Алмазбек Атамбаев: "ООРУП КАЛГАНЫМДА ЭЛИМЕ КЕРЕК ЭКЕНИМДИ БИЛДИМ"

1-декабрь күнү мамлекет башчы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди. Сасык тумоо каптаган бишкектиктердин катарында президент да ангина болуп ооруп жатканын айтып, ага карабай журналисттердин суроолоруна жооп берүү 4 саатка созулду. "Азыр Кыргыз мамлекети таптакыр башка өлкө" деген сөзү эң көп кайталанды. Ажонун пикиринен урунттуу учурларды сунуштайбыз.

"АКЫРКЫ 5 ЖЫЛ МАГА 25 ЖЫЛДАЙ СЕЗИЛЕТ"

– Президенттик кызматка киришкениме 5 жыл болду, кээде бул 5 жыл 25 жылдай сезилет. Арыздангым келбейт. Кудайдын жана элдин жардамы менен көп ишти аткарууга жетиштим. Азыр 5 жыл мурункуга караганда өлкө башкача. Иштин башында адегенде өлкөнү тынч жолго салуу менен алпуруштук. 2010-жылдагы Апрель окуясы, андан 8 айдан кийин эле Араб жазы атыккан окуялар, Украинадагы бийлик алмашуу. Бул окуялардан бир гана Тунис менен Кыргыз өлкөсү минималдуу зыян тартуу менен чыга алды деп ойлойм. Биз күчтүү элбиз. Алсыз эл коркунучтарды жана көйгөйлөрдү гана көрөт. Күчтүү эл оор кырдаалдан мүмкүнчүлүктөрдү жарата алат.

"БИЗ ЭЛДИН ЖҮРӨГҮН ОЙГОТО АЛДЫК"

– Айрымдар эмне үчүн Көчмөндөр оюндарын өткөрдүк дешип, анын эмне кереги бар экенин, эмне үчүн биз 1916-жылдагы Үркүн окуясынын элесине эстелик койгонубузду түшүнбөй жатышат. Алар маңкурттар. Мындай иш-чараны өткөрүүнүн терең мааниси бар. Мурда мен эмне үчүн ашта ар кандай оюндар уюштуруларын билчү эмесмин. Кыргыздар ашка досун да, душманын да чакырышат. Анан ошол жерден "баатыр өлдү, бирок аны ордун ээлөөчүлөр бар" деп көрсөтүшөрүн кийин түшүндүм.
Кыргыздар жер бетинен жоголот деп айткандар көп болду. Тарыхты эстеп турсак кыргыз экенибизди унутпайбыз. Биз Көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар менен элдин жүрөгүн ойгото алдык.

"МЕН АДАММЫН. АЛСЫЗ АДАММЫН"

– Мен жанымдагы адамдарга эч нерсеге карабай ишенем. Мен дагы адаммын, пайгамбар эмесмин. Алсыз адаммын. Башкы прокурор болуп турганда Аида Саляновага байланыштуу катачылык кетиргенимди качан түшүндүм? Анын күйөөсү коррупциялык иштерге тиешеси бардыгы тууралуу документтер келгенден кийин. Бул да капыстан болуп калды. Энергетика боюнча министр болуп турган Осмонбек Артыкбаев Бишкектеги Жылуулук-энергия борборуна көмүр алып келүүдө маселелер орун алып жатканын айтып калды. Ким тоскоолдук кылып жатканын иликтей келгенде Аида Салянованын жолдошу чыга келди. Аны чакырып сүйлөшүп, "кызматтан кет" дедим. Кетпесе документтер менен парламентке бармакмын. Кийин мага Аида Салянова арыз жазып кеткенин айтышты.

"ТӨРӨБАЕВ МЕНЕН БАБАНОВДУН БИРИ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП ШАЙЛАНСА ТАҢ КАЛБАЙМ"

– Мага системдүү иш алып барган жана уурулукка барбаган саясатчылар жагат. Андай бир канча адам бар. Алар КСДПда, башка партияларда да бар. Ошол эле Жогорку Кеңештин оппозициясындагы Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов деле президенттик шайлоого барса керек. Алардын бири президент болуп шайланса деле таң калбайм. Демократиялык өлкөдө мураскер болбойт. Демек, бизде да мураскер болбойт. Ал эми президенттик шайлоо 2017-жылдын октябрь айында өтөт болушу керек. Ага чейин дагы убакыт бар.

"УЛАН ИСРАИЛОВ ТАЗА АДАМ"

– Кадрлардын жетишпестиги байкалып жатат. Билесиңер, Бакиевдин учурунда бир катар мамлекеттик ишмерлер өлтүрүлгөн. Айрым адамдар ал учурда булганып калышкан. Эгер Атамбаев адамдарга ишенип жатса, аны күнөөлөштүн кереги жок. Улан Исраилов таза адам, былык иштери жок. Иштей алат, жок дегенде, бир жыл бериш керек. Андан кийин анын ордунда калышын суранып башташат. Азыр милицияда 20 миң кызматкер иштейт. Алардын арасын да тазалаш керек. Жакында катталган курал сатуу иштери ал жакта көйгөйлөр бар экенин көрсөтүп койду.

"ЭЛИМЕ КЕРЕК ЭКЕНИМДИ БИЛДИМ"

– Эсиңиздерде болсо, юбилейимден кийин о дүйнөгө кетип калайын дедим. Туулган күнүмдө алган белектердин ичинен эң көп таасирленткени – аймактардан жөнөтүлгөн кары аксакал жана байбичелердин каттары болду. Ооруп калганымда бир топ мечит, чиркөөлөрдө жакшы болуп кетишимди тилеп дубалар окулуп, айрым айылдарда түлөө да өткөрүлгөнүн уктум. Эң кымбат белек – калктын мамилеси болду. Элиме керек экенимди билдим.

"СУУНУН БЕРИ ЖАГЫНА ҮЙ САЛДЫМ, КЕРЕК БОЛСО АРЫ ЖАГЫНА ДА САЛАМ"

Албек Ибраимовдон жер тилкесин сатып аларда сурасам, "бир кишиден сатып алдым" деди. Мен Албекке жакшы эле акча төлөп ал жер тилкени сатып алдым. Мен мародёр эмесмин. Бул менин бабаларымдын жери, менин мекеним. Бишкек шаарындагы алгачкы арыктарды чапкан жана бактарды тиккендердин бири менин чоң аталарым болгон. Суунун бери жагына үй салдым, керек болсо ары жагына да үй салам. Жер кенен, 6 гектар. 1989-жылы менчик фирма ачкам. Ак эмгегим менен тапкан акчам жетиштүү.

РОЗА ОТУНБАЕВА ТУУРАЛУУ...

– Жагабы же жакпайбы, мен дайыма акты "ак" деп, караны "кара" деп айтам. Роза Исаковна тууралуу сын ошол мезгилде айта турган сөз болчу.
Убактылуу өкмөт деп жатасыңар, мен 7-апрелден баштап эле жалгыз болчумун. Ал өкмөттү кураган мүчөлөрдүн ичинен 2 адам гана камакка алынган эмес, алар Роза Отунбаева менен Азимбек Бекназаров. Кармалгандар 7-апрель күнү түшкө маал эле чыгып кетишкен, бир мен акыркы болуп кечинде чыктым. Чыккандан кийин баарыбыз "Форумда" чогулдук, мага "экономика боюнча орун басар болосуң, бирок банк менен финансы сенде болбойт" дешти. Шаарда эмне болуп жатканын, дегеле баарын көрүп жаттым. Чындык баары бир калкып чыгат.

"СЕГИЗБАЕВ КРЕСЛОСУ МЕНЕН ЖООП БЕРЕТ"

Абдил Сегизбаев Белизден келген документтер жасалма болуп калса, эмне болорун жакшы билет. Мен ошондуктан Башкы прокуратурага текшерип чыккыла деп буйрук бердим. УКМКнын төрагасы жасалма документтерди мага алып келген болсо, ал креслосу менен жооп берет. Ал абдан эле жаман абалда калса керек...
"Мен сыйкырчы болбогонума өкүнөм. Жардам сурап кайрылган ар бирине кол сунгум келет",- деген мамлекет башчы президенттик мөөнөтү аяктаган соң адегенде эс алып, кийин 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо КСДПга көмөк көрсөтөрүн айтты.

"Менин дагы көп ырларым бар. Алардын арасынан жарык көргөндөрү аябай талкуу жаратты. Бир жылдан кийин бул нерсе менен алектене алам го деп ойлойм. Мени көбү түшүнгөн жок, мунун айынан жеп коё жаздашты".


Эльвира Караева
Алишер Алиев, Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан