Кыргызстанда биринчи жолу музыканын хип-хоп багытында эмгектенгендер тууралуу кино жарыкка чыкканы турат. Бул даректүү тасманын режиссёрлорунун бири, мурунку "ХХI кылым" радиосунун ди-джейи Амир Кадыров: «Бул жаатта кино тартуу идеясы досторум менен чогулуп отурганда, мындан 3-4 жыл мурун келген. Ар бир каарман өздөрү тууралуу кенен айтып беришет. 2017-жылдын январында эфирге чыгып калат деп пландап жатабыз»,- дейт.