыл сүйлөшүп жүрүп, экөө 19-ноябрда баш кошушту.
– Куш бооңор бек болсун! Кепти бири-бириңерди кантип байкап калдыңар, ошондон баштасак.
Бактияр: – Биз Политехникалык институтта окуп жүргөндө таанышканбыз. Жибек кыска чачы, сүйлөгөнү, кийинүү стили менен башкалардан өзгөчө эле. Балким, сүйүп калганым үчүн анын бардык кылыктары жагымдуу көрүнө берсе керек. Ошондуктан таанышканда эле тагдырымды ага байлагым келди.
Жибек: – Бактияр 2 ай артымдан чуркады. Бир университетте окугандыктан "жолугалы, чык" деп чалса, ага жолуккум келбей эле "мугалим уруксат бербейт" деп кача берчүмүн. Ал болбой эле аудиториянын эшигин тыкылдатып "Жибекке уруксатпы?" деп сурап кетчү. Бир айдан кийин апам "көздөгөнүнөн кайтпаган өжөр жигит экен, байкап көрсөңчү? Мындай жигиттер жашоодо да максатына умтулгандардан болушат" деп калды. Бир жолу досубуздун туулган күнүндө жолугуп, ошол күндөн баштап 7 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Апамдын көрөгөчтүгү мамилебиздин уланышына жардам берди. – 7 жыл узак мөөнөт. Кантип мамилени сактап калса болот экен?
Б.: – Менин кеңешим, бат-баттан командировкага кетип тургула. Келгенде баары кайрадан башталгандай туюлат. Албетте, бул тамаша. Балким, бири-бирибизге темперамент, мүнөзүбүз менен төп келишебиз. Эгер мен ачуум келип жарылсам ал унчукпайт, анын ачуусу келгенде мен тилимди тиштеп чыдап коём. Сүйлөшкөнүбүзгө 2 жыл болгондо Асхат Табалдиев менен сүйлөшкөн кызына таң калчубуз. "Сен эмне 6 жыл сүйлөшүп акылыңдан аздыңбы?" деп күлчүбүз. Шылдыңдап алып биз да алардай көпкө сүйлөштүк го (күлүп).
– Бактиярдын кайсы сапатын баалайсыз?
Ж.: – Кичине кезимде жигитим баары менен тил табыша алган тамашакөй болсо деп тилечүмүн. Бактияр максатына жете билген, иштин аягына чыккан жигит. Мына ушул сапаттарын баалайм.
– Силер салттарга маани бербеген түгөйлөрдөй туюласыңар...
Б.: – Мен салттар баарын бузат деген ойдомун. "Мындай болбойт, тигиндей болбойт" деп эле жашообузду татаалдаштырып рамкаларды ойлоп таап алганбыз. Үйдө Жибек "чай куюп берчи" десе, мен аны жасайм. Бул мен үчүн маселе эмес, нормалдуу көрүнүш жана мага жагат. Эгер салт менен жашаган башкаларга жакса каршылыгым жок, жашай беришсин. – Урушуп кеткенде канча убакка чейин таарынасыңар?
Ж.: – Алгачкы жылдары күйөрман кыздардан кызганып урушуп кетчүбүз. Азыр таарынсак "биринчи кадамды өзү кылсын" деп күтпөйбүз. Көбүнчө мен биринчи сүйлөйм, себеби дайыма мен күнөөлүү болом да (күлүп).
– Сүйүү үчүн кандай эрдиктерди жасадыңар эле?
Б.: – Мен Индияга окуганы кеткем. Ошол маалда таарынышып жүргөнбүз. Жибек мага Делиге келип сюрприз кылган. Буга чейин ал чет өлкөгө чыга элек болчу. Сочиде КВН менен жүргөндө чачымды кыска кырктырып, арт жагын жүрөкчө кылып алдырткам. Ал дагы чачын жүрөкчө кылып алдыртып сүрөткө тартып жөнөткөн. Бул кылыгы мага аябай жагымдуу болгон.
– Жибек, Бактияр колуңду кантип сурады?
Ж.: – Бактияр экөөбүз сейилдеп жүргөнбүз. Ага достору "тоодо баратып жол кырсыгына кабылдык, унаабыз көңтөрүлүп калды, жардамга келгиле!" деп чалганда дароо ал жакка жөнөп калдык. Биз тоого барып аларды издеп жүрсөк Бактияр тизелеп отуруп "мага турмушка чыкчы" деп колумду сурап жатпайбы (күлүп).
Б.: – Мен досторумдун бирөөсү жол кырсыгына кабылганын ойноп коюшун сурангам. Унаамды тоонун жанына токтотуп "аларды ушул жерден издеш керек" десем, Жибек издей баштады. Мен ал убакта шакекти алып чыгып, "кантип жанына барып сурасам" деп толкунданып даярданып жаттым. Ошол жактан колун сурасам "шок" болуп түшүнбөй калды. "Досуң кырсыктап жатса колумду сурап тамашалайсың да!" деди. Мен бул даярдалган сценарийге досторубуз жардамдашканын түшүндүрдүм. Кийин досторубуз "башкача сунуш киргизүү оюңа келбей койдубу?" деп күлүп жүрүштү.
– Дароо эле макул болдубу?
Б.: – Макул болбогондо каякка бармак эле? Мен ошондо кетип калсам тоодо жалгыз калмак да (күлүп).
– Жибек, өзүңүздү тааныштыра кетпейсизби, каякта иштейсиз?
Ж.: – Азыр көркөм сүрөт окуу жайында окуйм. Биринчи жогорку билимим жан дүйнөмө туура келген жок. Сүрөт тартуу, чыгармачылык менен алектенүү бала кезимдеги кыялым. Анан сулуулук жаатында билим алып жатам, келечекте стилист болом деген тилегим бар.
– Бактиярдын "Азия MIX" командасында ойногонуна сыймыктанасызбы?
Ж.: – Ооба, үй-бүлөбүз менен оюндарды калтырбай көрөбүз. Айрыкча атам аябай жакшы көрөт, бирок билгизбейт (күлүп).
Б.: – Жибектин ата-энеси алтын адамдар. Экөөбүз таарынышып кетсек апасы "сен күнөөлүүсүң" деп Жибекти урушуп, дайыма мага болушат.
– Канча балалуу болгуңар келет?
Б.: – Көп болсо 2 балалуу болгубуз келет. Жаш кезибизде, саякаттап, башка элдердин маданиятын, жашоосун көрүүнү каалайбыз. Саякаттаганда жашоого болгон көз карашың өзгөрөт. "Жашоону татаалдаштырбай эле жашаса болот турбайбы?" деген ойго келесиң. Индияда жүргөндө кедей адамдардын бактылуу жашаганын көрүп таң калгам. Керээли кечке велосипед айдап киши ташып иштешсе да ар бир күнүнө ыраазы болуп жашашат. Бул жакка келсең акчасы, унаасы, үйү бар туруп бактылуу эмес.
– 2 бала аз эмеспи?
Б.: – Биз "жаңы кыргыз" болгубуз келет. Бул азыр провокациялуу угулса керек. Мен 5-6 бала төрөп алып тер акканча иштеп, бир кийим менен жүргөндөрдү түшүнбөйм. Алар "улуулары чоңойсо кичүүлөргө жардам берет" деп ойлошот. Андай болбойт. Улуусу чоңоюп өзүнө байпак издейт. Чынында, мага бул нерсени түшүнүү оор. Балким, мен айнып калсам керек. Жибек 4, мен 3 бир тууганмын. Мен аз жана сапаттуу болушун каалайм. Бирөө болсо да билимдүү, курсагы ток болушу керек.
– Тилегиңерге жеткиле. Маегиңерге рахмат!
Динара Абдыкадырова
Дэвид Жойсон
star@super.kg