КҮЛКҮГӨ СУГАРГАН СКЕТЧКОМДОР

Акыркы жылдары скетчкомдор көп тартылып, жаштар арасында популярдуу болууда. Анын максаты – коомдо болуп жаткан кемчиликтерди адамдарга күлкү менен жеткирүү. Кыргызстанда биринчи скетчком качан пайда болуп, ким түптөгөн? Тарыхына саресеп салып көрөлү.

Скетчком
– кыска комедиялык сценалардан турган фильм. Англисче «sketch comedy» («күлкүлүү сүрөттөө») сөзүнөн кыскартылып алынган. Скетчкомдун ар бир эпизоду бир нече мүнөткө созулуп, КВН оюндарын элестетет.

"КЕЛГИЛЕЧИ, КҮЛӨЛҮ!"


1 сезондо
8 серия
1991-жылы тартылган
Сценарийин жазгандар – Мурат Мамбетов, Эгемберди Чалабаев
Режиссёру – Бекжан Айткулов

Кыргыз телевидениесине ситкомду биринчилерден болуп "Туңгуч" театрынын актёрлору Мурат Мамбетов менен Эгемберди Чалабаев алып келген. Алардын "Келгилечи, күлөлү!" аттуу скетчкому 1991-жылы көгүлтүр экран аркылуу көрсөтүлүп, бир топ күйөрман топтогон. Чыгаан 2 актёрдон куралган тандем кемпир-чал, күйөөсү-аялы, дарыгер-оорулуу, аскер менен командир жана башкалардын образын жаратып кызыгуу арттырган. Долбоордун авторлорунун бири режиссёр, актёр Мурат Мамбетов:
– Советтер Союзу тарап, эл кыйналып турган маал эле. Элди кайгы-кападан алыстатып, күлкү менен маанайын көтөрүүнү көздөдүк. Максатыбыз ишке ашып, долбоор аябай популярдуу болуп кетти. Бул көрсөтүү бизге жакшы жарнама да болуп берген. Себеби "Туңгуч" театры менен ушундай аталыштагы концерт коюп жүргөндө эл агылып келчү. Бирок "бизде медицинанын абалы начар, аскерде ушундай көйгөй бар" деп шылдыңдап, жаман жагын көрсөтүүнү максат кылган эмеспиз. Анда саясат деген нерсе да жок эле. Ошентип 8 серия тарткандан кийин акча жок токтотууга туура келди. Ал кезде плёнкага тартылгандыктан, баары өчүп кеткени өкүнүчтүү болду.

"АЛТЫНЧЫ КҮНҮ КЕЧИНДЕ"


1 сезондо
12 серия
1997-1999-жылдары тартылган
Режиссёру – Сагын Ниязалиева

Сакиш менен Бопуш тандеми "Алтынчы күнү кечинде" скетчкомунда аялы-күйөөсүнүн ролун аткарып таанылган. 2-3 жыл тартылган бул берүүнүн форматы өзгөргөндөн кийин рейтинги түшүп көрсөтүлбөй калган. Анткени жубайлардын мамилесин, жоруктарын юмор аркылуу чагылдырган тематика элге жакын болчу. Берүүгө көрк берген актёр Марат Жанталиев:
– Кезинде биздин берүү элге аябай жаккан. Көрүүчүлөр ийгилик каалап каттарды жөнөтүшчү. "Бизде да Сакиш-Бопуштай жубайлар бар, ошолордун жоруктарын көрсөткүлөчү" дегендер болгон. Бир сөз менен айтканда, эл менен тыгыз байланышта болчубуз. Биринчи тарткан кадр эсимде. Анда Сакиш бирөөнүн тумагын уурдайм деп өзүнүкүн алдырып жиберип, үйгө сүйүнүп келип башындагысын таппай эси ооп калат. Ушул учурду көрүп алып аябай каткырганбыз.
Кийинчерээк жетекчиликтин чечими менен биз ойнобой калдык. Көп өтпөй эле долбоор да жабылды.

"БОЛЬШИЕ ЛЮДИ"


3 сезондо
36 серия
2010-жылы тартылган
Сценарийин жазган – "KG Club" студиясы
Режиссёру – Эльдияр Кененсаров

Ортодо скетч-шоулор көрсөтүлбөй калганда бул жанрга азыркы "Азия МIX" командасынын жигиттери экинчи өмүр берип жандантышты. Ал кезде бул команда "KG Club" деп аталган чыгармачыл бирикме эле. Жаңы, заманбап форматта тартылган берүүнүн рейтинги заматта өсүп, күлкүгө суусап калган көрүүчүлөр артынан кубалап көрүп жатышты. Жаңычылдык киргизген жигиттердин бул берүүсү аркылуу кыргыздын каада-салтын барктаган Сыймык менен Майраш аттуу жубайларды, жеңил ойлуу Бема менен Айканы, айылдык Санжарды, крим-чөйрөнүн рэкеттери Рус менен Ринат деген персонаждарды таанытты. Айрыкча жаштар арасында популярдуу болгон скетч-шоу Казакстандагы көрөрмандардын кызыгуусун арттырып, "Большие люди kz" деп көрсөтүлгөн.

"ЖАҢЫ КЫРГЫЗДАР"


1 сезондо
20 серия
2013-жылы тартылган
Продюсери – Эрмек Нурбаев
Режиссёрлору – Жоомарт Максатбеков, Эрмек Нурбаев

"Тамашоучулар" тарабынан жаралган кыргыз тилиндеги "Жаңы кыргыздар" аттуу скетчкомдо райондогу "братандар" Чика жана Дэн, акылман селсаяктар Жыкы менен Кыкы, кунг-фу боюнча сабак берген өзгөчө машыктыруучу Бурус Ли, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган Салта менен Жиканы кезиктире алабыз. Бардык каармандар өзүнчө уникалдуу жана ар биринин «фишкасы» бар. Бул каармандар аркылуу көрөрмандар коомдо болуп жаткан окуяларды алардын өзгөчө мамилеси менен көрө алышат.

"ЖАРАЙТ CITY"


2 сезондо
24 серия
2015-2016-жылдары тартылган
Продюсери – Асхат Табалдиев
Режиссёру – Данияр Болотбеков

"Жарайт city" 3-4 көрсөтүүдөн кийин эле популярдуулукка жеткен заманбап долбоор болду. "Бир тууганчик" тасмасынын жаратуучулары, "Азия МIX" командасынын мурунку оюнчулары Асхат Табалдиев менен Данияр Болотбековдун идеясына таандык долбоордо КВНчи улан-кыздар ойношот. Тартылганы үчүн 1 сом албай иштешкен актёрлор долбоор аркылуу жүзүн таанытып, азыркы тапта жарнамалардын жүзү болуп, той-кечелерди алып барып жүрүшөт. Башында бул долбоордун ийгиликтүү болоруна көзү жетпей, жардам берүүдөн баш тарткандар азыр бармагын тиштеп турган маалы. Себеби скетчкомдун 2-сезону да тартылып, күйөрмандарынын санын арттырууда. "2-сезондо биз тартуу, уюштуруу жагынан мыкты болдук. Азыркы кадрлар мурункудан да кооз, жаңы актёрлор кошулду, юмордун деңгээли да өстү",- дейт Асхат Табалдиев.

"ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?"


1 сезондо
12 серия
2016-жылы тартылган
Сценарийин жазган – "Ак кеме" продакшн
Режиссёру – Эльдияр Эшимбеков

Скетчком тартуу модага айланып, "Тамашоунун" чемпиондору "Ак кеме", "Позитифф" командаларынын жигиттери "Эл эмне дейт?" аттуу жаңы берүүсүн сунуштады. Андан кайнене менен келинди, ырым-жырымдарды ойлоп чыгарган карыяны жана башка кызыктуу образдарды көрүүгө болот. "Жарайт city" шаардыктардын жашоосун көрсөтсө, бул долбоор "эл эмне дейт?" деп жашаган элеттиктердин жашоосун чагылдырат. Көбүнчө чоң эжелердин ролун ойноого бекитилген тамашоучу Актан Рыскелдиев: "Эл эмне дейт?" деген кыргыздар той берип, үй салып, кымбат жогорку окуу жайда билим алып алдыга өсүп баратат. Бул сөз бизге чоң түрткү берет, ошондуктан долбоорду ушундай атадык",- дейт.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Emilzima
2016-12-07 11:42:19
"Не жанылыкты" не жазбадынар.№1 ушул го.
+3
Patriot...kg
2016-12-07 12:28:47
Emilzima, ошода.
0
Patriot...kg
2016-12-07 12:29:17
Эл эмне дейт? Жакты.
0
din_tomas
2016-12-07 12:33:40
YkY тобунун "кызыкча" деген скетчкому бар эле ар ишемби КТРден кутот элек
+10
taberik777
2016-12-07 13:25:37
админ, "Уку" тобу жонундо да маалымат берип коюнуздарчы. жоголуп кетишти го
+7
admin_superstan
2016-12-07 13:42:04
taberik777, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
ainura220888
2016-12-07 15:26:09
Нурбек Юлдашевда тартатго. Мага ошонун тарткан эмгектери кобуроок жагат. Бугун биздин таанышкан кун кой союп белгилебейлиби десе койдо не куноо экообузду тааныштырган Айшаканды союш керек дейтго))))
+8
Jamalym
2016-12-08 00:40:50
Аткандын ар бир аткарган образы жагат.Ийгилик!
0
Suluu4a
2016-12-08 03:49:54
Жарайт сити анча деле эмес..менимче. Мага Большие люди олло жагат...!
-1
Kroxa
2016-12-08 09:22:06
Тентектерчи,,,Нурбек Юлдашев,уку тобу,,кызыкчыа
+3
mamatmusakuzuraziya
2016-12-09 00:47:12
жакшы азамат жигиттер алга умтула бергиле жылыш бар.
0
din_tomas
2016-12-11 18:08:58
YкY тобу жонундо макаланы кутобуз супер???
0
admin_superstan
2016-12-12 11:40:38
din_tomas, саламатсызбы? Суранычыңыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
0
Men919191
2016-12-13 17:59:15
УКУ тобуна баарыбир жетишпейт.УКУ тобунан чын эле маек алыныздарчы биз аларды сагындык!!!
0
admin_superstan
2016-12-14 09:38:28
Men919191, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан