ЭЛЕТТИКТЕР КАЗЫП КҮН КӨРГӨН СУРЬМА КЕНИ

Чаткал районундагы Терек-Сай айылынан анча алыс эмес жердеги алтын, сурьма казган эски шахта Cоюз учурунда пайдаланылып, кийин токтоп калган. Учурда бул аймактын сурьмасы Ала-Бука жана Чаткал райондорунун жүздөгөн үй-бүлөсүн багып келүүдө. Атайын казуу иштери жүрүп жаткан аймакка барып, жеринен таанышып келдик. Бул саныбызда ошол элет элинин турмушуна жараган сурьма соодасы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

КҮНҮНӨ 12 ЖОЛУ БЕКЕР УНАА КАТТАЙТ

3 миңге чукул эли бар Терек-Сай айылы үчүн казуучу фирмалардын мааниси чоң. Ал жерге барган учурубузда 9 чакырым аралыктагы жол менен атайын элди автобус күнүнө 12 ирет бекер ташый турганына күбө болдук. Бул кен чыккан аймактын жашоочулары үчүн Cовет мезгилинен бери уюшулган шарт экен. Союз учурунан бери алтын казылып келинген бул аймакта акыркы мезгилде алтынга караганда сурьманы казуу иштери бир топ активдешкен. Чет элдик фирмалар менен бирге эле жергиликтүү жана кошуна аймактагы тургундар өз алдынча сурьма казуу менен жан багып келишүүдө. Кенчилердин айтымында, алтынга караганда сурьманын иши жеңил.

«ИШТИН ООРДУГУНА КАРАБАЙ АЯЛДАР ДА ИШТЕШЕТ»

Кен казып жаткан Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын 54 жаштагы тургуну Мамасали Кожомбердиев сурьма соодасы боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Көп убакыттан бери сурьма казганы келебиз. Келген адамдар мурдагыга караганда азайды. Жакшы иштесе бир киши күнүнө орточо 50 килограммга чейин чогулта алат. Карапайым элдин казган сурьмасы өтө таза болбогондуктан алып-сатуучулар бааны төмөндөтүп сатып алышат. Жакшы баа болду дегенде килограммын 70-80 сомдон сатабыз. Сурьманы эки түрдүү жол менен казса болот. Биринде шахтанын ичинен казып чыксак, экинчи жолу сыртта иштеп жаткан оор техникалардан арткан сурьма калдыктарын чогултуу. Караңгы жерден сурьма аралаш оор таштарды сүйрөп чыгуу кыйын. Мындайча айтканда, шахта иши оор, бирок көп чогултасың, сыртта болсо коопсуз, бирок аз чогултасың.
Чаткал эле эмес, мага окшоп кошуна Ала-Бука районунан да адамдар келип, иштеп кетишет. Кээде иштин оордугуна карабай аялдар да иштешет. Биз чогулткан сурьманы алып-сатарлар сатып алып, Ош аркылуу кытайларга сатышат деп укканбыз. Алар да жолдордон алып өтүүдө көп кыйналышат экен. Биз өзүбүз да билебиз, сурьманы мыйзамсыз сатып жатканыбызды, бирок башка иш жок да.
Жакында эле түрктөр сурьма казганы келишти. Өкмөт деле иштетип, бизди ишке алса, мыйзамсыз казганды токтотот элек. Кээде биз казып жаткан жерге түрктөр келип текшерип кетишет. Жакында сурьма боюнча алар менен ызы-чуу чыкты эле, «биз силерге тийбейбиз, силер бизге да тийбегиле, азырынча ушинтип иштеп туралы» деп сүйлөштүк. Аларга кошулуп айыл өкмөттөн да адамдар келип турат. Аларды да «кичине тиричилик кылганы келебиз, элге силер каршылык кылбагыла» деп артка кайтарабыз. Сурьмада иш кышында да токтобойт.


Сурьма кенине барган учурубузда 20-30 чакты адам бар экен. Алардын арасынан мектеп окуучуларын да жолуктурдук. Фирманын казуучу техникалары бузулганына байланыштуу иш токтоп туруптур. Техникадан калган сурьмаларды чогултуучу адамдардын айтымында, унаа ээлери атайын алар бар учурда сурьманы кызганып, казуу иштерин токтото турушат.

«ТАШТАРДЫН ТҮШҮП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУ»

Сурьма казуучу оор техниканын ээси Медер аттуу кызматкерге кайрылганда казуу иштери боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бул жер Cоюз убагында 70 жыл казылып, иштетилип бүткөн ачык карьер. Сурьманын басымдуу бөлүгү казылып бүткөн. Бизден калган калдыктарды эл чогултуп, сатышат. Таштардын түшүп кетүү коркунучу жогору. Ошондуктан эл жок убакытта гана казабыз.

«АР КЫЗМАТТАН КЕЛИП, ТЫНЧЫБЫЗДЫ АЛЫШАТ»

Өз алдынча иштеп жаткан 43 жаштагы Орто-Токой айылынын тургуну Эрмамат Темиралиев мамлекетке карата өз сунушун айтып өттү:
– Мамлекет элдин ишин токтотпостон, казганына карата салык бекитип берсе, биз да, ортомчулар да төлөмөкпүз. Азыр алып-сатарлардын айтымында, Ошко алып кетип жатышканда орган кызматкерлери салык салышат экен. Ал акча мамлекетке түшөбү, эч ким билбейт. Биздин мыйзамсыз иштеп жатканыбызды бийлик билет. Анан ар кайсы кызматтан келип «силердин коопсуздугуңарды ойлоп жатабыз, казганга уруксат жок» деп тынчыбызды ала беришет. Ортомчусу жок сатсак жакшы болмок. Себеби туруктуу баа жок. Каалагандай баа коюп, таза сурьманы арзан алып кетишет. А казуудагы мээнет толук акталбайт. Кечкисин сатып алуучулар келип, сурьмабызды сапатына карап сатып алышат. Жалпылап алганда 15тен 60 жашка чейинки тургундар сурьма казып күн көрүшөт.

«ЖЫЛЫНА ОРТОЧО 1-2 АДАМ ШАХТАДА КАЗА БОЛОТ»

Сурьма казуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Турдалиевге кайрылдык:
– Негизинен 3 жылдан бери жергиликтүү эл мыйзамсыз сурьма казып, сатуу менен алектенип келүүдө. Башында 500дөй адам иштесе, азыр 2-3 эсеге азайды. Буга түрктөрдүн «Эки Бакыр Терек-Сай» компаниясынын ишке киргизилиши себеп болду. Мыйзамсыз иштеп жаткан тургундардын көбү келишим менен ушул жылдын март айында ишке кирген жогорудагы компанияда иштеп жатышат.
Жыл сайын орточо 1-2 адамды шахта басып, каза болот. Ошондуктан жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары жана дарыгерлер менен барып, мыйзамсыз иш кылып жатышканын жана ден соолукка кооптуу экенин тынбай эскертип турабыз. Казуу иштери башталгандан бери мыйзамсыз иштеп жаткан 3 адамга кылмыш иши козголуп, экөө айыпка жыгылса, үчүнчүсүнүн сот иши жүрүп жатат. Учурда эл казып жаткан аймак түрк компаниясына карайт. Ошондуктан элдин үстүнөн арызданууга алардын толук акысы бар. Биз болсо түшүндүрүү иштерин дагы да улантып жатабыз. Жакында «Терек-Сай жаштары» жоопкерчилиги чектелген коомун түздүк. Коом да кен казууну колго алмакчы. Буюрса, мыйзамсыз иштеп жаткан тургундарыбызды өзүбүздүн коомго жумушка алып, мыйзамсыз сурьма казууну токтотобуз.

КЕНДЕ ИШТӨӨ ЗЫЯНДУУ

Сурьма (лат. Stibium) Дмитрий Менделеевдин мезгилдик системинин V тайпасындагы химиялык элемент катары белгилүү. Ал жаратылышта көбүнчө күмүш-ак түстө кезигет. Чыгыш өлкөлөрүндө биздин заманга чейинки 3000-жылдарда эле сурьма идиш-аяктарды жасоодо колдонула баштаган.
Сурьма негизинен коргошун жана калай менен эритилип аккумулятордун пластиналарын, кабелдин сырткы катмарын жасоодо, полиграфияда жана башкаларда колдонулат. Мындай эритме өтө катуу келип, жешилип кетпейт жана дат баспайт.
Сурьма уулуу келип, кенде жана аны эритүү иштеринде уулануу болушу мүмкүн. Курч ууланууда дем алуу жолдорундагы чел кабык, көз жана тери дүүлүгүп кычышат. Дерматит, конъюнктивит жана башка оорулар келип чыгышы мүмкүн.

Мамлекеттеги иш орундун тартыштыгынан ар кадамы кооптуу болгон кенчилердин бир күндүк жашоосун көрүп, айласыздын иши экенине ынанасың. Мындай кооптуу шарттарда жан багып жаткан жарандарыбыз миңдеп саналат.

Сурьма казып жаткан экскаватор.


Тоо боорундагы сурьманын көрүнүшү.


Кулап кеткен таштардан сактоочу контейнер. Аны улам жылдырып пайдаланышат.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
munira-tilen
2016-11-28 10:32:18
Ошо окучу бала оло електе барган окшойсунар
0
№ 734, 25-ноябрь-01-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан