Декабрь айында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ "Мен тандаган жол" аттуу отчёттук концертин тартуулайт.
НУРЛАН НАСИП Бактияр Токторовдун "Ак көйнөк кийген бийкеч" деген ырын жаңылап ырдап чыкты.
Ырчы САМАРА КАРИМОВА "Атакем" аттуу ырына клип тарттырды.
"ТУМАР" бийчилер тобу Словакиянын борбор калаасы Братиславада өтө турган "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагынын финалына катышууда.
19-ноябрда МЕРГЕН ТУРГАН баласы Бексултандын үйлөнүү тоюн берип, элден бата алды.
Ырчы КЕНЖЕ КӨБӨКОВА Кувейтте өтүүчү фестивалга камынууда.
Ырчы ГҮЛЗАДА РЫСКУЛОВА 3-наристесин күтүүдө.
110дон ашык өлкөнүн сулуулары катышкан "Дүйнө сулуусу-2016" эл аралык сынагына ПЕРИЗАТ РАСУЛБЕК КЫЗЫ катышат. Сынак 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын борбору Вашингтондо өтөт.
29-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Даңк" медалынын ээси, композитор, аранжировкачы РАФАЭЛЬ САРЛЫКОВ чыгармачылык кечесин тартуулайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MARAT.OZGON
2016-11-29 18:53:15
Нурлан Насип ырдап чыккан ыр бар элего башта
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.