(Башталышы өткөн сандарда)
Элиза жолдон чарчап келди. Бирок бөлмөсүнө кирер замат жаны жер тартып турганына карабай компьютерин күйгүздү. "Бизде түн болгондо аларда күндүз болот окшойт" деген Барчын апанын сөзүн эстеп, Айдай менен байланышууга аракет кыла баштады.
Бир топко жооп жок болду. Кыйладан кийин гана компьютердин экранында сулуу кыздын элеси пайда болду. "Сулуу экен" Элизага биринчи ушундай ой келди.
Көздөрү бакырайган, мурду кырдач, ак жуумал, арык кыз бир топко таң калуу менен карап турду да, англис тилинде учурашты.
– Саламатсызбы?
– Саламат. Сиз Кыргызстанданбы?
– Ооба. Менин атым Элиза. Сиз Айдайсызбы?
– Ооба... Биз таанышпызбы?
– Жок, мен сизди издеп жаттым эле. Сиз Эрланды тааныйсызбы?
– Сиз кимсиз?
– Мен Эрлан агайдын студенти болом. Сиз аны тааныйсыз да?- Элизанын чыдамы кетти.
Айдайдын өңү өзгөрүлө түштү. Кабагы бүркөлүп, маанайы суз тартты. Кыйлага чейин жооп бербей турду да, бир убакта:
– Эрлан деген тааныштарымды эстей албай жатам. Менин скайптагы дарегимди кимден алдыңыз?- деди.
– Чоң апаңыздан. Айдай, Эрлан агай ооруп жатат. Аны азыр жиндиканага жаткырып коюшту. Ал сиздин ысымыңызды, фамилияңызды, Сиднейде жашаарыңызды да билет... Бул эмне жөн гана дал келүүчүлүкпү?
– Билбейм. Эмнени айтып жатасыз түшүнгөн жокмун. Жакшы калыңыз.
– Жок. Сиз аны тааныйт экенсиз. Бул байкалып калды...- Элизанын жообун күтпөй эле Айдай байланышты үзүп салды.
– Бул билет баарын!- Элиза жинденип кайра байланышка чыкты.
Бирок Айдай тараптан жооп болгон жок. "Буга кат жөнөтүш керек..." Элиза шакылдатып тамгаларды терип баштады.
"Айдай! Сиз Эрлан агайды тааныйсыз. Бул дароо билинди. Суранам, жооп берип коюңуз! Ал жок болуп кетет.
Мен Эрлан агай экөөңөрдүн кандайча таанышып калганыңарды билбейм, бирок ал сизди жакшы көрөт. Ал сиз деп ооруп жүрөт. Элестетсеңиз, ал Айдай деген башкаларга көрүнбөгөн, өзү гана билген кыз менен сүйлөшүп жатат. Кыздын фамилиясы Садырова, ал Сиднейде жашайт, жашы 27де. Бул сиз эмей ким? Сиднейде, менимче, Садырова Айдайдан жалгыз эле сиз болушуңуз керек.
Мен жакында эле Эрлан агайга барып келдим. Ал кандай жигит эле?! Супсулуу болчу. Мүнөзүчү?! Азыр болсо көздөрүнүн нуру өчүп, жүдөп калыптыр. Аны жиндиканадан сабашат окшойт. Бети-башынын баары көк ала! Сиз келсеңиз ал айыкчудай...
Эмнеге бул ага жан тартат дейсиз го? Мен ачык эле айткым келет. Мен агайды сүйөм. Аны көргөн биринчи ирмемден тарта. Бирок ал менин сүйүүмдү кабыл алган жок. Анын жүрөгүндө орун жок экен. Баарын сиз ээлеп алыптырсыз. Байланышып коюңуз! Суранам! Элиза..." кат жөнөтүлдү.
Катты жөнөткөнүн жөнөтүп алып, Элиза бир нече саат бою жооп күтүп компьютердин маңдайында отурду. Чарчап-чаалыкканын да унутуп койгондой. "Жооп берип койбойсуңбу?!" кыз өзүнчө сүйлөнүп алды. Жооп жок болчу. Элиза компьютердин маңдайында отурган калыбында уйкуга кетти.
Ойгонсо түш болоюн деп калыптыр. Көздөрүн ушалап эле жооп келген-келбегенин текшерди. Эч нерсе жок. "Уф" маанайы жок ордунан турду. Денеси оорлоп, моюну талып ооруп калыптыр. Тамактанып алган соң ал окуусуна барбай эле Эрлан агайына жөнөдү.
Оорукананын босогосунда отурган дарыгер айым адаттагыдай Элизаны киргизүүдөн баш тартты.
– Мен өткөндө кирген болчумун. Рита Мадиевна алып кирген. Мүмкүн, ага айтып көрөсүз?..- кыз жалооруй карады. Аз өтпөй оңдуу жооп келип, Элиза Рита Мадиевнанын бөлмөсүнө баш бакты.
– Саламатсызбы?
– Саламатчылык. Агайыңа келдиңби?
– Ооба. Анан сизге да жумуштарым бар...
– Эмне жумуш?
– Мен биринчи агайымды көрө аламбы?
– Ал келе жатат.
Айткандай эле аз өтпөй эшик ачылып, көздөрү кызарган Эрлан кирип келди. Элиза аны сагынган экен, босогодон эле моюнуна чап жабышты. Жигит ыңгайсыз болуп кетти. Бирок кыздын коё берчүдөй түрү жок.
– Элиза?!- Эрландын үнү араң чыкты.
– Мен сизди жакында алып кетем,- Элизанын үнүндө белгисиз кубаныч бар эле.
Жигит жооп ордуна жылмайып гана койду. Анан агайы менен студенти бир топко баарлашып отурушту. Элиза университеттеги жаңылыктарды айтып жатты. Бирок Айдай тууралуу сөз козгогон жок. Качан гана бөлмөдөн Эрлан чыгып кеткенден кийин ал Рита Мадиевнанын маңдайына барып отурду да, олуттуу түрдө: – Мен Садырова Айдайды таптым. Ал жашоодо бар адам. Агай аны ойлоп таап алган эмес!- деди.
– Та-ак, уланта бер!- алдындагы кагаздарга бир нерсени жазып жаткан дарыгер Элизага кулак төшөп калды.
– Ал Караколдон болот экен. Кыргызстандан Австралияга кеткенине бир топ жыл болуптур. Турмушка чыккан экен ошол жакка. Мен анын чоң апасына жолугуп келдим. А кечээ кечинде аны менен интернет аркылуу байланыштым.
– Кандай неме экен?- "жигитти акылдан адаштырган ким болду экен?" деди ичинен Рита Мадиевна.
– Сулуу экен. Эрлан агай тууралуу сөз кылганымда эле жооптон качып, байланышты үзүп салды.
– Болдубу?
– Болду. Бул маалымат Эрлан агайдын жакшы болуп кетишине жардам болсо керек деп ойлодум.
– Баарынан жакшысы, Эрланды аны менен байланыштыруу болмок.
– Тилекке каршы, ал жооп бербей жатат. Мен ага кат жөнөтүп койгом. Бирок...
(Уландысы кийинки санда)