Кайрат Примбердиев: "УУЛУМ БАЗАРДЫ ЖАҢЫРТЫП МЕНИН ЫРЫМДЫ ЫРДАПТЫР"

Ырчы Кайрат Примбердиев жакындан бери популярдуу болуп жаткан "Жакшы көрөм өзүңдү" деген ыры менен тойлордун көркүн ачып жүрөт. Ал мындан сырткары орусиялык 1-каналдын атактуу «Голос» долбооруна катышып, Дима Биландын командасында күчүн сыноодо. Боюнан да ою узун жигит кийинки жылга эбегейсиз максаттарды коюп, чыгармачылыкта азыркыдан да күүлөнүп-күчтөнөм дейт.

– Куш келипсиз, Кайрат! Кыш келди, суук күндөрүңүз кандай өтүп жатат?
– Саламатсыздарбы? Биринчи кар жааганда эле сасык тумоолоп үйдө жатып калдым, андан кийин уулум Ариет, жубайым Эльвира бир сыйра ооруп чыгышты. Биз оорусак мейли, Ариет ооруганда "уулумдун ордуна мен ооруп калсам эмне" деп аябай жаман болдум. Чынын айтсам, улуу балам Амирди апасы менен ажырашып кеткенден кийин өзүм көп карабай, тайларынын колунда өсүп калды. Ошол баламдын алдында жоопкерчиликти көп сезем. Негизи эле өзүм баласаакмын, кичинекейлердин кылыктарына эзилип калам. Бирок "каприздерине" чыдай албайм, кичине ыйлап баштаса эле качып кеткенге аракет кылам.

– Баласаакмын деп калдыңыз, бала тарбиялоодо өзгөчө ыкмаңыз барбы?
– Балага тигиндей, мындай бол деп оозеки үйрөткөнгө караганда ата-эне өзүнүн туура жүрүм-туруму менен мыкты үлгү боло алат деп ойлойм. Мен да балалуу болгондон кийин жаман жактарымды көрсөтпөй, уулум мени көрүп чоңойсун деп калдым. 90-жылдары, элдин баары кыйналып жүргөндө, бут кийимим жок жаңы жылдык майрамдарга барбай ичим ачышып, кимди күнөөлөрүмдү билбей мостоюп отуруп калган күндөрүм болгон. Мен көргөн ошол кыйынчылыктарды уулум көрбөсө дейм. Бирок акча берип, баарын даяр кылып үйрөткүм да келбейт. Баарына өз күчү, ак эмгеги менен жетсе жакшы.

– Учурда орусиялыктардын "Голос" долбооруна катышып жатасыз...
– Ооба, негизи мен РТР телеканалынын "Главная сцена" долбооруна катыша электе 1-каналдын "Голос" шоусуна катышсам деп кыялданчумун. Баары бир рейтинги жагынан 1-канал өйдө. Бирок былтыр "Голос" шоусуна билдирме жөнөткөнүмдө мени кабыл албай коюшкан болчу. Быйыл "Главная сценадагы" ырдаган видеолорумду кошо жиберип койдум эле, долбоорго өткөнүмдү кабарлап мени сүйүнтүштү.

– Аталган долбоордо орус атактууларын жакындан билгенге мүмкүнчүлүк түзүлсө керек?
– Ооба, Леонид Агутин адамгерчилиги бийик, сага кандай ыр жарашарын бир угуп билген, шоу-бизнестеги кеменгер музыкант экен. Бирок атаандашым Владислав Венгли менен ырдаганыбызда "баары бир мени тандайт" деген ишеним күч эле. Анткени Леониддин мага кылган мамилеси жакшы болчу. "Долбоордо Владислав калат" деп айтканда эмне дээримди билбей нес болуп туруп калдым. Ал эми Дима Биландын мени өз командасына алып сактап калганы дагы бир күтүүсүздүк болду. Башында Диманын жанына сүрөткө түшкөнү барганда "бош эмесмин" деп кагып салган эле. Ошондон кийин мага керсейгендей сезилип калган. Коридордон көрүп калсам да учурашкым келбей качып кетчүмүн. Мени командасына алгандан кийин оюм такыр өзгөрдү. Тескерисинче, ал абдан ачык, эмоциясын жашыра албаган, ырдап жатсаң жыргап, берилип кетип секирип бийлеп жибермей адаты бар экен. Ыр тандап жатсак ал мага "намёк" кылып "коркпо, мен сени бул турда кулатпайм" дегендей үмүт берип койду, эми көрөбүз да.

– Сынактарга катышуудан тажабай келесиз, алдыда дагы кандай пландарды ишке ашырганы турасыз?
– Быйыл АКШнын "The Voice" долбооруна билдирме жөнөтүп, алардын тандоо турунан өткөм. АКШга барайын десем элчиликтен виза бербей коюшту. Кооз сүйлөп маданияттуу түрдө жолго салып коюшат экен. Негизги себеби мен катыша турган шоудо байгелүү орундар, чоң акча коюлган. Ошону жеңип бул жакка алып келе берет деп чочулашты окшойт (күлүп).

– Учурда "Жакшы көрөм өзүңдү" деген ырыңыз абдан популярдуу болуп жатат. Бул чыгарманы кантип ырдап калгансыз?
– Келинчегимди таарынтып алганда "жакшы эле көрөм өзүңдү" деп ырдап капасын жазчумун. Кичинекей кезимде бул ырды отуруштарда ага-эжелер хор менен ырдап калышчу. Көрсө, ал ырды Жумамүдүн Шералиевдин "Жакшы көрөм эмнеге?" деген ырынын обонуна салып чабандар "Чаткалдын тоосун ашканда" деп сөзүн өзгөртүп ырдап жүрүшчү экен. Мен эл арасында жүргөн версиясын эле ырдап койгон элем. Автордун кызы Нарынгүл эже кайрылып бир аз таарынычын айтты. Анан эжеге"оригиналын жаздырып, клип тарттырам" деп убада бердим. Баса, бая күнү Амирге Эля базардан кийим алып берип жүрсө уулум "кой, уят" десе болбой базарды жаңыртып ушул ырды ырдаптыр. Ал уялбайт, тартынбайт, мектептен "мен Кайрат Примбердиевдин баласымын" деп айтат экен.

– Уулуңуз тартынбаган жигит тура. Маегиңизге чоң рахмат! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

"Апам, жубайым, уулум Ариет. Быйыл апама Бишкектен бир бөлмөлүү батир белек кылдык".


"Улуу балам Амирдин да ырчылыкка шыгы бар".


"Голос" долбоору менин чыгармачылыгымдагы багындырчу дагы бир тепкич".


Лунара Бекиева
Алишер Алиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (73)
BekAmir
2016-12-08 10:29:32
Озунорчо адабий тилде суйлогон адам боло бербегилечи. Аке деген соз адабий тилде бар. Байке деген жок
+1
gordaya
2016-12-09 15:50:51
BekAmir, орустарда бир гана брат, кыргыздарда- байке, ага, аке, уко, ини, кыргыз тили негизи бай да, болгону биз колдонбойбуз
+1
nurzada78
2016-12-08 10:56:55
Тага дагы,тай деген да туура эмес адабий тилинде тайке деп айтылат!
-1
nur007mir009kg
2016-12-08 12:04:22
Туштукто-тага тундукто-тай дешсе керек. Бирок эч бир адабий китептерде антип жазылбайт. Тайке деп жазылат.
0
Shahrizaada
2016-12-08 20:10:45
nur007mir009kg,жеке тайке жонундо соз кеткен жок бул жерде, жалпы тай тарапты, апасынын журтун айтып жатат. Бироо коруп суйлойт, бироо угуп суйлойт бп кетти бул жагы.))
0
batma5
2016-12-08 12:25:59
саксайбай чачынды эркектердин чачындай кылсан жарашмак. тиштери ХХХ эч бир нерсе жарашпайт
+2
admin_superstan
2016-12-08 12:36:21
batma5, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган.
-1
Izdeim_seni.
2016-12-08 15:04:17
Кайраттын стилистм барбы???эгер болсо 2деген баа бердим.
+2
Saribulak
2016-12-08 16:32:13
Жаман катындарчасынан айтыпагыла
-1
meni_kut
2016-12-08 21:49:19
Темага карата жазсанар таеке-тага деп ызылдап бала бакча болбой,Кайрат сени мн сыймыктанабыз,бирок стилист мн иштешсен жакшы болмок,чач жасалган мага Адольфту элестетти..
0
zhykyo
2016-12-08 23:00:46
Кичинекей баланын тили оло узун экен суроттогу ырчы болот окшойт деп салда
-1
kubanary12
2016-12-09 01:20:35
Кайрат сенин ырларын жакшы бирок клиптерин ото начар! Качан клипти озгочо тартууга киришесин? Бир клибин бар эмеспи сен деги кандай немесин деген саптары барчы ошол клибинди кайра тартсан деп сунуштайт элем
-1
Mervi
2016-12-09 02:30:54
Жакында создук чыгарат окшойбуз тундук- туштук создугу деген. Мейли анча мынча создор кечирумдуу болсун ХХХ ХХХ ХХХ
0
Bibi2009
2016-12-09 09:16:14
Mervi,меням, гош,битта бул создорду суйлосо эле намыс жоголобу? Ойлонуп жаз.
0
admin_superstan
2016-12-12 11:51:50
Bibi2009, Mervi, жеке айтышууларга, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
0
ABDISHkg87
2016-12-11 00:31:29
Эми мен айтып кетейин, Урматтуу Кыргыз калкым!Тайлары деген соз жок адабияттык тилде!Балким кее бир аймактарда (областа)диалект тилинде тайлары деп айтылар?!бирок бул туура эмес!туура эмести туура эмес деп моюнга алганды уйронушубуз керек.Тайакеси деп тундук тарапта айтат,Тагасы Деп туштук тарапта айтат! Тага бул АГА деген создон алынган,Ал Эми Тайакеси бул АКЕСИ деген соз.Ага деген соз Кыргыздын тупку нукура созу.Байке деген Казахтардын 19 кылымда колдонуп келген бизче Ага дегенди билдирет Жана
0
gordaya
2016-12-12 10:24:21
ABDISHkg87, тайлары деген соз бар
0
Azizbek.kg8
2016-12-11 04:03:31
Молодец Кайрат
0
Bek_abad
2016-12-12 13:48:31
Эмнеге виза бербей коюшкан берсе Жакшы болот эле
0
fanatka19
2016-12-13 02:34:38
Кайрат азаматсың талантыңа таң бердим.бирок өзүңдү колго ала жүр,голосто чалкаңан түшүп жатып калганың уят эле,2 баланын атасы болупсуң токтороок болсоң.анан дагы Россиядагы мекендештер мага добуш бергиле деп жазып коюпсуң,добуш берүүңүздөрдү суранам деп койсоң эч нерсе болбойсуң андан.албетте өлкөнүн намысы үчүн сени колдойбуз дечи.
+1
jumka0505
2016-12-17 14:12:15
Кайратка оз добушумду берип аявай кыжаалат болуп турсам сразу 85% которулуп суйунтту. Финалга отту . Оз жердешим учун патриоттук сезим менен ырдаган ыры деле орусча , трогательная песня болдуго. Беркилердин англисче ырдаганы жакпады. 09-Алга.
0
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан