Жылдын көпчүлүк бөлүгү кыш мезгили болгон өлкөлөрдүн салтка айланган, бир нече кылымдан бери келе жаткан кызыктуу спорт түрлөрү бар. Алардын бири "ак сөөктөргө ылайыкталган оюн" деп аталган кёрлинг саналат.
Кёрлинг — муз аянтчасындагы команда менен ойнолуучу спорттун бир түрү. Эки команда музга атайын ылайыкташтырылган оор шайманды "үйгө" чогултуп, упай топтошот.
ОЮНДУН ЖАРАЛЫШЫ
Бул спорт түрү Шотландияда XVI кылымдын башында жаралган. Буга Данблейн көлмөсүнүн түбүнөн кёрлингге тиешелүү таш табылып, анда 1511-жыл деген убакыт белгиленгени далил. Ал эми тарых барактарында 1541-жылдары жазылган жазууларда кезигет. Эл арасында муздак аба ырайы, көлдөрдүн тоңушунан улам жээкте иштегендер үшүбөөнүн айласын көрүп, бул оюн келип чыккан деп айтылат.
Бул оюнду ар бир адам ойной тура алгандыгы үчүн кёрлинг Шотландияда бат эле популярдуу болгон. Шотландия менен соода-сатык түзүшкөн Европа өлкөлөрү кёрлингдин жайылышына себепкер болсо, Америкага көчүп баргандар бул материкке тараткан.
ОЮНДУН ЭРЕЖЕСИ
Оюндун максаты – өз таштарыңды үйгө чогултуу. Кайсы команданын таштары үйгө жакын топтолсо, көбүрөөк упай алат. Оюнга 2 командадан 4 оюнчу катышат. Кёрлинг "энд" деп аталган 10 мезгилден турат. Ар бир эндде оюнчулар 2 жолудан таш ыргытышат. Ташты ыргытууда оюнчу күүлөнүп келип "үйдү" көздөй мээлейт. Спортчулар ташты "үйгө" чогултуу же атаандаштын ташын сүрүп чыгаруу үчүн ыргытабы өздөрү чечип алышат.
Бул эрежелер XIX кылымдын башында түзүлүп, ошондон бери дээрлик өзгөрүүгө учураган эмес.1. Оюнга даярдык. Оюнга чейин спортчулар атайын даярдык көрүшөт. Машыгуу алдында муз аянтчага суу чачкыч менен суу чачып чыгышат. Ал тамчылар музда кичинекей бүдүрчөлөрдү пайда кылат. Оюн маалында свиперлер дал ушул бүдүрчөлөрдү щётка менен сүрткөндө таштар ылдам жүрө баштайт.
2. Баштапкы сызык – оюнчу ташты ушул сызыкка чейин коё бериши керек.
3. Таш – атайын белгиленген граниттен жасалып, салмагы 17-20 килограммды түзөт. Гранит Шотландиянын ’’Эйлса-Крейг’’ аралындагы жайдан гана алынат. Тоголок сымал келген цилиндр формасына окшогон бул шаймандын колго кармоого ылайыкталган кармагычы жасалат. Сыртынан бир караганда үтүк же чайнекке окшоп кетет.
4. Свипер – ыргытылган ташты 2 оюнчу атайын оюнга ылайыкталган щётка сыяктуу шайман менен таштын жолун тазалап, ылдамдыгына чейин көзөмөлдөшөт.
5. Кёрлингдин аянтчасы – төрт бурчтуу болуп, узундугу 45 метрдей, туурасы 5 метр.
6. Муздун температурасы -5 градус болууга тийиш.
7. Үй – муз аянтчасынын соңку бөлүгү, диаметри 15тен 182 сантиметрге чейин жеткен 4 айланадан турат.
8. Борбор – кайсы команданын ташы борбордун ортосуна жакын жайгашса упай алат.
9. Скип – команда капитаны. "Үйдүн" сыртында туруп команданын жүргүзгөн оюнун талдап, ар кыл тактиканы түзөт. Өзү оюндун эң соңунда таш ыргытат.
ОЮН ТУУРАЛУУ
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg