Экс-премьер Темир Сариев 19-ноябрда атайын эл менен жолугушуу үчүн Ысык-Көл облусуна барды. Алгач эле Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуу болуп, балыкчылыктар Сариевге ыраазычылыктарын билдиришти. "Облустагы магистраль жол Союз учурунан бери оңдолгон эмес эле, сиздин учуруңузда гана оңдоло баштады. Ары-бери каттоого ыңгайлуу болуп калды",- дешти тургундар. Жашоочулар жол окуясы саясат болуп кеткенин баса белгилешти. Чок-Тал айылынын тургундары "Өзбекстандан кайтарып алынган пансионаттардын ордуна түштүк тараптагы жерлерибиз берилип кеттиби?" деп сурашты. "Өзбекстандан биздин 15ке жакын объект мамлекеттик балансыбызга өткөн. Кайтарылып алынган пансионаттарды эми туура иштетишибиз керек. Баары өзүбүздүн колубузда турат, бирок тартип жетишпей жатат",- деп жердин берилгенин төгүндөдү. Мындан тышкары бир топ жол коопсуздугуна байланыштуу маселелерди талкуулашып, эл менен бирге тийиштүү кызматкерлерге сунуштар берилди. Эскерте кетсек, Темир Сариев ушул жылдын апрель айында премьер-министрлик кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.