КОЙ (21.03-20.04)
Аптада эмоцияңызды көзөмөлдөбөсөңүз маселелер жаралышы мүмкүн. Андыктан сабырдуу жана сылык болууга аракеттениңиз. Сапарга чыгууга же жолугушууга аптанын экинчи жарымы ылайыктуу.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Келечекке максаттарды коюуга ылайыктуу апта. Бирок маанилүү, өзгөчө каржы иштерине байланыштуу чечимдерди дароо кабыл албаңыз. Ишембиде жакын адамыңыз сунуш менен кайрылат, четке какпаңыз.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзүңүзгө көңүл бурууга убакыт келди. Маанилүү иштерди кийинкиге калтырып, келбетиңизге кам көрөсүз. Бул нерсе сизге буулугуудан чыгууга өбөлгө болот. Жекшембиде айрым эгиздерди жаңы таанышуулар күтөт.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуштун көптүгүнөн улам чарчайсыз, көп нерсеге көңүлүңүз чаппайт. Жылдыздар сизди сергек болууга жана жеңил тамактар менен азыктанууга чакырышат. Жума күнү жакшы жаңылык угуп кубанасыз.АРСТАН (23.07-23.08)
Жакындарыңыз сиздин колдооңузга абдан муктаж. Андыктан аларга көбүрөөк убактыңызды арнаңыз. Шаршембиде ден соолугуңузга кам көрүүгө туура келет, кышкы тумоо сизди жандап өтүшү мүмкүн.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада энергияңыз ашып-ташып көп жумуш бүтүрөсүз. Анткен менен ишемби күнү үй-бүлөңүз менен тоого чыгып эс алып, стресстен арыласыз. Жекшембиде бирөөгө карыз бербегениңиз оң, кайтарып ала албайсыз.ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чоң жана чакан буюмдарды сатып алууга ылайыктуу апта. Айрым таразаларда жагымдуу жолугушуу орун алат. Жаңы адамды жан дүйнөңүзгө киргизерден мурун мүнөзүнө жакшылап абай салыңыз.ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаяндар үчүн 5-6-декабрь оор күн болуп саналат. Эгерде жаралган маселени чечүүгө көзүңүз жетпесе, жакындарыңызга кайрылуудан тартынбаңыз. Аптанын соңунда бардыгы өз жайына келет.ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта сиз үчүн ийгилик алып келет. Бирок тааныштарыңыздын арасынан сизди көрө албагандар чыгат. Сак болуңуз! Ишембиде гардеробуңузду жаңылоого шарт түзүлөт.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечерлер аптада мамилелердин бекемдиги, сезимдердин тазалыгын дагы бир ирет текшерүүгө аргасыз болушат. Жума күнү жакындарыңыздын бири чогуу конокко барууну сунуштайт. СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чечимди кабыл алууда улуулардын кеңешин угуңуз. Аптада түзүлгөн кырдаалга карабай иштериңизди өз убагында бүтүрүүгө тырышыңыз. Жардам суроодон тартынбаңыз.БАЛЫК (20.02-20.03)
Майда пландарды жүзөгө ашырууну коё туруп, негизгисин бүтүрүүнү колго алыңыз. Бейшембиде юридикалык маселе чыгат, коркпоңуз, баары сиз ойлогондой аяктайт.