Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө өлкө ичиндеги жана чет элдик булактардан алынган материалдардын негизинде жана алардын коомдук резонансты жаратканын эске алуу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Топтун максаты – «Альфа Телеком» ЖАК («Мегаком» соода маркасы) компаниясында 2010-2013-жылдары орун алган коррупциялык көрүнүштөргө айрым чиновниктердин катышуусун толук жана объективдүү текшерип чыгуу болуп эсептелет. УКМК: "Айрым тараптар, алардын арасында Белизден келген документтерде аты аталгандар дагы коррупциялык иштер боюнча текшерүүлөрдү өздөрүнө ылайыктуу нукка буруу аракетин көрүүдө",- деп билдирүү таратты. "Алар «Саутфилд менеджмент» оффшордук компаниясынын мүмкүндүү потенциалдык шериктеши катары, Максим Бакиевдин алдында кимдин милдеттери болгон жана ал адамдарды табуу үчүн алынган документтердин түпкү маанисин атайын эле көрмөксөнгө салышууда. Негизинен бул кырдаал кылмыш учурунда кармалгандар жоопкерчиликтен качуу эле аракетин көрбөстөн, күнөөнү аларды ошол жерден кармагандарга оодара салгандагы абалды эске салат. Мындай аракеттерди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясынын 100 пайыздык үлүшүнүн 49 пайызы гана улутташтырылып, Максим Бакиевге тиешелүү «Саутфилд менеджментке» 51 пайыз кандайча өтүп кеткендигин текшерүүнү болтурбоо аракети катары сыпаттасаболот. Алардын арасында 2010-жылдын июнь айында «Адвокаттык ишмердүүлүк боюнча» мыйзамды бузуу жолу менен, кайсы документтердин негизинде Максим Бакиевдин башкы юристтерине адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясы кайрадан жаңыртылгандыгы боюнча дагы суроолор бар",- деп жазылат УКМКнын маалыматында.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.