Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Ак-Ордо-3 жаңы конушунун жашоочулары Ак үйдүн астына митингге чыгышты. 21-ноябрда аталган конуштун 200дөй тургуну электр жарыгынын жоктугуна байланыштуу өкмөткө кайрылуу жасашты. Митингдин катышуучулары "Өкмөт, элди суукка тоңдурба" деп жазып алып, "Депутаттар элге чыксын!" деп кыйкырышты. Аталган конушта электр энергиясынын жоктугун Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев айыл чарба багытындагы жерге үйлөрдүн мыйзамсыз салынышы менен түшүндүрдү. Тургундардын айтымында, эл өзү трансформаторлорду орнотуп, линияларды тартып коюшкан. Бирок ошолорду туташтырууга уруксат берилбей келет. Акыры элдин талабы чечилип, жаңы конушка электр энергиясы берилди. Чүй облусу боюнча өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Турусбек Султаналиев"мыйзамсыз салынган жерге электр энергиясын берип биз да мыйзамды буздук. Эми "Түндүк электр" ишканасына прокуратура кылмыш ишин козгошу мүмкүн. Эл суукта тоңбосун деп облустук бийлик жоопкерчиликти моюнубузга алып отурабыз" деп билдирди. Серепчилер өкмөттүн жана депутаттардын мындай кадамдарын шайлоо алдындагы упай топтоо катары сыпатташууда. Маселени чечүү үчүн сөзсүз митингге чыгыш же шайлоону күтүү зарыл көрүнөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.