Орусиянын административдик мыйзам бузуулар боюнча кодексинин 18-беренесинин 8-пунктунун негизинде ыктыярдуу медициналык камсыздандыруучу күбөлүгү жок болгон кыргызстандык жарандар жоопко тартылбайт. Мындай маалыматты Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирди. Мурда аталган документ боюнча кармалып, Орусиядан чыгарылып, "кара тизмеге" түшкөн жарандар да тизмеден чыгарылат. Мындай жеңилдик Кыргыз өлкөсү, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын 2000-жылдын ноябрындагы визасыз режим тууралуу өкмөттөр аралык келишимине ылайык ишке ашмакчы. Эгер ким Орусиядан аталган документтин жоктугуна байланыштуу чыгарылган болсо, анда Мамлекеттик миграция кызматына арыз менен кайрылып, "кара тизмеден" чыкса болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.