SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

17-ноябрь:
ЧИНОВНИКТЕРДИ АНТ МЕНЕН КОРКУТУУ МҮМКҮН ЭМЕС

Парламент жыйынында Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Арасында кагаздагы 5-6 сүйлөмдү окуп бүткүчө сүрдөп, анттын текстин бурмалап айткандары болду. Талап боюнча анттын тексти кандай болсо, ошондой окулушу шарт. Бир ирет экс-министр Алиясбек Алымкулов парламент трибунасынан ант берип баштаганда "быссымылда" деген сөздү кошуп айтканы үчүн спикерден эскертүү алган. Депутат Дастан Бекешев анттын текстин өзгөртүү керектигин, текстке күч, дух берүүчү сөздөр жетишпей жатканын айтып чыкты. Бүгүн чиновниктер пара менен кармалып калуудан кандай коркушса, илгери кыргыз эр-азаматтары берген антын бузуудан ошондой эле коркушкан. Антта жеңил-желпи эмес, адамдын коркуу сезимин сайгылап турган күчтүү сөздөр болгон. Мисалы, "Манаста" "Төбөсү бийик көк урсун, төшү түктүү жер урсун, ак бараңдын огу урсун!" деп айтылат. Бүгүн башка заман, чиновниктерди "жер уруп кетет" деп коркутуу мүмкүн эмес, андыктан анттын баркы жоголуп баратканы чындык. Албетте, бул ант баарын чечет дегендик эмес. Эгер чиновниктердин баары антта жазылгандай иштесе, Кыргыз Республикасы эчак гүлдөп кетиши керек эле...

18-ноябрь:
"ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК ЖАЙ" КАЧАН ЭЛГЕ ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛОТ?

Өкмөт баштаган демилгелердин ишке ашарына элдин ишеними төмөн. Чиновниктердин "эл үчүн" деп баштаган көпчүлүк идеялары ишке ашпай, эрте күндө "көмүлүп" калат. Өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай" программасы да адегенде дүбүртү катуу чыгып, иш жүзүндө жакшы жыйынтык бербеген долбоорлордун бирине айланганы көрүнүүдө.
Турак жайга муктаж жарандар үчүн 2016-жылы "элдин жашоосун жеңилдетебиз, үйү жоктордун үйлүү болушуна мамлекеттен укмуш колдоо болот" деп иш башталган. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому түзүлүп, жарандарга алгачкы насыялар үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта бериле баштаган. Шарттары: 1 жаран 3 миллион сомго чейин насыяны 15 жылдык мөөнөткө ала алат, алгачкы төгүмү 10-12 пайыз. Мисалы, 1,5 миллион сомдук батирди ипотекага алыш үчүн 150 миң сомдун тегерегинде алгачкы төгүм төлөнүшү керек. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо айлыгы 10 миң сомго жетип-жетпейт. Үйгө көбүрөөк муктаж жаш мугалимдер 5-6 миң сомдон айлык алышат. Демек, айлыгы жарытпаган мугалимдер же дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программа кол жеткис бойдон калышы мүмкүн.
Бүгүн парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын отурумунда ипотекалык насыянын пайыздык үстөгү менен шарттары ылайыктуу эместигин айтып, 1066 адам өкмөттүн ипотекалык программасына жазылгандардын катарынан чыкканы айтылды. Ал эми ипотека аркылуу үйлүү болгондордун саны болгону 500дүн тегерегинде. Бул долбоор кайра эле акчалуулар менен тааныш-билиши көптөргө иштеп баштаарынан кабар берет. Акчалууларга насыянын үстөк пайызын жана калганын ай сайын төлөө маселе жаратпайт. Өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай" программасын ишке ашырууга милдеттендирилген Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев 107 миң сом айлык алып, бирок ишинен жыйынтык жоктугунан улам депутаттардын сынына кабылды. Бул программа иштебей жатканын убагында депутат Дастан Бекешев да айтып чыгып, долбоорду ишке ашырууга мамлекеттин алы жетпесе, ири ишкерлерди жардамга чакырууну сунуштаган. Долбоор атына заты ылайык келип, качан карапайым жарандарга жеткиликтүү болору күмөн...

21-ноябрь:
АТАМБАЕВ-ТЕКЕБАЕВ ТИРЕШИ "ҮЧҮНЧҮ" КҮЧТӨРДҮН ПРОВОКАЦИЯСЫБЫ?

Атамбаев-Текебаев тиреши "үчүнчү" күчтөрдүн оюну болушу мүмкүнбү? Чырды ушул өңүттөн кароого мезгил бышып жетилди. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы мурунку элчиси Кылычбек Султанов "президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тирешинин артында "үчүнчү" күчтөр турушу мүмкүн" деген оюн коомчулукка жарыя кылды. "Бул тирештен эки саясатчынын кимиси пайда тапты же табууда? Менимче, эч кимиси. Ал же бул тараптын жеңиши – убактылуу гана "жеңиш". Тескерисинче, экөө тең бирин-бири алсыратып, "үчүнчү" күчтөрдүн чырагына май тамызууда",- деп жазат Султанов. Экс-элчи "үчүнчү" күчтөрдүн бул оюнун бузуу үчүн тирешүүгө кыйыр салым кошуп жаткан активдүү жарандарды, журналисттерди, ЖМКларды "оюнга" катышуудан баш тартууга чакырды.
"Легендарлуу" парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов да "эки шумкар чокушса, бир каргага жем болот" деп чыккан. Бул пикирин "Супер-Инфого" кенен түшүндүрүп: "Атамбаевдин өз бийлигин сактап калуу аракети жок. Болгон күндө да бул мүмкүн эмес. Текебаевдин да рационалдуу жактары бар. Мына, экөөнүн ортосунда айтылар сөз айтылды, аны тийиштүү органдар текшерип жатат, эми муну токтотуп койгула, кучакташып жарашып алгыла дебейм. Бирок статус-кво абалына келгиле. Мындан ары күчөтпөгүлө. "Атаңгөрү, ушул экөөнүн таймашы эмне менен бүтөр экен?" деп, "бири-бирине көбүрөөк жаман сөз айтса экен" деп, ошого кызыгып, күчөтүүгө аракет кылгандар бар. Буга жол бербеш керек",- деген эле.
Президент Алмазбек Атамбаев да, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да кайсы бир саясий окуяларды уламыштарга байланыштырып салыштырганды жактырышат. Ынтымактын баалуулугун чагылдырган "бир чыбыкты сындырып көр, эми бир тутам чыбыкты сындырып көр" деген осуят жомок баарынын эсинде чыгар? Андыктан азыркы кырдаалда "Атамбаев менен Текебаевдин касташуусунан ким пайда көрүп жатат?" деген суроонун үстүндө талдоо жүргүзүү керек. Эгерде экөө жүз карашпай калган, жарашуу үчүн кол сунушпай турган абалга жетсе, анда ким утат? Окуянын мындай нукта өнүгүүсү оң жыйынтыкка алып келеби же анын кесепеттери бүтүндөй өлкөгө зыян тийгизеби? Эки саясатчы тең тажрыйбасы мол, кезинде акаевдик режимди, кийин бакиевдик режимди да кулатууга катышкан лидерлер, өз электораты бар партияны түптөөчүлөр, бир кайыкта, бир жээкте жүргөн санаалаштар. "Эң жакын адамдардан эң мыкты душмандар чыгат" деп коюшат. Атамбаев Текебаевди кандай жакшы билсе, Текебаев Атамбаевди ошондой эле деңгээлде жакшы билет. Бири-биринин жетишкендиктери менен кошо кемчиликтери, талуу жерлеринен да жакшы кабардар. Учурдагы тирешүү "үчүнчү" күчтөрдүн уюштуруусунда тутанган болсо, анда Атамбаев да, Текебаев да сындырууга оңой болгон бир чыбыкка айланып калбоонун жолдорун ойлонушу керек...

22-ноябрь:
АЛТЫН ЖАЛАТЫЛГАН ТӨШ БЕЛГИЛЕР – ЫКСЫЗ ЫСЫРАПЧЫЛЫК

Жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарына кызматтык күбөлүк жана алтын жалатылган төш белги жасоого салык төлөөчүлөрдөн чогулган акчадан өкмөт 6,3 миллион сом жумшамакчы. Мындай маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Кыргыз мамлекети Бириккен Улуттар Уюмунун ИДП көрсөткүчү боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн тизмесинде 156-орунда турат. Салыштыруу иретинде карасак, коңшу Казакстан бул тизмеде 59-орунда, Өзбекстан 139-орунда. Учурда мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард доллардан ашык. Мына ушундай кейиштүү абалына карабай мамлекет миллиарддаган сомду чапчыган бир жумалык оюн-зоокторду өткөрүп, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төшүнө алтын жалатылган төш белги тагып бермекчи. 11 жыл Улуу Британияны башкарган Маргарет Тэтчердин "эч кандай мамлекеттик акча деген жок, салык төлөөчүлөрдүн гана акчасы бар" деп өз учурунда мамлекеттик казына тууралуу таамай түшүнүк берип кеткен жайы бар. Биздеги мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик казынага карата Тэтчердикиндей мамиле байкалбайт. Буга далил – маал-маалы менен мамлекеттик сатып алуулар порталында пайда болуп, коомчулуктун кескин сынынан кийин жоголуп кетип жаткан "заказдар". Мамлекеттик кызматкерлер элдин эсебинен бассейнге сүзүүдөн, футбол ойноодон, алтын саат тагынуудан кайра тартышпайт. Салык төлөөчүлөр өзүнүн акчасынын мындай чыгашаларга жумшалышына макул болбосу анык.
Либералдык көз караштагы саясатчылар өлкөнү өнүгүү жолуна салуу үчүн биринчи кезекте мамлекеттик системге жайылып кеткен коррупциянын тамырын кыркуу керектигин, бизнеске мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштырууну жана президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараттарын, бири-бирин кайталаган органдарды кыскартуу керек деген зарылчылыкты айтып келишет. Президенттикке аттанган, өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн ар бир талапкер, Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган ар бир партия "биринчи кезекте коррупция менен күрөшөбүз, анын тамырын кыркабыз" деп убада беришет. Ошого карабай коррупциянын деңгээли боюнча Кыргыз өлкөсү мактанарлык жыйынтыктарга жетпей келет. Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча дүйнөлүк рейтингде биздин мамлекет 123-орунда. Бул "мамлекетте коррупция тамырлап кеткен" деген жыйынтык. Мурунку башкаруу режимдерине каршы күрөшкөн оппозиция дал ушул айыпты бийликке коюп келген. Ошол күрөштүн негизинде бийликке келген учурдагы башкаруучулар деле бул көрсөткүчтү жакшыртып жиберише элек...

23-ноябрь:
КАРЫЗДЫН АЙЫНАН БӨБӨКТӨР ҮШҮП ЖАТЫШАТ

Токмок шаарындагы балдар бакчасы жана мектептерге жылуулук берилбей жатат. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов ушундай билдирүү жасап, айрым турак үйлөргө да жылуулук бериле электигин айтып чыкты. Депутат "Токмок жылуулук" ишканасы ири суммада карыз болуп, ошол себептүү ишканага газ берилбей жатканын белгилейт. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Токмок шаарындагы кырдаалдан өкмөт кабардар экенин, маселени чечүү тапшырмасы берилгенин айтты. Бала бакчада тарбияланып жаткандардын, окуучулардын карыз менен кандай иши бар? Суук имараттарда окуу мүмкүн болбой калгандыктан окуучулар кышкы жана жазгы каникулдун эсебинен күтүүсүз "күзгү каникулга" таратылганы белгилүү болду. Тийиштүү министрликке таянсак, бүгүнкү күндө 3 мамлекеттик мектеп, 1 бала бакча жабылган. Ал эми 85 ымыркай менен ушундай суукта жылуулуксуз калган Республикалык атайын реабилитациялоо борбору имаратты альтернативдүү систем – көмүр жагуу менен жылытып жатат. Токмок шаардык мэриясы шаарга жылуулук берилгенин айтып, бирок окуучулардын эмне үчүн мектепке барбай жатканы боюнча суроого так жооп айтпай жатат. Карызды убагында төлөө, төлөтүү аракеттери кышка чейин жасалышы керек эле. Жалпы караганда бул окуя өкмөттүн кышка даярдыгы жакшы эместигинин белгиси.
Билим берүү жана илим министрлиги "Токмок жылуулук" ишканасы газ боюнча "Газпром" компаниясына карыз экенин билдирди. "Газпром" "Токмок жылуулук" 42 миллион сом карыз экенин ырастап, бирок ишканага газ берүүдө чектөө жок дешет. Жылуулук ишканасы газ берилгенин же берилбей жатканын тастыктаган жок. "Газпром" газды убактылуу тыйып, "карызды төлөбөсөң кислородуңду бууп коём" деп эскертүү кылдыбы? Эгерде Бабанов айткандай, түйшүктүн баары карызга байланыштуу болсо, анда токмоктук тургундардын кышкы тагдыры өкмөттөн эмес, орусиялык жеке компаниядан көз каранды болуп калышы мүмкүн. "Кыргыз газ" ишканасы 1 долларга орусиялык "Газпромго" сатылып жатканда айтылган убадалар элдин эсинде. "Кыргыз газды" 1 долларга эмес, бекер берсек да жарашат. Элге чириген газ түтүктөрү эмес, газ керек" деген депутаттар, мекемени сатуу келишимине кол койгон министр азыркы учурда парламентте отурат. Маселе газга байланыштуу болсо, бир шаардын социалдык имараттары суукта калганын эң биринчи ошолор айтып чыгышы керек эле. "Кыргыз газ" сатылып жатканда келишимде Кыргызстандагы газ колдонуучулардын укугун коргоо жагы такталбай калганын, ишкана сатылса Кыргыз Республикасы Орусияга көз каранды болорун айткан депутаттар да болгон.

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан