Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 21-ноябрда «Атанын керээзи» көркөм тасмасын тарткандар жана дизайнер-модельер Аида Робертова менен жолугуп, аларга президенттик сааттарды белек кылды. Жолугушууда президент фильмдин режиссёрлору Бакытбек Мукулду жана Дастан Жапар уулун, ошондой эле башкы каармандын ролун аткарган Ыйманберди Мукулду эл аралык ири сынактарда, анын ичинде Канаданын Монреалында өткөн «А» классындагы кинофестивалдын «Алтын карек» сыйлыгын алган тасманы жаратышы менен куттуктады.Бектур Токтоноев
politika@super.kg