SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
24-ноябрь:
ЭЛ ТАШЫГАН АЙДООЧУЛАР СЫНАКТАН КУЛАП КАЛЫШТЫБишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын 18 айдоочусу сынак тапшырып, бири да өткөн жок. Талапка ылайык, айдоочулар мындай сынактан 3 жолу өтпөй калышса, маршруттук каттамды тейлеген фирмага айдоочуну иштен бошотуу боюнча кат жолдонот.
Күнүнө миңдеген жүргүнчүнү ташыган айдоочулардын мындай абалы ойлондура турган көрүнүш. Борбор шаарда кичи автобустар катышкан автокырсыктар көп болот. Мунун негизги себептеринин бири – жол эрежесин билбеген, билсе да эрежелерди көзгө илбеген жогорудагыдай айдоочулар десе болот. Расмий маалыматтарга таянсак, Бишкек шаарында күнүнө 2700 кичи автобус каттамга чыгат. 2700 айдоочунун баарын сынактан өткөрсө, канчасы "жыгылары" кызык. Бишкек мэриясы маршруттук каттамдардын ишине нааразычылыктар боюнча кайрылышат деп "185" кыска номурун ишке киргизген, бирок эл ташыган транспорттордун абалы жакшырып кеткен жок. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын билдиришинче, бул кызмат жаңы ачылганда күнүнө 50-60 арыз түшсө, азыркы учурда 4-5 гана арыз түшүүдө. Бул коомдук унааларда кемчиликтер жоюлду дегендик эмес, балким, арыздан жыйынтык чыкпагандыктын белгиси. Башкармалык бул тармакта 5-6 гана адис иштээрин, алар шаардагы коомдук унаанын баарын текшерип чыгууга жетишпей турганын да ырастаган.
Кыргыз мамлекетинде айдоочулук күбөлүк берүү тармагы коррупциялашып кеткен. Автомектептин босогосун бир күн да аттабагандар айдоочулук күбөлүккө ээ болуп жатышат. Жол кырсыктары, адам өмүрү кыйылган фактылар азайган жок. Автокырсыктан каза тапкандардын саны боюнча Кыргыз Республикасы дүйнөдө алдыңкы орундарда келе жатат. Адистердин айтымында, Кыргыз жеринде күнүнө 3 адам жол кырсыгынан каза табат. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөдө 4162 жол кырсыгы катталып, 678 адам каза тапса, 6395 адам жаракат алган. Бишкекте коомдук унаада жүрүүнү акысыз кылууну, шаарды жаңы автобустарга толтурууну убадалап шаардык кеңешке талапкер болуп жаткандар эң оболу айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү ойлонушса...
25-ноябрь:
ТУРИСТТЕРГЕ ТУУРА МЫЙЗАМ КЕРЕК
Кыргыз Республикасынын чек арасын аттаган чет элдиктерди 5 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттендире турган мыйзамдын чийки бойдон кабыл алынгандыгы көрүнүүдө. "Тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамды өкмөт демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын октябрында кабыл алынган жана 4-ноябрда күчүнө кирген. Ага ылайык, Кыргыз мамлекетине келген чет өлкөлүк жарандар (орусиялыктардан тышкары) 5 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө каттоого турушу керек. Бул талапты аткарбаган чет элдик жарандар административдик жоопкерчиликке тартылып, 10 миң сом айып пул төлөмөкчү.
Мыйзам күчүнө киргенден кийинки абал кандай? Сырттан келген жарандарды убактылуу каттоого тургузуучу мекемелердин англис же башка чет тилин билбеген кызматкерлери туристтерге кошумча түйшүк жаратып жатканы бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтылды. Мыйзамдын иштешине тийиштүү документтер да даярдала элек болуп чыгууда. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев тармакта түзүлгөн кырдаалды минтип түшүндүрдү: "Мыйзам алдындагы актылар кабыл алына электе жарандарды каттоого турууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирип калды. Мындан улам туристтердин шаштысы кетип калды. Биз атайын токтом долбоорун даярдадык, аны менен жарандардын каттоого туруу мөөнөтү узартылат".
Кыргыз Республикасы өзүнө турист тарта албай убара болуп жаткан маалда мындай мыйзамдар саякатчыларды тескерисинче, азайтышы мүмкүн.
Мыйзамды кабыл алуунун максаты демилгечилер тарабынан "терроризмдин алдын алуу" деп түшүндүрүлгөн, бирок фактылар көрсөтүлгөн эмес. Экономикасы алсыз, элинин кайсы бир бөлүгү туристтердин эсебинен жан баккан өлкө саякатчыларды качырып албашы керек. Туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында Көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жатат. Быйыл, мисалы, II Көчмөндөр оюндарына 30 миллион доллар жумшалды. Ошондой эле бул тармакты өнүктүрүүгө 2013-жылы 45 мамлекет менен визасыз режим түзгөн. Эгер 2012-жылы өлкөгө 2 миллионго жакын турист келип, 212 миллион доллар калтырып кетсе, визасыз режим киргизилгенден кийин 3 миллион 65 миң турист Кыргыз жергесинде эс алып, өлкө 560,5 миллион доллар киреше тапкан. Саякатчылардын саны акырындап өсүп баратканда минтип 5 күндө каттоого туруу милдеттендирилип жатат. Өлкө коопсуздукту бекемдөөгө да, туристтерди тейлеп акчасын алып калууга да муктаж...
28-ноябрь:
КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫН АЛКОМАГНАТ БАШКАРАТ2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсү бир да медалга ээ болгон жок. Ошол эле маалда коңшу Казакстан 17, Өзбекстан 13, Тажикстан 1 медаль алууга жетишти. Оюндардан кийин спортчуларга, машыктыруучуларга жана Улуттук олимпиадалык комитеттин жетекчилигине да бир катар жүйөлүү сындар айтылган. Бирок ал сындардан жыйынтык чыгабы?
25-ноябрда Шаршенбек Абдыкеримов кайрадан Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөлөрүнүн саны 45. Алар олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча федерациялардын президенттери, спорт уюмдарынын башчылары жана чыгаан спортчулар. Сындардан, бир да медалсыз жыйынтыктан эч кандай сабак алынбаганы Шаршенбек Абдыкеримовдун кайра шайланганына алып келди. Эскерте кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов – өлкөдөгү алкоголдук ичимдиктерди өндүрүп саткан ири компаниянын негиздөөчүсү. Буга катар ал эң абройлуу делген дүйнөлүк спорттук мелдешке биздин өлкөнү баштап барчу адам болуп шайланды. Спорт жана алкоголдук ичимдиктер келишпес эки жээк экенин эске алсак, кызык жагдай жаралат. Дегеле жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчини кайра шайлап алуу канчалык жөндүү эле? Ушул эле жетекчилик менен эми Токио Олимпиадасынан жыйынтык чыгара алышабы?..
29-ноябрь:
МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРДЫН АСМАНЫН КАРА БУЛУТ КАПТАДЫОрусияда иштеген кыргыздардын абалы кыйындашы мүмкүн. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Кыргыз Республикасынан барган мигранттар Москва бийлигине баш оору жаратып жатканын, аларга чара көрүлөрүн айтты. Мэрдин билдиришинче, Кыргыз мамлекетинен баргандардын көбү эмгек келишимин түзбөй, демек, салык төлөбөй иштеп жатыптыр. Москванын "кожоюну" шаарды мыйзамсыз жүргөндөрдөн тазалоо операциясы башталарын кыйытты.
Собяниндин билдирүүсү Орусиядагы мекендештердин абалы кыйындашы мүмкүн экенинен кабар берет. Жашыруун эмес, Орусия бийлиги маал-маалы менен Москва баш болгон шаарларын келгиндерден тазалап турат. Документтик мүчүлүштүк, миграциялык талаптарды бузуу өңдүү шылтоолор менен миңдеген мигрант кармалып, убактылуу камакка алынып, айып пул төлөтүү, опузалоо, пара талап кылуу өңдүү түрдүү кыйынчылыктарга туш болушат. Булардан аман калбагандары мекенине айдалат. Бул жолу да далай мигрант "мыйзамдаштыруу" аракетинин курмандыгы болушу мүмкүн. Москваны тазалоо аракетине мыйзамсыз жүргөнү да, эч кандай эреже бузбай жүргөнү да илинип калышы мүмкүн. Орусиядагы кыргыз элчилиги мигранттардын мыйзамсыз жүрүүсүнүн күчөшүнө иш берүүчүлөрдүн да күнөөсү бар деди. Айрым иш берүүчүлөр мамлекетке салык төлөөдөн качып, мигранттар менен көмүскө иштешүүгө ыкташат.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши айрыкча Орусиядагы кыргыздардын үмүтүн жандырган. Өзбекстандык жана тажикстандыктардан айырмаланып, Кыргыз Республикасынын жарандарына жеңилдиктер берилери, бир катар миграциялык тоскоолдуктар жоюла турганы кыргыз өкмөтү тарабынан убада кылынган.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда Кыргыз Республикасынын 1 миллионго жакын жараны эмгектенет. Алар соңку мезгилде өлкөгө жылына
1-1,5 миллиард доллардын тегерегинде акча которууда. Үй-бүлө багуу түйшүгү менен жүрүп жылына жүздөгөн мекендешибиз чет жерде каза табууда. Мамлекеттик миграция кызматына таянсак, 2016-жылдын 7 айында эле чет өлкөдө иштеген 450 Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү алынып келинди. Бул сандар мигранттарга шарт түзүү, алардын коопсуздугун камсыздоо иши көпчүлүк күткөндөй болбой жатканынын белгиси...
30-ноябрь:
ТАШИЕВ МЕНЕН КЕЛДИБЕКОВ МАДУМАРОВДУ ПРЕЗИДЕНТТИК ЖАРЫШКА ТАПТАЙБЫ?Сясат талаасында Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков бирикти. Бул кадамын алар "2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого карата" деп түшүндүрүп, 1 жылдан кийин боло турган жарышка үчөөнүн бирөөсү аттанарын ачыкташты. "Ата Журттун" 2 лидеринин коштоосунда келип, биринчи сөз алганына караганда, талапкер катары Мадумаров чыгат. Президенттик жарышка чыгарын ал буга чейин жарыя да кылган. Бүгүнкү маалымат жыйында үчөө элди ээрчитип кетчү, жок дегенде көңүлүн бура турган жаңычылдык сунуштай алышпады. Биригүүнүн максатын "Кыргыз Республикасынын жаркын келечеги үчүн" деген көнүмүш ураан менен түшүндүрүп, азыркы бийликтин кемчиликтерин айтууга көбүрөөк убакыт арнашты.
Бул саясатчылар 2012-жылы аймактарда өлкөнү президенттик башкарууга өткөрүү өңдүү талаптар менен митингдерди уюштурушкан. Ал кездеги тилектештик буларды бирдиктүү күчкө айланта алган жок. 2011-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып келген Мадумаров 2013-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалып, 1 жылдай үн катпады. Негизи, Мадумаровдун башка саясатчылар менен биригиши кыйын. 2012-жылы интервьюларынын биринде ал "Ташиев менен бириктик" деп билдирүү жасаган, бирок эки саясатчы бириккенинен жыйынтык чыгара алышпаган. 2014-жылы парламенттик шайлоого карата "Бүтүн Кыргызстан" менен "Бир бол" биригүү аракетин баштап, шайлоого аз калганда бул аракет токтоду. Ташиев өлкөнү өнүктүрүүдө Өмүрбек Бабановдун идеялары ынандырганын айтып "Республика" партиясы менен тандем түзсө, Мадумаров олигарх Аскар Салымбековдун партиясы менен жарышка катышты. Айрым оппоненттери "Бүтүн Кыргызстандын" лидери айткан сөзүнөн кайтып, баары бир бай киши менен бириккенин сындашкан. Анткени Мадумаров үгүт кампаниясы учурунда: "Камчыбек Ташиев менен эмнеге, кайсы максатты алдыга коюп биригишим керек? Менин "заправкаларым" жок. Курсагы ач бала курсагы ток бала менен ойнобойт",- деген. Бүгүн Ташиев менен биригүүгө максат табылды. Башкы кызыкчылык – президенттик шайлоо.