«Супер сулуу-2016» сынагына даярдык кызуу жүрүүдө. Талапка ылайык, финалчылар чыгыш бийин чимириле бийлеп калыстардын купулуна толушу керек. Кыздарга табышмактуу чыгыш бийин үйрөтүп жаткан "Майрам" бий студиясынын жетекчиси Наргиза Момунтаева: "Сулуулардын көбү чыгыш бийи менен тааныш эмес экен. Ошондуктан 1-күнү үйрөткөн аябай кыйын болгон. Бирок 1 айда ушундай жакшы жыйынтык болот деп ойлогон эмесмин. Буюрса, кыздар концертке чейин жакшы бийлеп калышат. Кыздар сулуулар сынагында атаандашышат эмеспи. Булар бири-бирине колдоо көрсөтүп, ынтымактуу. Алардын бири-бирине болгон жылуу мамилесин көрүп сүйүнүп калам. Кыздардын баары сулуу, акылдуу, аларга ийгилик каалайм",- дейт.
Сулуулардын суктандырган бийин, ай чырайлуу жүзүн көргүңүз келсе, анда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулган 9-декабрда өтүүчү концерттен жолугушалы. Бул күнү таажыга ат салышкан ажарлуу бийкечтер сиздер үчүн талантын көрсөтүп, жеңүүчүсү Бали аралына жолдомо алат.